«2013-жылдын супер ырчы айымы», ырчы Чолпонай алгачкы жеке концертин берүү алдында турат. Ырчы бул концертти көп жылдан бери ичтен бышырып, пландап келген. «Эгер жөнөкөй концерт берсем, буга чейин эле өткөрүп салмакмын. Андыктан мыкты концерт берсем деп катуу даярданып жүргөм. Сахнаны 2 кабат кылабыз. Берилүүчү жарыктар дагы күйөрмандарымдын эсинде калат. Эң башкысы, музыкалык аспаптардын коштоосунда жандуу ырдайм. Концерт «До+Фа» деп аталат»,- дейт Чолпонай.