Учурдагы жашообузду Кытайдан чыгарылган буюмдарсыз элестете албайбыз. Алалы бир жолку колдонулуучу идиштен тартып, азык-түлүк, тиричилик техникасына чейин. Кытайдын ушинтип ар тараптан дүйнөлүк лидерликке ээ болуусуна Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун да салымы бар.
Жаңырып бараткан шаар
Шаар акыркы 7-8 жыл ичинде таанылгыстай өзгөрдү. Мурунку тоок кепедей болгон тамдардын ордуна 27-28 кабат болгон үйлөр курулду. Улам жаңы ресторандар, конок үйлөрү, көпүрөлөр курулуп, жолдор салынууда. Курулуш иштери 3 сменде жүргүзүлүп, дээрлик токтобойт. 2008-жылы эле шаарда 37 конок үйү тургузулган. Булардын жыйырмасы ири болуп саналат да, бешөө беш жылдыздуу, сегизи төрт, төртөө үч жылдыздуу конок үй. Бир түнгө 22 евродон 78 еврого чейин төлөөгө туура келет.
Соода түйүндөрү
Үрүмчү байыркы Жибек Жолунун боюнда жайгашкан кыштактын ордунда өсүп чыккан шаар. Соода-сатык жактан бараандуу орунду азыркыга дейре ээлеп келүүдө. Андыктан Үрүмчүдө ресторан, конок үйлөрү жана базарлар көп. КМШ жана Прибалтика өлкөлөрүнөн, Ооганстандан, Ирандан, Пакистандан жана башка жактардан келип товар алып турушат.
5 жыл мурун болгону 3-4 ири дүкөн болсо, учурда көп кабатуу ири универсалдуу дүкөндөрдүн (өздөрү базар деп аташат) саны абдан көп. Мисалы, Хуалинь чоң дүкөнү жертөлөсү менен 8 кабат. Бул Бишкектеги “Айчүрөк” дүкөнүнөн 20 эсе чоң.
Күндүзгүгө салыштырмалуу кечкисин базарда эл көп топтолот. Туристтер жергиликтүү элдин деликатес тамак-ашынан ооз тийип, улуттук ыр-бийлер менен черлерин жазышат.
Деңиз жаныбарларынан жасалган азыктар баалуу
Дээрлик бардык ресторандарда чоң-чоң аквариумдар турат. Анда тамакка өзүң тандап ала турган суу жаныбарлары бар. Мисалы, таш бака, бака, жылан, осьминогдор, балыктын түрлөрү (деңиз аттары да бар) дегендей. Алардан тандап көрсөтсө, алып чыгышып, кардардын көзүнчө бышырып беришет.
Табият койнунда болгуңуз келсе...
Үрүмчүгө барган адамдар жапайы жаныбарлар кармалган Тянь-Шань зоопаркына баш бакпай койбойт. Зоопарктын аянты 75 чарчы чакырым. Анда жалпы саны 3750 башты түзгөн 80ден ашык жаныбарлар түрү байырлайт.
Сейил багына кирип калсаңыз, ал жерден белгилүү илимпоз жана адабиятчы Цзи Сяоландун үй-музейин, кичине көлдү, минералдык жылуу булакты көрөсүз. Шаардын сыртында жайгашкан көркөм капчыгайлардын койну дайыма эс алууга чыккан адамдарга толуп турат. Шалбаалар, бадалдуу токойлор адамдын черин жазып, болуп көрбөгөндөй рахат тартуулайт.
Салттары жана майрамдары
Кытайлардын маркумдарды эскерүү түнү өзүнчө кызык. Эң арзан, жасалма кагаз акчаларды көчөлөрдөн боо-боо кылып сатып алышып, түнү менен ошолорду жагып отурушат. Акча менен кошо кичине кагаз үйлөрдү да өрттөшөт. «Өрттөлгөн акча тигил дүйнөдө маркумдун байышына жардам берет, ал эми үйлөр ага үй болуп берет» деп ишенишет.
Жаңы имарат ачылса салт боюнча 1-2 саат фейервек атып, барабандарды ургулашып белгилешет. Ажыдаардын элесин чагылдырган нерселерди сөзсүз илишет.
Кыргыз менен уйгурларда, негизинен, Нооруз менен Айт майрамдары белгиленет. 1-январда белгиленүүчү Жаңы жыл майрамы деген жок. Калганы бүт кытай майрамдары.
Жергиликтүү кыргыз, казактардан чыккан бизнесмендер жеке ресторандарды ачып алышкан. Андыктан кыргыздар той беришсе, кыргыз ресторанынан өткөрүшөт. Анан да чогулганда жалаң кыргызча сүйлөшүп, заманбап бийлерди эмес, баары мурункудай кыргыз бийлерин бийлешери жагымдуу көрүнүш экендигин айта кетели.
Акыркы жылдары Үрүмчүдө ар түркүн Эл аралык сынак, көргөзмөлөр, фестивалдар, спорттук мелдештер өтүп келет. Ар жылы 26-июндан 6-июлга чейин туристтик фестиваль өткөрүлөт. Муну фольклор майрамы деп койсок болот. Ага 10 миңдеген турист катышат.
Кошумча...
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg