16-декабрь Мирбек Атабеков үчүн «үйлөнгөн күнүбүз» деп жубайы Мээримге жыл сайын белек берчү күн болду. Дал ушул күнү ырчы 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн ашыгы Мээримди түбөлүк менчиктеди. Тагыраак айтканда, жакын туугандары менен кыздын ата-энесинин алдынан өтүп, кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып, сүйүктүүсүн алып кеткен. Мирбектин кайын журту кызын үйүнөн узаткандан кийин баш калаадагы эс алуу борборлорунун биринде кудаларын коноктошкон. Азырынча эки жаштын баш кошуу аземинде Гүлнур Сатылганова, Замир Арыкбаевдер болушту. Ал эми улуу-кичүүнүн, ага-туугандын башын кошкон чоң той жаз айларына болжолдонууда.