Айнура Салахидинованы күйөрмандары 13-14-декабрь күндөрү Супер концерттен көрүшкөн. Ырчы айым эки күндөн кийин эле көз жарып, бакытка балкып турган чагы. Борбордогу №4-төрөт үйүндө жарыкка келген наристе 3 килограмм 300 грамм салмакта, ырчынын үй-бүлөсү ымыркайга Дари деген ысым ыйгарган. «Супер концертке катыша албай калам го дегем. Бирок 17-декабрда көз жардым. Учурда уулумдун да, менин да ден соолугум жакшы. Сахналаштарым биринин артынан бири келип, кубанычымды тең бөлүшүп жатышат»,- дейт Айнура. Ымыркайдын бешик боосу бек, ден соолугу чың болсун дейбиз.