«Менин турмушту түшүнүшүмө жардам берген каталарыма, кыйынчылык-азаптарыма рахмат» деген экен бир ойчул. Кудай берген сыноого сынбай, аны жеңе билген адам эрктүү деп эсептелет. 1-топтогу майып, таланттуу, билимдүү жигит Асран Жээнкулов армандуу сүйүүсү тууралуу айтып берди.
«АТАМ 2-КУРСУМА ЧЕЙИН КӨТӨРҮП ЖҮРҮП ОКУТТУ»
– Мен 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулгам. Баспай калышыма дарыгерлердин төрөт учурундагы кайдигерлиги себеп болгон дешет. Ата-энем элдик дарыгерлерге, табыптарга дарылатып жүрүшүп бутумдун оорусу өтүшүп кеткен. Кийин бутума бир канча жолу операция жасаттык, жыйынтык болбоду. Мектепти артыкчылык аттестат менен аяктагам.
Менин Ошко келишиме бир мугалим себепкер. Анын кызы менен сүйлөшүп жүрчүмүн, апасы угуп калып, мага «сен биздин теңибиз эмессиң, өзүңө ылайык кыздарды кара» деген. Оорукчан болуп калышыма мен күнөөлүү эмесмин да, менин да жүрөгүм, сезимим бар го. Аябай ызалангам, кыздарды көрсөм ачуум келчү. «Майыптык бактыма тоскоол болсо да, келечегиме эч качан тоскоол болбойт» деп Ошко келип жогорку окуу жайына тапшырдым. Ал учурда майыптар үчүн арабам да жок эле. 2-курста окуп калганча атам окуума көтөрүп барып, көтөрүп келип мени менен бирге окуп жатты. 2008-жылы Ош шаарындагы мыкты атуулдар жардам көрсөтүп, мага ушул майыптар арабасын алып беришкен.
Юрист, тарыхчы кесибине ээ болгом. Буга кошумча Мыктыбек Арстанбек агабыздын ТВ академиясында билим алып, журналисттик кесипти да аркаладым. «Кыз-Бурак» тобунун маалымат таратуу жагында, Айпери Кулбаева өңдүү ырчылардын администратору катары иштедим. Майыпмын деп отуруп калбастан, өзүмдү ар тараптан сынап көрдүм.
«АЛТЫ САНЫ АМАН ТУРУП НААРАЗЫ БОЛГОНДОРДУ ЖЕК КӨРӨМ»
– Жашоодо мени түшүнгөн инсандар аз. Досторум да жокко эсе. Мага ар тараптан каралашкан бир эле Самат аттуу досум бар. Ал эми мени толук түшүнүп, руханий жактан жардам берген досум – ырчы Каныкей. Мен капа болуп, көңүлүм чөгүп турганда Каныкей менен сүйлөшөм, ал мендеги болуп жаткан нерселердин баарын билет. Алты саны аман туруп жашоого нааразы болгондорду, дени соо туруп мен жасаган жумуштардын бирин жасабай, анан мага башкача көз карашта караган адамдарды кезиктиргенде дүйнөм тарып кетет.
«БИЛИП ТУРСАМ ДА КУДАЙ КЕЧИРГИС ИШ КЫЛДЫМ»
– Турмуштун ысык-суугун көп эле көрдүм. Кемсинткен, мактаган сөздөрдүн далайын уктум, турмуштан жетишерлик тажрыйба алдым. Бирок жашоодо Кудай кечиргис иш кылдым. Ал да сүйүүнүн айынан болду. Сүйүп калып өзүн жоготуп койгон адамдарды көрүп таңданчумун, ошол менин да башыма келди. Жашоомо кирип келген кыз менден 10 жаш кичүү.
Ушул жылдын жай айы эле. Бир таанышым мага телефонун карматып электрондук дарегиндеги сыр тамгаларды өзгөртүп берүүмдү суранды. Агентине кирсем 300дөй адам бар экен. Эмнегедир ошончонун ичинен Зейнеп (аты-жөнү өзгүртүлдү) деген ысым көзүмө урунду. Өздүк маалыматында телефон номери бар экен, аны жазып алдым. Кечке жуук байланышып, экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Ошол күндөн тартып түн бир оокумга чейин телефондо сүйлөшүп, агентте же СМС жазышып жүрдүк. Таң атпай аны менен сүйлөшүү, ал-абалын билүү адатка айланды. Демейде жумушка шашкан жаным анын үнүн бир укпасам колумдан иш келбечүдөй болуп калды. Менин майыптыгым, анын жаштыгы бизди ойлондурбай калды. Анын да мага байланып калганын сездим.
«БАКТЫЛУУ КҮНДӨР ӨТҮПТҮР»
– 1-октябрда мен 25 жашка толдум. Жакындарым менен сый дасторкондун үстүндө отурганбыз. Бир убакта Зейнеп мени куттуктап кат жазып жибериптир. Ошол күнү таңкы саат 4кө чейин сүйлөштүк. «Мен сизди сүйөм, мени таштап кетпеңизчи!» деген сөздөрү кулагыма угулуп жатты...
Ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө экөөбүз жолугууну чечтик. Зейнеп жолугушканы Жалал-Абаддан Ошко келмей болду. Мен ата-энемди Аксыдан чакырттым. 9-ноябрь күнү биринчи жолу көрүштүк. Аны кучактап, жылуу сезимдерибиз чын экенине ишендим. Үйгө алып барып ата-энем менен тааныштырдым. Алардын да Зейнепке мээрими чексиз эле. Барпалаңдап алышканычы...
Ошол түнү экөөбүз чогуу болдук. Чын дилден сүйлөштүк, күлдүк. Түн ортолосо да экөөбүздүн маегибиз бүтпөй, жанаша жатып уктап калыптырбыз. Тентектик, жаштык кылсак да ортобузда бактылуу күндөр болгон экен. Ал күндөрдү азыр эстеп жаш балача ыйлап алам.
«ЖАШЫРУУН НИКЕ КЫЙДЫРДЫК»
– Эртеси аны таксиге салып койдум. Бир жума өткөндө ал да, мен да чыдабай кайра жолугууну эңсеп калдык. Бул ирет ал мени менен түбөлүккө каларын, мага турмушка чыгарын айтты. Ата-энесине кат жазып, кийим-кече, документтерин алып жаныма келди. Эмне болгонун билбей калдым. Кайра-кайра шартымды түшүндүрүп, «Сен ушунун баарына даярсыңбы?» деп сурап жаттым. «Кызыңарды алдык» деп ата-энемди анын ата-энесинин астына жиберүүмө каршы болду. «Атам макул болбойт» деп туруп алды. «Өзү макул болуп жатат, мындан аркысын да көрө жатарбыз» дедим да, ошол күнү жашыруун нике кыйдырдык. Шаар кыдырып, сейил бактарды айланып, 2013-жылдын 16-ноябрын жашообуздун тарыхындагы «Үй-бүлө күнү» деп белгиледик.
«БИЗДИН СҮЙҮҮ АЛДАМЧЫЛЫККА АЙЫПТАЛДЫ»
– Зейнепти тааныштарым иштеген бир кафеге официант кылып жумушка киргизип койдум. Бир күнү Зейнептин атасы, байкеси, жездеси, класс жетекчиси, мектеп директору болуп үйүмө келишти. Мен бул күн келерин билгем, күткөм. Биздин сүйүүнү алар кайдан түшүнмөк... Бизди алдамчылыкка, бейбаштыкка айыпташты. Атасы мени «Колуңдан эмне келет?» деп басынтып, кызын алып кетип калды.
Туура, юридикалык жактан да, диний жактан да ката кетирдим. Юрист агалардан, дин аалымдарынан кеп-кеңеш алдым. Ата-энесине кабар бербегеним, жашы жете элек кызга жашыруун үйлөнгөнүм кечирилгис катам болду. Бирок булардын баары келинчегимдин макулдугу менен болгон иштер. Мени кечиргиле, бирок бактымды кайра кайтарып бергилечи! Майыптыгымдын артынан көңүлүм жарты болуп чоңойгом, өзүм басып барып кызыңарды канчалык сүйөрүмдү көрсөтө албай жатам.
Зейнепти алып кетип калгандан кийин артынан ата-энемди жиберейин десем келинчегим «атамдын жинин билбейсиз, үйгө киргизбейм деп аябай ачууланып жатат» деп такыр көнбөй койду. Мындан аркы тагдырыбыз кандай болот деп тынчсызданам. «Зейнепти турмуштан ажырашкан улуу адамга берет экен» деген кептерди угуп жатам. Эх, тагдыр! Менин айыбым майыптыгымбы? Башкага берип, «сен үйүңдөн качып, жашыруун эрге тийгенсиң» деп жемелеп, ыйлаткандан көрө баспасам да мен бактылуу кылсам жакшы го. Баласы турмушта күлүп-жайнап жашаса, ата-энеге андан өткөн бакыт бар беле? Бизди кечиргиле, бирок бактылуу болушубузга тоскоол болбогулачы. Биз бири-бирибизди түбөлүк сүйөбүз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg