Ар бир кыргызстандык өзүнүн ЫСЫМЫ ЖАЗЫЛГАН унаа номерин ала алат. Бул үчүн 150 миң сом төлөө жетиштүү. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рахатбек Мамаев билдирди.
Тажикстандын Хожъалоо айылына жакын жерде иштетилбей калган электр мамыларын алып кетүүгө аракет кылгандыгы үчүн ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ тарабынан 15-декабрь күнү кармалган эки кыргыз жараны эртеси күнү бошотулду.
Депутат АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУ үй камагына чыгарууну талап кылып ачкачылык жарыялаган аялдардын үчөө ооруканага жатып чыкты.
Быйылкы жылы 18 миң этникалык кыргыз КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫГЫН алышкандыгын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов маалымдады.
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүнө ылайык, республикада 6 миллионго чукул калк жашаса, анын 3,4 МИЛЛИОНУ эмгекке жарамдуу. Алардын ичинен болгону 708 миң адам гана туруктуу иш менен камсыз болушкан.
Пекиндеги Кытайдын Борбордук университетинде ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 85 ЖЫЛДЫГЫ белгиленди.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, вице-премьер ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВГЕ тиешелүү делген «Градиент» ишканасына жана иштин башкы фигуранты катары Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
ЖКнын депутаты ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ эл өкүлдөрүнө берилчү класстык чинден баш тартканын айтты.
Орусиянын Екатерина Малюгина аттуу жараны өз үйүнө 14 КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫ каттатып алган жана ал үчүн алардан акча алып турган. Бул тууралуу 17-декабрда Москва шаарынын Ички иштер башкармалыгы билдирип, үй ээсине кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
«БИШКЕК ШААРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ» жана «Ош шаары жөнүндөгү» мыйзамга 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мэрликке талапкерлерди премьер-министр жана фракциялар сунуштайт.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2013-жылы 10 МИҢ 500 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берсе, анын 70 пайызы Кытай жарандары экендиги маалым болду.
Орусиянын Алтай крайында МАНАСТЫН ЭСТЕЛИГИ орнотулат. Бул тууралуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Орусиянын бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mir1979
2013-12-23 15:06:14
ЧОООООН кылып кургула москвадагыдай кылып ешеке отургузу койбогула
0
Saiha.84
2013-12-23 16:45:01
Манасты которгонубуз жакшы жорук бирок финансы булактарын кай жактан алып жатышат???
0
Saiha.84
2013-12-23 16:47:43
150 000сом карапайым элге коп эле акча,меенети менен тапкан акчага албайтко номур,шоу бизнес окулдору популярдуулук учун алуусу мумкун анан биздин эрке чинуштар эмне кылар экен???
-1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.