КРнын Эл артисти Айтурган Темирова казак искусствосуна жана тасмасына кошкон салымы үчүн Казакстандын «Достук» ордени менен сыйланды. Бул боюнча актриса: «Коңшу өлкөнүн Маданият министрлигинен Астанага келишимди суранышты. Мындан көп жыл мурун «Көзгө атар» тасмасына тартылган элем, ошол ролум үчүн мага «Достук» орденин ыйгарышты. Фильм, алардын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн бийиктиктерди багынтып келет экен»,- деди.