ОРУСИЯ «МАНАС» ЖАНА «ОШ» АЭРОПОРТТОРУН ИШТЕТЕБИ?

Орусия «Манас» жана «Ош» аэропортторун иштетүүнү сурады. Бул тууралуу 17-декабрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, эл аралык «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылы июль айында ишин токтоткондон кийин Орусиянын авиакомпаниялары менен активдүү кызматташтык башталат. Кыргызстан «Манас» аэропортунун базасында эл аралык жүргүнчү жана жүк ташуучу авиахабды түзүүгө ниеттенип жаткандыгы да айтылды. Орусиялык «Новапорт» ишканасы аталган аэропортторду узак мөөнөттүү ишенимдүү башкарууга берүүнү сунуштаган. Ага ылайык, орусиялык компания аэропорттордун учуу-конуу тилкелерин, терминалдарын өнүктүрүү жана логистикалык борбор куруу милдетин алат. Комиссиянын жыйынында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул багыттагы келишимди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
gulsana18
2013-12-25 17:35:36
Стратегиялык отраслдардын баарын башка мамлекетке беруу бул туура эмес.Бул бийликтегилер бизге кыргызгаздын кереги жок газ болсо болду дейт,а эртен эмне болот бизге энергетикалык компаниялардын кереги жок алардын карыздары проблемалары менен бизге свет болсо болду дешеби.
0
Almaz1988
2013-12-25 20:20:03
Атамбаев Манас аэропортун жонгана эл аралык аэропорт болуп калат эч кимге бербейбиз деп жазып чыктыеле эми не болот экен июльду да кутуп турайыкчы
0
bekbolot-NOOKAT
2013-12-26 03:20:37
Эчтеке болбойт берсе !!!Берсе бербесе ошол бойдон кала беребиз Кыргыз бойдон!!! Алга Кыргыз келечегин алдыда!!!
0
aziz2000
2013-12-26 11:24:49
кимге айтам арманымды,
кимге айтам куйутумду.....
дегендй да, уфф-ффф....
+1
erkin-by
2013-12-26 16:37:13
Атамбаев дагы 4 жылым калды деп атат 4 жылдын ичинде дагы эмнелерди сатат экен иши кылып бери карасанар бетинерге тфу! ары карасанар ко-о тфу!
+1
Wave.
2013-12-26 18:17:44
Жанторо ака баарын сатып, тиги дуйного озу менен алып кетет окшойт....
0
misster88
2013-12-27 00:13:37
Ушул окмотту атып салатурган болуп калды
0
alga07
2013-12-27 20:48:59
Урматтуу окурмандар,бир дыккат этип окуп, анан жазсанар боло, сатып алуу эмес, узак моонотко иштетуу деп туратго. Азыр америкалыктар ээлеп турат, бир ондоп тузоотуу иштерин кылыштыбы?? Же бизде бизнесмен адамдар барбы -"аэропорттордун учуу-конуу тилкелерин, терминалдарын өнүктүрүү жана логистикалык борбор куруу" -жасай алган??
0
vanPersi
2013-12-27 23:18:00
кумторду деле узак моонотко бергенго азыр ала албай журот аэропорт россияга отсо жолдор кытайларга анан калган элди кр.дин байлыгын эптеп сатып буткондон кийин сатат.юнеско 50 жылда кыргызстан жоголот деген соз ишке ашат окшойт
+1
alas
2013-12-28 08:22:51
окуп алып жаман жиним келди АШАны жамандай берип соз да калбады жон гана айдап чыгыш керек
0
kypchak80
2013-12-28 23:30:35
Ынсап берсин биздин эл башчыларга... Антпесе Кыргызстан онукпойт
0
Bakyt-83
2013-12-29 22:42:27
сатылбаган дагы эмне калды дагы чоондор жегиле!
0
mashina
2014-01-17 21:01:36
бизди 5 жылдын ичинде орустарга сатып бутурбосо
0
mashina
2014-01-17 21:04:00
ииииии
0
legenda23
2014-01-18 11:59:11
орустарда даярын алатда,аеропортту иштете албаган окмот эмнени иштетет озу????? Аны окмот эмес биснесмендер иштететго же аны да россияга сатып ортодон бир кыргызды какшатыт кичине акча жеп калайын деп атышатда
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан