Бала чакта көпчүлүгүбүз «эшек» деген оюнду ойноп калсак керек. Бул оюнда 5-6 адам чиркешип эңкейип турушат, ал эми дагы ошончо адам кезек менен жүгүрүп келип алардын үстүнө секирип минишет эмеспи. Ошол сыяктуу оюндарды спорт түрүнө айлантып алгандар да бар. Мындай өзгөчө спорттук мелдештердин бир нечесин тартууламакчыбыз.
БАТКАКТАГЫ ФУТБОЛ
Оюндун шарты кадимки футболго эле окшош, бирок оюн баткакта өтөт жана 13 мүнөттүк 2 таймдан турат. Ошондой эле оюнчу оюн учурунда бут кийимин алмаштыра албайт. Баткактагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Көзгө дүрбү тагып алып ойногон футбол мелдеши да бар. Элестете бериңиз, дүрбү тагынганда алыста турган топ бут алдыңыздан көрүнүп турганын.
ШАХБОКС
Шахматчылар мушташа албайт десе, ишенбеңиз. Шахмат менен бокс бириктирилген бул оюнда атаандаштар алгач шахмат боюнча 1 партия, андан соң бокс боюнча 1 раунд күч сынашышат. Ушинтип кезек-кезеги менен 12 раунд кайталанат.
АДАМ ЖЫЛКЫГА КАРШЫ
1980-жылдан бери Англияда адамдар менен жылкылар катышкан марафон өтүп келет. Мелдеште адамдарга 20 мүнөт фора берилгенине карабастан, 29 жыл бою жылкыны адам жеңе алган эмес. 2004, 2007-жылдары эки жолу гана Кю Лоб жана Флориан Хольцингер аттуу адамдар жеңишке жетишишкен.
АЯЛЫН КӨТӨРҮП ЖАРЫШУУ
Финляндияда өтө популярдуу болгон бул оюнда эркектер аялдарын көтөрүп алышып тоскоолдук тилкесинен өтүүлөрү керек. Анан да аялдын буту күйөөсүнүн далысына өйдө, башы ылдый асылып турушу шарт. Баш байге – жеңүүчүнүн салмагы менен бирдей өлчөмдө сыра.
СУУ АСТЫНДАГЫ ХОККЕЙ
Суу толтурулган бассейнде өтүүчү бул оюнга кызыккандар тез эле табылып, 2004-жылдан бери Дүйнө чемпиондугу өткөрүлүп келет. Мындан башка да суу астындагы бокс, каратэ, боулинг, теннис жана башка спорт түрлөрү бар.
ЭКСТРЕМАЛДУУ ҮТҮКТӨӨ
Мында катышуучу үтүк жана тактай алып, кандайдыр бир буюмду өзгөчө бир жерде үтүктөшү керек. Ар ким фантазиясына жараша үтүктөөнү көрсөтөт. Мисалы, кээси парашюттан түшүп келе жатып үтүктөсө, кээ бири Эвересттин чокусуна чыгып үтүктөшөт
АШКАБАК РЕГАТАСЫ
Автожарыш же яхталар жарышынан жадагандар үчүн жыл сайын күзүндө Германияда Ашкабак фестивалы учурунда ашкабак регатасы өткөрүлөт. Мында катышуучулар чоң ашкабактан жасалган кайык менен жарышышат.
ГАЗОН ОРГУЧ МАШИНАЛАРДАН КАРТИНГ
1973-жылы Англияда газон оргуч машиналар менен жарышуучулардын ассоциациясы түзүлгөн. Ошондон бери бул уюм газон оргуч машина менен жарышуунун Дүйнө чемпиондугун жана Улуу Британиянын Гран-присин өткөрүп келет.
КҮЙҮП ЖАТКАН ЧЕЛЕКТИ ТАШУУ
Англиянын кээ бир шаарларында XVII кылымдан бери 5-ноябрда салтка айланып калган мелдеш өтүп келет. Мелдеште бир нече оюнчу эстафета кылып чайыр сиңирилген күйүп жаткан челектерди көтөрүп алып белгилүү маршрутта жарышышат. Оюндун негизги эрежеси: күйүп жаткан челекти жерге тоголотпой, далыга көтөрүп алып жүрүү керек.
«АРГЫМАК» ДЕЛЬФИНДЕР
Спорттун бул түрү АКШнын океанариумдары бар штаттарында популярдуу. «Чабандестин» салмагы 50 килограммдан кем болбошу керек. Негизинен «дельфин-жокейлер» океанариумдардын кызматкерлеринен турат.
Мындан башка да көптөгөн өзгөчө спорт түрлөрү бар. Мисалы, сазда сүзүү, шиш така кийип жарышуу, чиркей өлтүрүү, телефон ыргытуу, рогатка атышуу, үлүл жарыштыруу, жаздык менен чабышуу, тоурестлинг (бут бармактарын күрөштүрүү) сыяктуу спорт түрлөрү боюнча дүйнөлүк мелдештер өтүп турат.
Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg