18-декабрь күнү Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп, экинчи тараптан Тажикстандын жарандарын тосуп, кечке жуук тарашты. Ошол эле күнү вице-премьер Токон Мамытов баштаган топ эл менен жолугушууга жөнөп кетти. Маалыматка караганда, 17-декабрда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы кыргыз жараны Жаныбек Орункуловго тиешелүү 6 бөлмөлүү чайкана күйүп кеткен. Айыл тургундары «муну тажик жарандары өрттөдү» деген пикирде. Райондук ИИБдин кызматкерлери коопсуздукту сактап, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн чыгуу себептерин иликтөөдө.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, тосулган жол 19-декабрь күнү түшкө маал түшүндүрүү иштеринен кийин ачылды.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg