УЧУРДАГЫ КООМДУК САЯСИЙ АБАЛ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУ

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!
Менин жалпы кыргыз элине кайрылуумдун себеби төмөнкүчө:
1. Кантип бүгүнкү саясий укуктук кризистен туура жол таап чыгып кете алабыз?
2. Кантип социалдык-экономикалык кризистен башка мамлекеттерден кайыр сурабастан чыга алабыз?
3. Кантип өлкөбүздө ооруга айланган коррупция маселесин жоё алабыз?
Мына ушул жана башка Кыргызстандын көйгөйлүү маселелери туурасында кыскача сөз болмокчу.
Кыргыз мамлекети көз карандысыздык алгандан бери 22 жыл болду. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин мамлекетибизде үч президент алмашылды. Азыр төртүнчүсү отурат. Бардыгы тең 22 жылдан бери эле коррупцияга каршы күрөшүү, экономиканы өнүктүрүү, реформа жүргүзүү деп жалындуу сөздөрдү сүйлөп келишет. Бирок иш жүзүндө эч кандай жыйынтык жок, сөз жүзүндө гана болуп келе жатканын баарыбыз көрүп, жон терибиз менен сезип келе жатабыз. 22 жылдан бери оппозиция делген тарап сындаганды катырып сындап, бирок көпчүлүк учурда «кандай реформа жасайбыз? Канткенде коррупцияны жеңебиз? Кантип экономиканы көтөрөбүз жана канткенде бөлүнүп-жарылбай, ынтымактуу жашап, өнүгүп кете алабыз?» деген суроолорго жооп кылып сунуш киргизгендерин дээрлик көрө алган жокмун. Ошондуктан жалпыңыздарга кантип бүгүнкү кыйын кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун сунуштап көрөйүн, өзүңүздөр талдап көрүп, ар ким өз оюңуздарды билдириңиздер. Албетте, кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Себеби баарына 100 пайыз жагыш кыйын. Адатка айланган «мурда кайда жүрдүң эле?» деген дежур суроолорду да беришиңер мүмкүн. Кыргызда жакшы кеп бар, «бара-бара бакыр болом, көрө-көрө көсөм болом» деген. Анын сыңарындай 10 жылдан бери саясатка аралашып жүрүп баарын талдап, терең изилдеп чыктым. Андыктан бүгүнкү оор кырдаалдан кантип чыгып кетүү жөнүндө пикир сунушталат.

1. Саясий системди өзгөртүшүбүз керек.
1993-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки Конституцияларды жана учурда 10го жакын саясий коомдор иштеп чыгышкан долбоорлорду дыкат изилдеп таанышып, бүгүнкү башкаруу системин терең изилдеп чыгып, 2010-жылы кабыл алынган Конституция чийки болуп калган деген тыянакка келдим. «Башкы системди өзгөрттүк, парламенттик башкаруу болду» деп аталганы менен, систем эч өзгөргөн жок. Баарын көшөгө артында президент өзү башкарып отурат. Азыркы күндө өкмөт, парламент баш болуп президентке көз каранды болуп турушат. Республикада көпүрө ачуу, айыл чарба техникаларын тапшыруу жана ушул сыяктуу жакшы жагдайларда президент өзү көрүнүп, башка жагдайларды, мисалы, «Кумтөр», «Кыргызгаз», «Мегаком» маселелери чыккан учурда өкмөткө «ойлонуп туруп туура чечим кабыл алгыла, кийин жооп бересиңер» деп көмүскөдөн башкарып отурат. Ал көрсөткөн чечими элге жана мамлекетке пайда алып келеби же зыянбы, мунун баары бир нече жылдар өткөндөн кийин билинет. Жыйынтыгында 22 жылдан бери Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелеринде ким жооп берди? Эч ким. Себеби өкмөт менен парламент – коллективдүү орган, көп суур ийин казбайт деген эле кеп. Эч кимиси жооп бербейт. Президент болсо «Конституция боюнча менин укугума кирбейт болчу, парламент же өкмөт ушундай чечим кабыл алып койгон» деп аларга шылтайт же парламентти таркатып, болбосо өкмөт башчыны алмаштырып элдин көңүлүн башка жакка буруп кетишет. Жыйынтыгында 20 жылдан бери 20дан ашык өкмөт алмашты. Ток этер жерин айтканда, парламент менен өкмөткө жамынып алып президенттер өздөрүнүн коррупциялык иштерин жасап келишти. Миллиарддаган каражаттарыбызды чет жактарга чыгарып кетишти. Жыйынтыгын өзүңүздөр көрүп турасыздар, мамлекетти экономикалык, ички жана тышкы саясий кризиске батырышты.
Мурда элибизде түндүк-түштүк деген эки эле бөлүнүү болсо, азыркы систем менен канча партия болсо ошончо партияга бөлүнүп алып жер-жерлерде, шаар-шаарларда, район-райондордо бири-бири менен чабышып жатып калышты. Бийлик түзүлүшү таптакыр жоголду. Ар кайсы топторго бөлүнгөн жагынан Кыргызстан дүйнөдө бир дагы мамлекетти алдына салган жок.

КАНТИП ӨЗГӨРТӨБҮЗ?
Баш мыйзамды башка мамлекеттерди туурабастан түп тамырынан өзүбүздүн менталитетке жараша өзгөртүп, жаңыдан кабыл алышыбыз керек. Баш мыйзамдын долбоорун даярдоодо мурдагы Баш мыйзамдардан жана бүгүнкү күндө коомдук уюмдар даярдаган долбоорлордон алып бир Баш мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Буга болгону 2 ай убакыт талап кылынат. Биринчиден, башкаруу системин так аныктап алышыбыз зарыл. Президенттик, парламенттик башкаруу болуш керек. Премьер-министр деген кызматты таптакыр жоюп, анын ордуна бир эле вице-президент деген кызмат жетишет (премьер-министрдин рангында). Президент бардык жоопкерчиликти өз моюнуна алып, өкмөттү өзү башкарып, экономикада, ички-тышкы саясатта мамлекеттин тагдыры үчүн керт башы менен жооп бере турган системге өтүшүбүз керек (дүйнөнү дүңгүрөтүп турган Американы деле бир президент башкарып турат. Ага караганда Кыргызстан алаканга салгандай). Премьер-министрдин орду жоюлганда бирин-бири кайталоо кызматтары дагы жоюлуп, мамлекеттик каражат дагы үнөмдөлөт. Бүгүнкү күндө президенттин аппаратындагы бөлүмдөр премьер-министрде дагы болуп, бирин-бири кайталап көзөмөлдөөчү чоңдордон башың адашат. Ошого жараша жасаган иштеринин дайыны жок.
Президент кызматтан кеткенден кийин дагы коррупциялык жана туура эмес жасаган иштери аныкталып калса, жооп бере тургандай болушу шарт (кол тийбестик деген жоюлушу кажет).
Президент өкмөттүн курамын түзөрдө министрлерди, губернаторлорду, баш прокурорду, сотторду парламентке сунуштап, алардын макулдугун алып жумуш ордуна коюшу абзел. Кийин кетирген кемчиликтери болсо, президент өзү кошо жооп бергендей болуш керек. Мисалы, Батукаевди чыгарып жиберишип, ким күнөөлүү экенин аягында таппай калышты.
Парламентти болсо бир мандаттуу округдардан өткөзүп, 75 депутаттан ашпай турган кылып (ошондо күчтүү талапкерлер тандалат. Партиялардан жылдырышса дагы болот), депутаттар президенттин ар бир кадамын көзөмөлгө алып туруш керек. Эң негизгиси, парламентке бизнесин коргош үчүн депутат болуп келгендер болбош керек. Себеби бүгүнкү парламенттин ичинде ун чыгарганы унуна ылайыктап мыйзам жазат. Арак чыгарганы аракка ылайыктап мыйзам жазып алышып, өз кызыкчылыктарына иштетүү менен алек. 3-чакырылыштагы депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланып келишип, эч кимге көз карандысыз күчтүү парламент эле. Себеби ар бир райондун өзүнүн депутаты болгон. Президентти кандайдыр бир маселе менен келип жооп берсин деп чечим кабыл алганда, президент 2 сааттын ичинде келип парламенттин трибунасында отчёт берип турчу. Ошондуктан ал систем жакпай, Курманбек Бакиев 2007-жылдын октябрь айында таркатып жиберип, декабрь айында «Ак жол» партиясын алып келген. Арты эмне менен бүткөнүн өзүңүздөр билесиздер.
Мындан сырткары Элдик курултай институтун киргизип, алар коомдук башталыштарда иштеп (эмгек акысыз), жылына бир жолу президенттин жана спикердин отчётун алып турушса туура болот.
Губернаторлорго облустарга толук ыйгарым укукту бериш керек. Ошол эле мезгилде жоопкерчиликтерин дагы күчөтүү зарыл. Кызмат абалынан пайдаланып мамлекеттик кызматтарга компетентсиздигине карабастан тууган-урук, жолдош-жоролорун топтоп албашы шарт. Мен ойлойм, азыр эл мындайга жол бербей калды. Эгер губернаторлордун, деги эле бардык министрлердин жана жогорку деңгээлдеги чиновниктердин кылмышы аныкталса кызматтан кетирип эле тим болбостон, темир тор артына салыш керек.
Азыр кандай болуп турат? Губернатор деген аты бар. Эч нерсе чечпейт. Эл кайрылып келсе «мен эч нерсе чечпейм, баары жогору жактан чечилет» деп алакан жайышат. Айрым губернаторлорду «колуңдан келбесе эшек такалап отурасыңбы?!» деп ашата сөгүп кетип жатышкан фактылар бар. Губернатор деген кызматтын баркы таптакыр жоголгон.

УРМАТТУУ ЗАМАНДАШТАР!
Жогоруда башкаруу системин кандай түзүү керектиги жөнүндө кыскача айтылды. Тереңирээк кирсек көп сөз болуп узарып кетет деген ой менен кыскача жаздым. Майда-чүйдөсүнө чейин 2 айдын ичинде иштеп чыгып, мамлекеттин жана элдин пайдасына иштей турган Баш мыйзамды кабыл алып, жаңы систем менен иш баштасак болот. Буга президенттин жана парламенттин саясий эрки гана керек. Баш мыйзамдын жаңы долбоорун парламент кабыл алып, президент кол койсо эле күчүнө кирип иштеп баштайт. Ошентип, президентти көшөгө артында башкартпастан ачыкка чыгарып, бардык жоопкерчиликти моюнуна илип койгон болобуз. Кийин туура эмес жасаган иштери үчүн суракка алууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Албетте, кимдир бирөөлөр айтышы мүмкүн, «президенттик башкаруу болгондо өзүм билемдик болуп кетет» деп. Мен ойлойм, азыр элдин көзү ачылды. 20 жыл мурдагыдай эмес. 2 президентти кууп чыгышкан эл ичип, жеп жатса эмкисин деле кууп чыгышат. Мындан сырткары парламент эч кимге көз карандысыз болот. Жогоруда айтылып кеткендей, ар ким өз округдарынан шайланып келишип, көз карандысыз болушат. Президенттин ишмердүүлүгүн парламент эле эмес, Элдик курултай дагы кошумча көзөмөлгө алат. Себеби жылына бир жолу ар бир айыл өкмөттөн шайланып келишип, 1000ге жакын делегат отчёт алып турушат.

2. Экономиканы тез арада көтөрүшүбүз керек.
Табигый ресурстарга бай мамлекетпиз. Бирок бир дагы байлыгыбызды өзүбүз иштетпестен башка бирөөлөрдүн колуна бергенбиз. Эмне себептен өзүбүз иштетпейбиз? Бир эле шылтоо. Инвестор жок дешет. Чындыгында андай эмес. Инвесторго лицензия берсе, ошол эле замат чиновниктин чөнтөгүнө миллиондогон долларлар түшө калат. А мамлекет өзү иштетсе, анча параны биздин чиновниктерибиз эч кимден ала алышпайт. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө миңге жакын алтын кени бар. Анын ичинен жүзгө жакыны иштеп жатат. Бирөө дагы өзүбүздүн жарандарыбыздын колунда эмес. Казылган кенди башка өлкөлөргө ташып кетип, ошол жактан чыпчыргасын коротпостон ар бир баалуу металлдарын бөлүп алып жатышат. Көзөмөлгө алып жооп бере турган бир жан жок. Жетим-Тоо темир кенинде болсо Кыргызстанды 50 жыл бага турган ресурс жатат, аны дагы бирөөгө бергени турабыз.
Энергетика тармагын алалы. Кошуна өлкөлөргө сатылган энергиянын баасын келишимге төмөн көрсөтүп коюшуп, үстөгүн дипломат менен чөнтөккө алып турушат. Муну жакында эле президент өзү да айтты, «Ширшовдун системи дагы деле иштеп жатат» деп.
Көмүр кен тармагын алалы. Өкмөт өзүбүздөн чыккан көмүрдү албай, башка мамлекеттерден миллиондогон тонна көмүр ташып келип жатышат. Себеби эмнеде? Чет элдик бизнесмендер көмүрүн сатып алган үчүн ар бир тоннасына 10 доллардан кем эмес пара беришет. Бул параны жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөр беришпейт. Берсе салык жана башка бюджетке төлөнүүчү төлөмдөрдөн уурдаш керек болот. Анысы коомчулукка билинип калат деп коркушат. Бир эле Бишкектеги жылуулук борборун алалы. Жылына жагылчу көмүрдөн эле бишкектиктердин чөнтөктөрүнөн бир жарым миллион доллар, жогоруда айтылгандай, коррупциянын айынан ашыкча сарпталат. Бул мамлекеттин эле эмес, элдин дагы чөнтөгүнө кол салган болуп жатпайбы. Эмне үчүн өзүбүздөн көмүр казуучулар өнүкпөй жатат? Себеби өкмөттөн жергиликтүү көмүр казып алуучулар алдын ала берген көмүрүнүн миллиондогон акчасын ала албай жүргөн жергиликтүү ишкерлер ондоп саналат. Анан кантип жергиликтүү көмүр казуучулар өнүгүшөт.
Мына ушинтип жергиликтүү өндүрүүчүлөргө жардам көрсөтүүнүн ордуна өкмөт өзү бут тосууларды жасап, акчанын баарын башка мамлекеттерге алдын ала которуп берип отурса кантип экономикабыз көтөрүлөт? Эмне үчүн миллиарддаган табигый байлыктарыбыз туруп кедей мамлекет болуп жашайбыз? Жооп бирөө эле. Коррупция. Мен жогоруда экономика боюнча эки тармакты гана мисал келтирдим. Бажы, салык, социалдык тармак, өндүрүш, кайра иштетүү, айыл чарба сыяктуулар жөнүндө дагы бир топ кеп бар. Баарын жазып отурсам том-том материалдар чыгат.

КАНТИП ЭКОНОМИКАНЫ КӨТӨРӨБҮЗ?
Албетте, инвестор керек. Бирок өзүнө да, мамлекетке да пайда алып келе турган инвестор болушу зарыл. Таза, алдамчы эмес, коррупционер эмес инвестор болсо, биздин эшик дайыма ачык болушу абзел. Андайлар жок эмес, бар. Бирок өзүбүздүн эле аткаминерлер «мындай иштейсиң, мынчасын мага берип турасың» деп өздөрү коррупциялык системди түзүп берип, канатына калкалап отурушпайбы. Ошондуктан кандай кылыш керек? Жогоруда айтылган мамлекеттик маанилүү кен байлыктардын баарын өкмөт өз колуна алып, катуу көзөмөлдүн астында иштетүү кажет. Мисалы, бир кенде 10 тонна алтын бар дейли. Мамлекет өзү казып алганга чамасы жетпей жатат деп коёлу. Келген инвесторго «40 пайызын түздөн-түз өкмөткө төгөсүң, 60 пайызы сеники, ушунун ичинен бардык чыгымдарды (салык, соц. фонд ж.б.у.с.) өзүң төлөйсүң» десек, инвесторлор каз катар тизилип калат. Буга чейин мындай варианттарды инвесторлор сунуштап деле келишкен. Бирок биздин башчылар мындайды каалашпайт. Азыр деле кендерибизди иштетип жатышкан инвесторлор 40 пайыздын тегерегинде сол жакка чыгым болушууда. Бирок мамлекеттин чөнтөгүнө эмес, чиновниктердин чөнтөгүнө берип жатышат. Ушундай көрүнүштөрдүн баарын сөз менен айтып отура бербестен иш жүзүнө өтсөк, экономикабыз тез эле көтөрүлүп кетмек. Бул үчүн чоңдорубуз напсисин гана тыйыш керек болуп турат.
Азыр ушул тапта экономикабыз «өлбө, жаным, өлбө» болуп эптеп кармалып тургандыгына эң чоң салым биздин 1 миллиондон ашуун эмгек мигранттарына таандык. Эгер алар бүгүнкү күндө республикабызга которуп жаткан 2 миллиард доллар (1жылдык республикалык бюджет) болбогондо эбак эле экономикабызда катастрофа башталмак.
Электр энергия тармагын алалы. 10дон ашуун жеке компаниялар кошуна өлкөлөргө энергия экспорттоого Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен башка мамлекеттин ортосуна ортомчу болуп отуруп алышкан. Баары жогорку чиновниктердин фирмалары. Эмне, министрлик өзү түздөн-түз сата албайбы? Ошондуктан баарын четке кагып, министрлик түздөн-түз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, өзү сатып, түшкөн акча түздөн-түз келип казынага түшүшү кажет. Мындан сырткары энергетикалык системди 3-4 тармакка бөлүп башкарыштын кандай кажети бар? Мунун бир эле себеби бар. Ортодо каражат уурдаганга эң ыңгайлуу шарт түзүлөт. Ошондуктан ортосундагы болуп жаткан коррупцияны жоюш үчүн баарын бириктирип, бир колго алып Энергетика жана өнөр жай министрлиги өзү башкарыш керек. Ошондо гана 90 пайыз коррупцияны жойсо болот.
Айыл чарба, өндүрүш, кайра иштетүү тармактарын жандандырышыбыз зарыл. Жана ушул сыяктуу көптөгөн жакшы сунуштар бар.
3. Түндүк-түштүк жана башка болуп бөлүнүүлөрдү тез арада токтотушубуз керек.
СССР мезгилинде калкыбыздын арасында түндүк-түштүк деп бөлүнүү 10 пайыз болсо болгондур. Болбосо дээрлик жокко эсе эле. Себеби эмнеде эле? Себеби мамлекеттик кызматтарда республикабыздын аймактарында баары аралаш иштечү. Бүгүнкүдөй «мен Баткениңерге барып иштебейм, өз жеримде иштейм» же болбосо «Нарыныңар алыс, ал жакка барып иштей албайм» деп эч ким баш тартчу эмес. Өкмөт жөнөттүбү, мамлекет үчүн ошол жакка керексиңби, кете беришчү. Ошол мезгилде түндүктөн түштүккө барып иштеп калышкан мугалим кыздар, балдар көпчүлүгү ошол жакта бүгүнкү күнгө чейин жашап калышкан. Мындан сырткары ошол мезгилде бир гана мекен үчүн деген абдан күчтүү идеология иштеген. Азыр болсо мамлекет тараптан иштелип чыккан мекенчилдик идеологиялар таптакыр жокко эсе. КТРК менен биздин башчыларыбыз туура идеология жүргүзгөндүн ордуна саясий каршылаштарын сындыруу менен алек.

КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?
Биринчи кезекте сөздөн ишке өтүү кажет. 20 жылдан бери түндүк-түштүк, Акаев-Бакиев деп бөлүнүп, «президент бизден болуш керек» деген түшүнүк менен талашып-тартышып жашап келдик. Эмне өзгөрдү? Кемин Швейцарияга айланып кеттиби? Же эмне, Сузак Сингапур болуп калдыбы? Жок. Баягы эле өз оокатын өзүнүн күчү менен эптеп жашап жаткан эл. Ошондуктан калайык-калк терең талдап, өз башыбыз менен ойлонуп, бирөөлөрдүн жетегине же ушак сөздөрүнө ишенип алданып калбастан, түндүк-түштүк деп бөлүнбөстөн баарын бирдей көрүп, аралаштырып иштеткен чыныгы таза мамлекетчил кыргыздын инсанын тандап алып алдыга жылбасак, мамлекетибиздин келечеги күмөн экенине баарыбыздын көзүбүз жетти.
Мамлекеттик бардык башкаруучу кызматтарга КТРК аркылуу түз эфирден сынак жарыялап, сынак өткөзүп тандап алышыбыз керек. Ошондо мейли түштүктүкпү же түндүктүкпү, күчтүү кадрлар өтүшмөк. Мындай учурда эл дагы түз эфирден көрүп өз баасын берет эле. Эгер өзүбүздүн балабыз деген кадры сынактан өтпөй калган болсо, аны дагы өз көздөрү менен көрүп турушуп кантип «биздин балабызды кызматка койбой койдуң» деп пикетке чыгышмак? Эмне үчүн түз эфирден сынак жарыялоодон качышат? Себеби өзүлөрүнүн айыл өкмөттү тыңдап башкара албаган жакын тууган, ичкич-жегич достору министрлик кызматка өтпөй калышынан коркушат. Эгер ачык жана калыс тандоо менен сынак өткөзүп, ар кимдин өзүнүн программасын көрүп туруп кызматка коё турган болсок, азыр чет мамлекеттерде иштеп башка мамлекеттин өнүгүшүнө салымын кошуп жүргөн кыргыз жигит-кыздарыбыз баары Кыргызстаныбызга келип, мамлекеттик кызматтарда иштеп, өнүгүүбүзгө салымдарын кошушмак. 20 жылдан бери өнүккөн өлкөлөрдө иштеп жүрүп жогорку деңгээлде ар тармакта дасыккан жаш адистерибиз аз эмес. Өлкөбүздөгү трайбалисттик, тааныш-билиштик оорунун айынан башка өлкөлөрдүн өнүгүшүнө салым кошуп жүрүшөт. Мындайлар өлкө ичинде дагы аз эмес. Мына ушундай жолдор менен гана 21-кылымдын күчтүү кадрларына жол ачып берип, мамлекетибизди саясий жана социалдык-экономикалык кризистен сууруп чыгып кете алабыз. Ошентип түндүк-түштүк деген ооруну таптакыр жок кылабыз. 1820-жылдары япон эли дагы бизге окшоп уруу-урууга, сай-сайга бөлүнүп жашашкан. Акыр аягында мен япониялыкмын деген бир эле түшүнүктө мыйзам кабыл алышып, борбордук бийликке баш ийип, ынтымактуу жашап, ошондон баштап өнүгө башташкан. Кимде-ким ал мыйзамды бузса, катуу жоопко тартылып турган. Албетте, ата-бабаларыбыз «жети атаңды билип жүр» дешкен. Билишибиз керек. Ал ар бирибиздин милдетибиз. Бирок ошондо дагы кыргыздар мен кыргызмын деп, башка улуттагы туугандарыбыз болсо мен кыргызстандыкмын деп гана жашаганыбызда түндүктүк, түштүктүк деген оорудан арылып, өнүгүп кете алабыз.

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!
Жалпы жонунан алганда кыскача, орчундуу гана жерлерин кагазга түшүрдүм. Ал эми ар бир тармакты майдалап дыкат иликтеп чыгып, кыска убакыттын ичинде жаңы Баш мыйзам кабыл алып, башкаруу системин түп тамырынан өзгөртүп даңгыр жол менен кетүүгө убакыт келди.
Эң негизгиси, Баш мыйзамдын долбоорун даярдоодо өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жазып албаш үчүн бүгүнкү бийлик башында отурган адамдар таптакыр аралашпашы зарыл. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн юридика, экономика илимдеринин профессорлору, докторлору болгон адилеттүү ага-эжелерибиз жок эмес, алар ар бир региондордон делегат болуп келишип, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун даярдоодо көч башында туруп, калыстык менен катышып беришсе жаман болбос эле.

Терең урматтоо менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Садыр Нургожоевич Жапаров.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
spain
2013-12-24 22:52:37
TUA 2BATUKAEVTI ozu ele kachyryp jiberip anan anan bawkalarga wyltav koiup jatpaiby WAMIL kylgan dep. Anan da AWA uialbai ozunor bilesiner da WAMIL al menin kunom dep kyzmattan oz kaloosu menen ketti dep koiot. Eger AWA ozu al iwtin ichinde bolboso anda Batukaevti kachyrgandardy Batukaevtin orduna oturguzsun da turmogo 30/40 jyl berdirip.kalp ele suiloi berbei.Birok TUA sen baribir tuwun boisun bul sozdorgo AWA erten kyrgyzstandy satyp iyse dele anyn sozun suiloisun antkeni sen AWAnyn agentisin
0
logist
2013-12-25 00:31:25
Бакиев убагында коркуп жургонда,баш которгонун эле атып жатса менмин деген Рысбек менен Баяманды жок кылып жибердиго Садыр агабыз ошон учун унчуга албай жургон.
+1
bad.girl
2013-12-25 00:46:14
менин коментим эмнеге бул жерде корунбой жатат
+1
spain
2013-12-26 00:09:21
bad.girl, siz emne dep jazdynyz ele kaira jazyp koiboisuzbu kyzyk bolup jatat
0
spain
2013-12-26 00:04:05
Tura aitasyn logist!!!!! 100 paiyz kowulam!!! Munu el dele bilet!
-1
talas.vegas
2013-12-26 18:20:22
Олумуш масканы тагынып алып.калп эле куйгондун кереги жок.го.
-1
misster88
2013-12-26 23:39:10
Бул киши кандай иштеген билбеймго,бирок азыр КЫРГЫЗстанга ушундай мыйзам керекко дейм.
+1
aziz1990
2013-12-27 01:05:35
misster88, Билип ал Акаев Бакиевдин убагында кумторду емне кылсан кыла бердеп жамбаштаап ысык чайдан ууртап койуп жаткан адам бул
-1
TUA
2013-12-27 09:47:10
spain ,биринчиден атамбаев жонундо соз болгон жок, экинчиден мен АШАнын кишиси эмесмин и озу да эмесмин, 3 мен элдин катарына кирем элдин атын жамынып суйлогонум жок, оз козунду чоон ач, мен АША га да ишенбейм, ПМ да ишенбейм, жана Садырга да ишенбейм, ооба батукаевди качырып жиберишти бааын оптом камаш керек, бул жерде эки жуздуу Садыр жонундо соз болуп атат, туштон кийин баарын которуп атат, керек болсо Жети-Огуздун элии кууп чыккан Садырды,
-1
TUA
2013-12-27 09:58:09
Ташиевге кошулуп ак уйдун заборунан секирип, олкодо дагы бир ирет тонкоруш жазайын деген эле, аны унутунбу? А азыр тонкоруш кимге керек? сагабы? баарыбызга эле тынчтык керек! Ал эми садырды озуно окшогон эки жуздуу, сага окшогоy akyly joktor, колдобосо эчким колдобой калды, аны элдин баары билет,а мумкунчулук турганда кылбаса,туштон кийин кагаз бетине тушуруп коюш ар бирибиздин колубуздан келет!!!
-1
Мэри
2013-12-27 10:21:24
Жаңылбасам, Каркыранын казактарга кетишинде Жапаровдун да тиешеси бар болуш керек. Түптүн эли ошондо каршылык кылып, бул жактан Д.Садырбаев, Ө.Текебаев баш болгон эл өкүлдөрү барса, даярдалган адамдар жумуртка менен чаап, кайра уят кылышкан да. Дооронбек ага ошондо Түптүн элине абай таарынып калган экен.А ошол уюштуруучулардын бири Жапаров болсо керек эле.Ошон учун бул кишиге ишене бербейм.
0
Мэри
2013-12-27 10:24:56
Ошол окуяны (Түп) ким жакшы билет, эске салып койсонор жакшы болмок, балким, мен жанылып жатамбы. Ошондо Жапаров кайда эле дейм да, эгер анчалык эле патриот болсо... Жанылбасам, ал өзү Түптөн болуш керек...
0
TUA
2013-12-27 10:57:24
Мери. Туура айтасыз,Жапаров Туптон болот, акыркы учурдагы Кумторго байланыштуу акциялардын баарына Жапаров Ташиев, кыскасы бакиевдин айланасындагы жепжутарлар уюштурууда!
-1
mirlan.tulanbaev
2013-12-27 15:19:21
Садыр Жапаров туура айтып жатат туугандар,биздин чиновниктр оз кызыкчылыгын гана ойлошот,эл учун иштейм дегендер саналуу гана кызгыз элимде.АШАнын колунан эчткеке келбейт,эмнени кыйратты карызга белчебизден батырып салдыго,каяка барбасын миллиондогон карыз сурап келет.аны ким толойт шордуу кыргыздын ар атуулу толойт аны.ошондуктан жапаровдун айткандарын туура деп ойлойм.
+1
spain
2013-12-27 16:31:28
mirlan.tulanbaev, Tup tura aitasyn mirlan. batyrganda da jerdin tubuno batyrdy!!! Kaiyr4ydai karyz alyp kelet da a akchanyn kaida ketip jatkanyn iw juzundo rezultaty jok.karyz alal ele beret ozunun 4ontoguno
0
misster88
2013-12-27 21:51:21
Азыркы бийликтегилер да Акаев мн Бакиевтин ботинкесин тазалап эле жургондор так что талашпай эле койгула
0
admin_superstan
2013-12-28 09:27:37
happyfamily90,
Сизге эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
0
admin_superstan
2013-12-30 16:58:35
nokiabek, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүлөрүңүз өчүрүлдү.
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан