БАШКЫ «АТА МЕКЕНЧИ» 55 ЖАШТА

Биз бүгүн өрнөктүү өмүрү менен элге эмгеги сиңген, эгемендүү Кыргызстанда мыйзам жазуу боюнча алдына киши салдырбаган адам жөнүндө сөз кылабыз. Туура баамдадыңыз, бул инсан – сиз билген, биз билген Өмүрбек Текебаев. Бүгүнкү парламентаризмдин негиздөөчүсү, «Конституциянын атасы» аталган биздин каарман 22-декабрда 55 жашка чыгат. Биз анын бул аралыктагы эл үчүн кылган эмгегин, кыйчалыш кыйын күндөрүн эскерип, тарыхка кайрылууну эп көрдүк.


Максаттарга толо жалындуу студенттик кез.


1990-жылдар. Кыраакы, курч көз караш. Бул жылдары Кыргызстандын кайсы бурчунда, кимдин гана болбосун, эки көзү ушул инсанды күзөтүп турчу. Баш мыйзамды өзгөртүп, бийликти бир колго топтой баштаган Акаев бийлигин аёосуз сынга алып, «көгөртө чымчып» турган. Президенттикке талапкерлигин койгон 1995-жылы өлкөнүн түндүгү да, түштүгү да жапырт колдоп, жыйынтыгында экинчи орунга жетишкен.

2000-жыл. Президенттик шайлоого «темир генерал» Феликс Кулов менен биргеликте барган. Өмүрүн оппозицияга арнаган саясатчы Кыргызстанда демократиянын калыптануусуна өзүнүн опол тоодой салымын кошту. Өзүнүн принципиалдуулугу менен «Ата Мекен» социалисттик партиясынын сынын да, сапатын да 21 жылдан бери жоготпой келе жатат.

1990-жылдар. Ал күндөрү 35 депутаттан турган «мыйзам жазуучу» палатанын эң жаш жана курч депутаты баралына келип, болуп-толуп турган кези эле. Жанындагы Роза Отунбаева менен көз карашы, багыты ошондо эле окшош болчу.

Дегинкиси, чыгаан инсандардын көзү өтүп кеткенде «кап, тирүүсүндө сыйлап, татыктуу барктап калбай...» деп өкүнгөн учурлар эсепсиз кездешет. Дооронбек Садырбаев да кезегинде бааланбай кеткен улуу инсан. Ал биздин каармандын Докеси эле...

1981-1983-жылдар. Советтик атуулдун ардактуу милдетин аткарып жүргөн күндөрү. Жоокер Текебаев келечекте бир өлкөнүн маанилүү саясий фигурасына айланарын ошол маалда ойлоду бекен? Алдыда Жогорку Кеңештин 5 жолку депутаттыгы, 2005-жылы парламенттин төрагасы болуу, 1995-2000-жылы президенттикке талапкерлигин коюу жана Кыргызстандагы башкаруу системин өзгөртүү өңдүү чоң иштер күтүп турган маал.

2010-жыл. Ага-ини Чиркешовичтер Оштогу каргашалуу Июнь окуясында. Ошол күндөрү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бири катары элге биринчилерден болуп Өмүрбек мырза барган. Маркум Асылбек Текебаев агасына ар дайым колдоо көрсөтүп турчу.

Ар бир ийгиликтүү эркектин артында акылман жана күчтүү аял турат. Бул сөз биздин каарманга жарашат. Жашоосуна шам болуп жанган төрт чырагы – эки уул, эки кызы бар. Айгүл аттуу айымдын сүйүктүү жолдошу.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
sladkaja_konfetka
2013-12-23 16:10:47
Кыргыз саясатын Текебаевсиз элестете албайм. Бар болунуз ар дайым. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дейт элибизде. Кандай гана кырдаал болбосун, откур созунуз, чындыкты бетке айткан сапатыныз эч качан калбасын. Сизге ден-соолук, уй-булолук бакыт каалайм! Мен Кыргыздын сизге окшогон азаматтары менен сыймыктанам, бар болунуз, ишинизге ийгилик!
0
Saiha.84
2013-12-23 16:18:01
20 жыл ичинде Омурбек Чиркешович саясаттын казанында жакшы эле кайнагандай болду,озунун жашоодогу ордун деле сезгендей болду окшойт,жакшысы да бар,катасы да ошентсе да кыргыз журтчулугуна эмгек синирди деп айта алам
0
admin_media
2013-12-24 09:17:15
talas-1985,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат!
3 күн банга!
0
sapar40
2013-12-24 10:37:11
Урматуу Омурбек аке,эр ортону элуу дегендей сиздин алдынызда али коптогон иштер жана ошондой эле дагы ушунча жылдык жашоо кутуп турат.Эч качан улгайдым дебей ушул темпинизден жазбай,Кыргызстаныбызга дагы дагы эмгегинизди синиресиз деп терен ишенебиз.Эч качан принциптеринизден тайбаныз.Сизге чын журоктон ийгилик жана бакыт таалай каалайбыз.Башка олконун жарандыгын алган кыргыз жарандарынын атынан.
-1
kutush
2013-12-24 14:22:35
Урматтуу Омурбек Чиркешович, Сиздин 55 жаш кутман курагыныз менен куттуктаймын!!!
-1
asha302
2013-12-24 19:51:30
55 жаш кут болсун!!!!!!!!!!!!!!!
Кыргызстан сиздин жана биздин колубузда!!!!!!!!!!!!_@@@

-1
turatbek-92
2013-12-24 20:57:37
Теке 55 жашка келгиче эч бийликтин чокусуна чыга албай койду.
0
rust
2013-12-25 23:10:50
кыргызстандын парламентин текебаевсиз, ал эми россиянын парламентин жириновскийсиз элестетуу кыйын болсо керек. экоонун тен орду парламентте эмес, маданият министрлиги тармагында.
0
lider-kg
2013-12-26 04:46:55
куттуктайм анан ушунча жылда кылган иштеринизди бул жерге баса белгилеп жазып койсомбу деп бирок таппай койдум эми жасайт болушунуз керек э ошентиниз бир кемпирди деле жолдон откозуп койуп аны видеого тартып алып интернетке киргизсениз чоон иш болот чын айтам
0
shok_Jigit
2013-12-26 10:13:19
lider-kg Омууке абдан билимдуу илимдуу инсан кылган иштери чыгарган мыйзамдары озгортуу толуктоолору коп жана азыркы баш мыйзамда О.Текебаевке таандык.Жаш кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат демекчи ал кишиге да бут тосуулар коп болгон.Ошол себептен козубузго корунбойт жаткандыр!Биздин кыргызстанда кандай гана окуя болбосун чыр чатак ж.б пикир келишпестиктердин баарын Омуке жаратат!
0
lider-kg
2013-12-26 10:35:41
shok_Jigit, мен чындап корбой атам кылган иштерин а закондордон жузду чыгарбайбы иштебегенден кийин не кереги бар булардын кылган иштерине кулкун келет ырчылар фонограмма ырдабасын,он рульдуу машинелерге чектоо койушкерек деп журушотко жок дегенде бир бечарага уй бериптир десе козум корот эле ошондо
0
Almaz1988
2013-12-26 12:14:05
lider-kg, айтып кой интернеттке азырак чыгып журсун жылдыз эжеге уйат болбой
0
uluk1982
2013-12-26 15:29:39
Almaz1988, )
0
Ylykbek1990
2013-12-28 12:13:29
Аябай сыйлайм да чынчыл киши
-1
4ok4oloi
2013-12-28 21:02:11
эй кайдагы чынчыл киши жакпайт эч кимге
-1
Talant0906
2013-12-29 17:09:09
2005-жылы биздин ноокендиктер Садырбаев экоону колдоп биринчи чыкты эле Акаевге каршы болуп,шаайлоонун 2-турунда экоотен депутаттыка отуп, ноорузда болсо керек. экоо той берип жаткан ошол маалда жалалабатта элдер акаевге каршы митинг болуп жаткан.Булар ошондо тойдун акырында соз суйлоп жатып силер жалалабаттыктарга кошулбагыла озубуз айтабыз качан кошулушту деп туруп эле качып кеткен.Ошондо адамдар булар бизди сатып кетти деп калпагын жерге уруп кала берген!!!
-1
Debi
2013-12-29 23:05:29
Бар болсун! Опол тоодой дегидей орду бар саясатта.
-1
stal.k.0203
2014-01-01 01:32:05
Туулган куну кут болсун!!! Ишине ийгилик.Кыргызстандын осушуно келечекте салымынызды дагы-дагы кошот деп умуттонобуз.
-1
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан