Алмазбек Атамбаев 16-декабрь күнү мамлекеттик резиденцияда 2013-жылдын жыйынтыгы жана президенттигинин эки жылдыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Ал сөзүн «бүгүн президент болуп иштеп жатканыма эки жыл эки ай жана эки күн болду» деп баштады. Эки жарым сааттай созулган жыйында мамлекет башчы журналисттердин 60тай соболуна жооп узатты. «Суроо-жооп» форматында өткөн иш-чаранын урунттуу учурларына токтолдук.
– Өлкөдөгү, айрыкча Саруу айылындагы кырдаал «Кыргызстанда тартип болбойт» деген негизди жаратууда. Укук коргоо органдары качан бизди коргоп баштайт?
– Саруудагы кырдаалга ким таасир кылып жатканын билесиздер. Биздин жаңы акыйкатчынын башкы иши Саруу менен Ахматбек Келдибековду коргоо деп түшүнүп жатам. Бизди ал жакта кандайдыр бир күч көрсөтүү менен тазалоо иштерин жүргүзөт деп күтүшпөсүн. Ал жакта тартип орнойт, эгерде өлкөдө тартип жок деп ойлогондор болсо, бардык адамдар жоопкерчиликке тартыларын түшүнүп турушат дегим келет.
– Бишкектин мэри кандай адам болуш керек?
– Мэр шаар үчүн күйүшү зарыл. Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз, аны керек болсо «малышка Би» деп аташат. Борборубуз эң мыкты мамилеге татыктуу. Бир гана мэр тарабынан эмес, өкмөт жактан дагы. Бишкекке күкүмдөр гана калып, башка шаарлардын акчага көмүлүп жатканы туура эмес. Ал жакта акчаны эмнеге жумшашарын билишпей, эстелик куруп башташты. Бишкек шаарынын башчылыгына ким келбесин, мен ага жардам берем.
– ЖКнын айрым депутаттары премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен вице-премьер Тайырбек Сарпашевге байланыштуу финансылык мыйзам бузуу фактылары бар экенин айтышууда. Эгер күнөөлөрү далилденсе, коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында аларга колуңуз жетеби?
– Айтылып жаткан далилдер чын болуп чыкса, албетте, жоопкерчиликке ар бири тартылат. Муну Жантөрө Жолдошевич да билет, ага «мындайга даяр болгула» деп айткам.
Мен президент болуп турганда президент же анын үй-бүлөсү уурдаган көрүнүш болбойт.
– Коррупция менен күрөш тандалма жүрүүдө деп жатышат. Оппозиция муну саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Ушуга карата кандай пикирдесиз?
– «Бир партиядан көп камалып жатат, бир партиядан аз камалып жатат» деп айтышууда. КСДПнын тизмесин өзүм карагам, ал убакта партиянын төрагасы мен болгом. Албетте, мен жакшыраак карагам да. Тосмолордон ашып түшкөндөр болбосун деп. Ошондо да Мамат Орозбаевди (ред. Жогорку Кеңештин депутаты) өткөзүп жибериптирмин. Тизмени түзөрдө партия лидерлери акча бергендин баарын ала бербей, жакшылап караса, алардан да жоопко тартылгандары аз болмок.
«Эмне үчүн прокуратура Ахматбек Келдибековду камап салды, ал эми Иса Өмүркулов сейил бактан бир канча гектар жерди берип коюптур, аны камаган жок, дагы деле текшерип жатат» дешүүдө. Апрель окуясын эстесек, бир эле гектар эмес, сейил бактын зонасы бүтүндөй басылып алынган болчу. Басып алгандар пайдубалдын ташына чейин ташып келип алышкан. Ошонун баарын шаардык милиция жетекчиси болуп турган Туратбек Мадылбеков эмес, Иса Өмүркулов айдап чыккан. Эгерде КСДПдан бирөө кармалса, жоопкерчиликке тартылсын, камалсын. Бирок «бул партиядан камалып, тиги партиядан камалбай жатат» дегенди ойлонуп көрүш керек да. Бир партияда мурунку уурулар, бакиевчилер, бир партияда жыйырма жыл оппозицияда жүргөндөр...
Мен таяна ала турган жалгыз партия – КСДП. Анан да КСДПны бийликтин партиясы дебей, ачык эле президенттик партия деп атагыла. Эгерде парламентте анын 25 эмес, 60 орду болгондо, кырдаал таптакыр башкача болмок жана тартип мындан да эртерээк, тезирээк орнотулмак.
– Жакында эле Бажы биримдиги тарабынан кабыл алынган жол картасы Кыргызстан менен макулдашылбагандыгы белгилүү болду. Мунун айынан толкундоолор болушу мүмкүн деген чочулоолор жокпу?
– Басынтуу менен Кыргызстанга зыян келтирүү болот дегенди элестете албайм, мындай иш бирөөнүн да колунан келбейт. Бажы союзуна биздин талаптар аткарылган, улуттук кызыкчылыктарыбыз корголгон шартта гана киребиз.
– «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр эмне менен бүтөт?
– Парламент популизмден алыс болуп, жакшылап ойлонсо, бир чечимге келе алат. Башкаруудагы үлүштөрүбүз 50х50 болгон шартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, финансы боюнча кыргыз тараптын үлүшү 70 пайызга таяп калат. 67 пайыз болуш керек деген токтомдун демилгечилери кызуулукка алдыртып койгонун түшүнүп жатышат. Макулдашуудан бир тараптуу чыгып кетүү аркылуу соттук териштирүүлөрдү баштоо – биздин үлүштөрүбүз мурункудай 33 пайыз менен калуу дегендик. Эгерде улутташтыруу жолу менен кетсек, юристтер билишет, «доону камсыздап берүү эсеби» деген түшүнүк бар. «Кумтөрдүн» бүт кирешеси арестке алынып, балким, миллиондорду чапчый турган доону биз 10 жылдан кийин гана төлөп бүтүшүбүз мүмкүн. Ошондуктан фракция лидерлери менен жолугушууларды улантам.
– Ахматбек Келдибековдун тарапташтары согушка даярбыз дешип, керек болсо бөлүнөбүз деп чыгышты. Өлкөнү экиге бөлөм дегендердин артында кандай күчтөр турат?
– Мындай үгүтчүлөр кезинде адамдарды ээрчитип чыга алышчу. Азыр мындай чакырыктар менен алар тарапкерлерин таппай калышты, эл акча үчүн чыкпай калды. Карапайым калктын азыркы максаты – Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоо. Эпосто да «урууну эмес, улутту ойло» деп айтылат.
– Өкмөттүн ишине азыр көп сындар бар. Сиз анын ишине кандай баа бересиз?
– Өкмөттүн үч партиядан турган коалициялык экенин унутпоо керек. Президенттик өлкөдө жашаганыбызда, министр катары башка адамдарды көргүм келмек. Баары бир азыркы министрлер кабинетин жакшы иштеп жатат деп эсептейм.
– Буга чейин ар кандай иштер үчүн кредиттер алынып, бирок анын жыйынтыгы болбой, акчанын дайыны жок кеткен учурлар өткөн. Бүгүн ал карыздарды төлөө бюджеттин кайсы бир бөлүгүн түзөт. Сиздин тушуңузда Кытайдын кредиттери менен Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо, Түндүк-түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорлору ишке ашканы турат. Ушул акчанын натыйжалуу жана өз дарегине колдонулушуна кандай аракеттер көрүлөт? (ред. суроо «Супер-Инфо» гезити тарабынан берилди)
– Бир топ кредиттер алынган, азыр да алынууда. «Кредит албаш керек» деген сөздөрдү да угуп жатам. Айрыкча мурунку кредиттерди алсак, алардын изи калган эмес. Мисалы, Австралиядан кезинде 16 миллион долларга кочкорлор алынып келинген. Бүгүн кочкорлор жок, бирок карыз калган.
Азыр биз алып жаткан, Түндүк-түштүк жолу калат да. Ачылышына үлгүрбөй калсам да, жакынкы төрт жылдын ичинде анын бир топ жери бүтүп калат. Ошол Бишкектеги Жылуулук борбору боюнча бир топ ушак жана кыйкырыктар орун алды. Өзүм элчилик аркылуу Кытай өкмөтүнүн катын алдым. Анда «ушул фирмага кепилдик беребиз, ишти жакшы жасап берет» деп жазылган. Анын үстүнө биз алып жаткан кредиттердин мөөнөтү узак, 30, 40 жылдык. Үстөк пайызы да арзан.
Азыр алган насыялардын изи калат: жол, ГЭС, Жылуулук электр борбору. Эки жыл иштеген убакытта 600 миллион долларга жакын кредит кечилди.
Кээ бир мамлекеттер, ошол эле Украина жетиштүү кредит ала албай жатат. Жакында эле биз Европа союзунан 30 миллион долларды албай койдук. «Кереги жок» дедик. Кудайга шүгүр, Кыргызстанга ишеним бар, арзан кредит берилип жатат. Бирок алганда да, сиз айткандай, ойлонушубуз кажет, ал накта керектүү, күйүп жаткан ишке жумшалышы керек.
Мамлекет башчы өлкөгө акыркы эки жылдын ичинде алынып келинген инвестициянын көлөмүн
5 миллиард доллар деп атады. Алар: Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын тургузуу боюнча иштер, альтернативдүү Түндүк-түштүк жолун куруу, Кытайга Кыргызстан аркылуу газ куурун төшөө, Бишкектеги Жылуулук борборун реконструкциялоо, «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиясын орнотуу, армияны кайрадан куралдандыруу жана «Газпром» ААКсынын инвестициясы.
Эльвира Караева
politika@super.kg