АКШнын Нью-Мексико шаарынын тургуну Рид Хэррис сүйлөшкөн кызы Кейтлин Уипплге үйлөнүү тууралуу сунушту өзгөчө кылгысы келген. Ал сүйүктүүсүн кафеге чакырып, сюрприз-шакекти Кейтлиндин ичип жаткан коктейлине салып коёт. Сүйүктүүсү коктейль менен кошо шакекти жутуп алат да, ооруканага түшөт. «Романтик» жигити ооруканадан рентген кагазынан шакекти кызга көрсөтүп, ошол жерден колун сураган. Кыз жигитинин жосунсуз жоругуна көз жумуп, макулдугун берген. Ал эми биздин белгилүүлөрдүн үйлөнүү алдында кандай кызыктарга күбө болгондугун билгибиз келди.
Жакут Сыдыков, куудул:«КЕЛИНЧЕГИМ – КОЖОЙКЕМ БОЛЧУ»
– 2002-жыл болчу. Ал кезде батирде жашачумун. Келинчегим Аида кожоюндун улуу кызы, мындайча айтканда, мага кожойке эле. Анан «тигинткиле, минткиле» деп келип жүргөндө көрүп, жактырып калган болчумун. Бир күнү экөөбүз уруша кеттик. Мен жиним келип анын батиринен чыгып кеткем. Ал болсо мени 3 күн издептир. 3 күндөн соң экөөбүз ЦУМдун жанындагы жер төлөдөн кокусунан жолугуп калдык. Анан ортодогу таарынычтар жазылып, ошондо эле «давай эртең үйлөнөбүз» деп сунуш айттым. Ал макул болуп, кийинки күнү эле ала качып кеттим. Анда да эжемдин үйүнө алып баргам. Эжем кайнатамдардын үйүнө жакын жашачу. Кайнатамдар уктап жатышса, берки көчөсүндө биз музыканы жаңыртып коюп алып үйлөнгөнбүз.
Бегимай Карабаева, ырчы:«УЗАТЫП КОЙМОКЧУ БОЛУП АЛА КАЧЫП КЕТКЕН»
– Жолдошум Кубаныч менен 9-классымда дос катары сүйлөшчүмүн. Кийин 6 жыл көрүшкөн жокпуз. 2010-жылы Ош шаарына барып, экөөбүз жолугуп калып, кафелердин бирине бардык. Менин жанымда курбу кызым, анын жанында досу бар болчу. Кафеде отурганда эле Кубаныч «мен сага үйлөнөм, досторум күбө болот» дей баштады. Мен болсо ишенген жокмун. «Эркектер ар кайсы кызга ушинтип айта бересиңер да» деп койдум. Ошол күнү Бишкекке келмекмин. Кафеден чыккан соң ал «узатып коём» деп машинасына салып, ошол боюнча эле ала качып кеткен.
Айнура Кыдыралиева, бийчи:«ЖОЛДОШУМ КӨЛ ҮСТҮНДӨ, КАЙЫКТАН КОЛУМДУ СУРАГАН»
– Жолдошум экөөбүз үйлөнгөнгө чейин 7 жыл тааныш болуп жүрдүк. Бир күнү анын туулган күнүнө Бостериге барганбыз. Бир маалда Руслан мени өзүнчө эшикке алып чыгып, көл жээкке алып барды. Көл үстүндө эч ким жок, 1 эле кайык бар болчу. Көрсө, ал кайыкты атайын мен үчүн жалдап, ичине стол жасап, ар кайсы жерине «Руслан + Айнура» деп жазып коюптур. Ошол жерден үйлөнүү тууралуу сунуш айтты. Чынын айтсам, күткөн эмесмин. Бирок аны көптөн бери тааныгандыктан, жакшы адам экенин билчүмүн да, ошондуктан сунушун дароо эле кабыл алдым.
Эмил Балтагулов, ырчы:«КАЙНАТАМА КАТ ЖАЗГАМ»
– Келинчегим Гүлгүнай 1-курста окучу. Мен алардын куратору болуп иштейм. Аны тышынан көрүп жактырып, бир күнү кафеге курбусу экөөнү чакырдым. Ошентип, тааныштык. 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. «Мага тий»деп айта албасам да, жакшы көрөрүмдү кыймыл-аракеттерим, мамилем аркылуу билдирип жүрдүм. Анын ата-энеси биздин сүйлөшөрүбүздү билишчү, бирок «5-курсту бүткөн соң гана аласың» дешкен. Гүлгүнай 1-курсту аяктап, жайкы каникулга чыгып баратканда жолугуп, «3 ай бири-бирибизди сагынабыз го, кел, үйлөнүп алалы» дедим. Анан бир кагазга кайнатамдарга: «Ата, апа! Мен кызыңарды алып кеттим, жакшылыктын эрте эле болгону жакшы. Эртең ачуу басарга бирөөлөр барат»,- деп жазып, автобустун айдоочусунан берип жибердик. Ошентип, кайнатама берген убадамды унутуп, келинчегимди ошол күнү үйгө алып келип алгам.
Жеңишбек Айтиев, куудул:«КЕЛИНЧЕГИМДИ МАРШРУТКА МЕНЕН ЭЛЕ АЛЫП КЕТКЕМ»
– Келинчегим менен таанышканыма 10 күн болгон. Орус мүнөз болгондуктан, бетке айтканды жактырам. Экөөбүз көчөдө кетип баратканда эч кандай романтикасы жок эле «мага тий» деп айттым. Келинчегим макулдугун берди. Анан аны эч кандай досторум жок эле өзүм маршруттук таксиге салып, үйгө алып келгем. Ошентип үйлөнүп калганбыз.
Айпери Сыдыкова, ырчы:«ЖОЛДОШУМ БИР КӨРҮП ЭЛЕ АЛАМ ДЕГЕН»
– Мирзамир экөөбүз агенттен таанышып, 2 айдай сүйлөшүп жүрдүк. Телефон номеримди сураганынан бербей жүрчүмүн. Ошентип агенттен эле ага көнүп, жактырып калгам. Акыры 2010-жылы февраль айында Оштон жолуктук. Досторубуз менен чогуу Сулайман-Тоого чыкканбыз. Аңгыча досторубуздан 3-4 кадам бери чыгып, «мага тий» десе, мен «биринчи эле жолукканда «алам» деп жиндисиңби?» деп күлүп жибердим. Анан мен да тамашалап, «макул, мен 10.10.10 датасында турмушка чыккым келчү» деп койдум. Ал болсо ата-энесине айтып, тойго даярданып алыптыр. Качан мени алар менен тааныштырганы алып барганда гана чын айтканына ишендим. Ал эми мен айткан 10.10.10 датасында кафе бошобой калып, 09.10.10 датасында баш коштук.
Асхат Субанбеков
star@super.kg