«Мамлекетке чыккынчылык кылуу», «Коррупция», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери үчүн белгилүү бир убакыттан кийин деле жоопко тартыла бермей болууда. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыгып, аны парламенттин депутаттары биринчи окууда жактырышты. Бирок колдогондордун саны 61 болсо, каршы чыккандар анын жарымынан көбүн, тагыраагы, 34тү түздү. Анын көпчүлүгү «Ата Журт», «Республика» жана «Ар-намыс» фракцияларынын депутаттарынан турат. Каршы добуш бергендердин ичинде «ата мекенчилер» жок.
Айрыкча «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш иштеринде бул мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу чоң мааниге ээ. Учурда ачыкка чыгып жаткан фактылардын мөөнөтү эскирип кеткенинен улам көптөгөн аткаминерлер жоопкерчилик тартуудан кутулганы турушат. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында башкы прокурор Аида Салянова ири алтын кенине байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдерге тиешеси бар чиновниктердин жоон тобуна кылмыш иштери козголгонун Жогорку Кеңеште билдирген болчу.
Эльвира Караева
politika@super.kg