Тележылдыз менен болгон баарлашуу ар дайым жадыраган жаздын маанайын калтырат. Дайыма позитивдүү, шайыр, эмоционалдуу жүргөн алып баруучу Нурзат Токтосунова быйыл «Супер-Инфо» гезити тарабынан «Заманыбыздын супер алып баруучусу» наамына арзыды.
– Нурзат, Супер концерттин алып баруучулук милдети көп жылдан бери колуңузда. Бул жылкы концерт сизге кандай сезимдерди калтырды?
– Быйыл концерт өзгөчө жылуулугу менен эсте калды. Жылда Спорт Ордосунда жука көйнөгүм менен тоңуп калчу элем, быйыл филармонияда андай болгон жок. Өнөктөштөрүм Бакыт Байсариев, Нурсултан Майназаров үчөөбүз Аваз Акимовдун ырына жыргап бийледик, Бактияр Токторов менен чогуу ырдадык, бул да сахнадагы эркиндик болсо керек. Ал эми жеке мен үчүн эмоцияларга толгон күн болду. Чынында, «Заманыбыздын супер алып баруучусу» деген наамды аларымды күткөн эмесмин. Сындап, кемчилигин айтып, артынан сүйлөсө, ушактаса адам курчуйт эмеспи. Ал эми эмгегиңди баалап койсо, ыйлагың келип кетет экен. Мен да эмоциямды жашыра алган жокмун, менимче, жашыруунун деле кереги жок эле.
«Супер-Инфо» эне катары мамиле кылып, бул сыйлыкты, кыштын күнү эс алып келүү үчүн экзотикалык өлкөгө жолдомону ыйгарганы мени бошотуп, жашытып жиберди. Аталган сыйлык менин гана эмес, жанымда чогуу жүрүп, ыйласам кошо ыйлап, жыргасам кошо жыргап жүргөн адамдардыкы. Алар мага «сиз бактылуу болсоңуз болот эле» деп калышат, көрсө, мени бактылуу кылыш оңой эле турбайбы, жолдомо эле берип коюш керек экен (күлүп)...
– Өзүңүз да «буга чейин эч ким бербеген сыйлыкты «Супер-Инфо» берди» деп айтып калдыңыз...
– Албетте, татыктуу болсоң берет, мен деле «мага бербедиңер» деп таарынбайм. Мисалы, мен КТРКда 2006-жылдан бери иштейм, КТРКнын Ардак грамотасын ала электе силердин сыйлыгыңарды алып жатам, бул сыйлык баарын басып өтүп кетти да (күлүп).
– Жакындарыңызга кантип сүйүнчүлөдүңүз?
– Аларга чалам деп унутуп калыптырмын, эки күндөн кийин чалсам атам «мени да ала кет» дейт. Аябай күлкүм келди. Негизи, ата-энемди Кытайга жибериш керек. Мен кытайлык кыргызмын да. Ии, муну эч ким билбейт эле (күлүп). Чоң аталарым Үркүндө Кытайга качышып, ата-энем Кытайда төрөлүшкөн. 1958-жылы Кыргызстанга кайтып келишиптир. Ал жакты азыр да аябай сагынышат. Менин кыялым – Меккенин ордуна аларды Кытайга, туулган жерине жиберүү. Жаз же жай айларында өзүм да алар менен кошо барып келсемби деп жатам.
– Жаш алып баруучуларды тарбиялоочу мектебиңиз бар, ал мектепти кандай максатта ачтыңыз эле?
– Мектеп ачууга концертти чогуу алып барган Нурсултан Майназаров түрткү болгон. Ал «Тамашоудо» ойноп жүргөндө негедир аны алып баруучу кылгым келе берчү. Бир күнү эфирге чакырып, ал жак-бул жагын үйрөтүп, анын өздөштүрүп баратканын көрүп «кой, мен алып баруучулар мектебин ачам» дедим. Телевидениеде иштегениме 7 жыл болуптур, бул жылдарда көңүл сынган да, көзүмдү жашка толтурган нерселер да көп болду. Негизи, ар бир иштин майын чыгара аткарганды жакшы көрөм. Өзүмдүн аз да болсо тажрыйбама, кеп-кеңешиме муктаж болгон жаш алып баруучуларга атайын мектеп ачкам. Мен окутпайм, аларды окутчу мугалимдерим бар. Билесиңби, 1 жылда эле бул эмгегим жемишин бере баштады. Окуучуларымдын алды телеканалдарда иштеп, мени конокко чакыра башташты. Аларды бактылуу кылуу менен мен өз бактымды таап жатам. Мага «сен бизге атаандаштарды чыгарып жатасың» деп айтышты. Жок, эгер окуучуларым менден ашса, тескерисинче, сыймыктанам. Улуу эле бир адам «Нурзат, сен биринчи өзүң үйрөнүп алчы, анан башкаларга үйрөтөсүң» деп айткан эле. Ооба, мен акыркы демим чыкканча окуп өтөм, адам эч качан үйрөнгөндөн тажабаш керек.
– «Башкаларды бактылуу кылуу менен өзүм бактылуу болом» деп калдыңыз, ал эми жеке аялдык бактыңызды таптыңызбы?
– Ооба, бактылуумун. Жалгыз эмесмин...
– Анан качан той?
– Той болбойт го дейм... Корком... Мен ичиме эч нерсени ката албайм. Болгонун болгондой эле айта берген жайым бар. Бирок убакыттын өтүшү менен айтпачу нерсени айтпай эле коюш керектигин түшүндүм.
– Быйыл Аяз атадан эмнени сурайсыз?
– Былтыр силердин гезит аркылуу Аяз атага кат жазып, үй сурадым эле, үйлүү болдум. Эми эгиз балдарды сурайм. Эгиз эркек балалуу болгум келет. Бирок мен Аяз атага эмес, Жаратканга ишенип калдым.
– Учурда «Тамашоудо» тил редакторусуз, телевидениеде, радиодо иштейсиз, алып баруучулар мектебиңиз, үйүңүз, машинаңыз бар... Каалоолоруңуз бүтүп калган жокпу?
– Кээде апама «апа, мен тигиндей кылам, мындай кылам» деп «грандиозный» пландарым менен бөлүшүп калсам, «кедейдин ою быт-чыт» деп өчүрөт да. Ошондо кедей экенимди эстеп кетем (күлүп). Адамдын каалоосу чексиз болот тура, «Президент жана бомж» тасмасында бар го, «2 бөлмөлүү үйүм 3 бөлмөлүү болсо» деген сыяктуу каалоолор бүтпөйт да. Бирок мен азыр материалдык эмес, моралдык, жан дүйнөнүн байлыгын толтурууга аракет кылып жатам. Ал толсо, материалдык байлыктын деле кереги жок болуп калат тура.
– Сүйүүдө туруктуусузбу?
– Аябай туруктуумун. Бирок менин үмүтүмдү актабаган адамды жүрөгүмдөн чыгарып коюуга эрким жетет.
– Кесибиңизден улам берүүлөрдү талашуу, жетекчиликке жагынуу сыяктуу көйгөйлөргө кездешкенсизби?
– Бир жолу мени сыйлаган эже менден интервью алып жатып ушул суроону узаткан эле. Суроосуна жооп бергенимде аябай таң калган. Көрсө, ал мени жеткен «стерва», бой көтөргөн, «интриганка» деп ойлогон экен. «Эмнеге антип ойлодуңуз?» десем, «КТРдин ичи интригага толгон, сен ошолорду жеңип, эфирден түшпөй келе жатпайсыңбы» деп баа берген. Аябай күлдүм. Мекеменин ичинде кандай интригалар болуп жатканы менен ишим жок, өзүмдүн көрсөтүүмө барам, алып барам, кайра кетем, болду. Эч качан штатта иштеген эмесмин, келишим менен эле.
Бир жолу иш сапар менен Түркияга барып калдым. Келсем эч ким мени менен учурашпай калыптыр. «Апей, буларга эмне болгон?» деп таң калып коём. Көрсө, мени бирөө «Түркияда жүргөндө түрк каналы менен сүйлөшүп, өзүнчө көпүрө түзүп келди» деп сөз таратып жибериптир. Бирок убакыт таразалайт экен, жарым жылдан кийин баары мени менен учурашып, ушак тараткан адам менен учурашпай калышты (жыргап күлүп алды).
Кылган жакшылыгың да, жамандыгың да кайрылып келмейинче өлбөйсүң, мен ушуга аябай ишенем. Бирөө сага ор казса, кейибеш керек, кийин бассейн куруп аласың (күлүп).
Лунара Бекиева
star@super.kg