ТӨРӨТТӨН 4 АЯЛ КАЗА БОЛДУ. КҮНӨӨ КИМДЕ?

Эне менен баланын дени сак болгону бүтүндөй калктын ден соолугу эмеспи. Мындай көз карашты баарыбыз кабыл ала турган болсок, анда жайдын акыркы эки айы жалпыбыз үчүн кейиштүү болуптур.

Адам зээнин кейиткен бул кайгылуу окуялардын башы июль айына барып такалат. Оксана аттуу келин 2 ай бою Бишкектеги №4 төрөт үйүндө жатып, 1-июль күнү көп кан жоготуудан көз жумган. Артында үч жашар баласы жана жаңы төрөлгөн ымыркайы калды. Андан көп өтпөй 17-июль күнү Гүлназ аттуу келин төрөтканага келет. 18-июль күнү саат 04:55те кан кетүүдөн каза табат. Бул келиндин артында төрт баласы калды.

Ал эми Кенжегүл аттуу келин 31-июль күнү ооруканага “Тез жардам” менен түшүп, операция аркылуу курсагындагы баланы алышат. Бирок ымыркай курсакта каза болгон. Кенжегүл эки күн оор абалда жатып, 2-август күнү жүрөгү токтоп, көз жумат. Кенжегүл биринчи ымыркайын күтүп жаткан. Андан 16 күндөн кийин Салтанат аттуу келин ай күнү жетип, төрөт үйүнө келет. 17-августта өзүн жакшы сезип жүргөн ал 18-август күнү уктап жатып эле эсин жоготуп, көз жумат. Салтанат уул күтүп жаткан эле. Бирок түйүлдүк бул жарыкты көрбөй, энеси менен кошо тиги дүйнөгө кете берди. Салтанаттын артында бир баласы калды.

Ошентип, бир жарым ай ичинде эле бир төрөтканада 4 келин каза таап отурат.

Өмүрлөрдү алып кеткен кайдыгерлик

Кол шилтеп басып кетмей кайдыгерлигибиз өзүбүзгө душман болгон учурлар көп кездешет. Бирок бул окуяларга кол шилтеп басып кетүү мүмкүн эмес. Анткени бир жарым айдын ичинде бир эле төрөт үйүндө ак халатчандардын кайдыгерлигинен эне болуу бактысын эңсеген 4 аял көз жумуп отурат. Окуялардын баш калаада кадырлуу деп саналган төрөт үйүндө болгону андан бетер кейиштүү. “Ишенген кожом сен болсоң...” дегендей, баш калаадагы төрөт үйүндө мындай иштер болуп жатса, элет жерлериндеги төрөтканаларда абал кандай болду экен?..

Депутаттар чыркырап...

Атайын иликтөөдөн кийин төрөт үйүнүн жетекчилиги бул окуяларды элге жеткирбөөгө абдан аракет кылганы билинди. Балким, бул каргашалуу иштерди укпай, билбей да калар белек. Бирок мындай кайгылуу окуянын чоо-жайы каза болгондордун арыздары аркылуу Жогорку Кеңешке жеткен. Дамира Ниязалиева­, Динара Молдошева өңдүү эне мээрими бар депутат айымдар трибунадан түшпөй тыкылдап жатып коомчулукту ойготушту.

Пулуң болсо, кулуңмун

ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева өз сөзүндө мындай дейт: “Азыркы кезде чын дили менен иштеп жаткан медицина адистери аз. Көптөгөн дарыгерлер төрөй турган эне акча берсе, күнү-түнү жанында туруп кароого даяр. Ал эми акча бере албагандары каралбай калат. Жыл башынан бери 8 ай ичинде өлкөдө 58 эне көз жумган.
Дарыгерлерди даярдоо жайларынын сапаты да жакшы эмес. Бир нече окуу жайында базасы толук болбогон медицина факультеттери бар. Булардан билими талапка ылайык дарыгерлер чыгат деп кантип ишенебиз?!
Бир жагынан айта кетсем, энелерде да күнөө бар. Төрөт маалы келгенче доктурларга көрүнүшпөйт. Каттоодон убагында өтүшпөйт. Бул маселе айрыкча элет жеринен шаарга келген ички мигранттарыбызга тиешелүү. Шаарда каттоосу жок, акчалары аз. Ошентип, төрөтү келгиче медициналык кароосуз жүрө беришет. Анан врачтар ушул шылтоону бетке кармашат да”.

Күнөөлүүлөр кимдер?

Кыргыз өзү болор иш болгон соң күнөөлүүнү издеп тапканга уста го, чиркин. Бул жолу да так эле ушундай болду. Окуяны иликтөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия бул иштин чоо-жайын териштирди. 16-сентябрдагы үч саатка созулган жыйындан соң төрөт үйүнүн башкы врачы Эсен Исаков жана анын дарылоо боюнча орун басары Е.Шилов кызматтан алынды. Бир нече кызматкерге эскертүү берилди.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министри, анын орун басарлары өз орундарында калышты. Аларга да эскертүү берилиши керек беле?! Дегеле кайсы бир кызматкерди кызматтан алуу менен эле маселени чечип коё алабызбы?!

Кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында Кылмыш-Жаза кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде төрт кылмыш иши козголду. Башкача айтканда, “медицина кызматкери адистик милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбаган” деген айыптын негизинде тергөө, иликтөө башталды.

Сактап калууга болот беле?

Бишкек шаардык 4-төрөт үйү ден соолугу начар, боюндагы балага коркунуч келген аялдардын төрөтүн кабыл алууга адистешкен бирден-бир перинаталдык борбор. Эгер төрөттөн аял каза болсо, төрөт үйүнүн жетекчилиги үч күн аралыгында окуя тууралуу Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборуна маалымат бериши зарыл болчу. Аталган улуттук борбордун маалыматына караганда, перинаталдык борбордун жетекчилигине алгачкы эки өлүм тууралуу кабар беришкен, калган экөө тууралуу маалымат айтылган эмес.
Ошентип, бир жарым ай ичинде каза тапкан аялдардын өлүмүн иликтеген комиссия “4 аялдын үчөөсүн сактап калууга мүмкүн эле” деген бүтүм чыгарды.

«Изилдөө зарыл»
Депутаттар “бир төрөт үйүнөн 1,5 ай ичинде 4 адамдын өлүмүнүн катталышы кечирилгис. Териштирүү керек. Көз каранды эмес комиссия түзүп, бул фактыларды изилдөө зарыл. Келиндердин мындай зээн кейиткен өлүмү учурдагы көйгөйлүү көрүнүштөрдөн. Кагаз түрүндө «энелер өлүмү азайды» деп айтылганы менен, иш жүзүндө андай болбой жатат” деп чыгышты.

Териштирүү башталды
Жыл башынан бери республика аймагында төрөттөн 58 аял каза болгон. Генералдык
прокуратура 58 эненин өлүмү
боюнча жер-жерлерде териштирүү иштерин жүргүзүүнү баштады.

“Дарылоо туура эмес жүргөн”

Төрөт үйүндө каза тапкан Оксана Бишкектин тургуну, 29 жашта эле. Төрөт үйүнө үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде келип түшкөн. 7 жумалык боюнда бар кезинде каттоого туруп, төртүнчү наристесинин жарыкка келишин күтүп жүргөн. Ага чейин 2000, 2002 жана 2007-жылдары төрөгөн. Бирок эки баласы чарчап калган. №12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого турганда, акушер-гинеколог М.Султанова боюнан алдырууну сунуштайт. Анткени Оксананын мурунку төрөттөрү абдан оор өткөн болчу. Мындай сунуштан Оксана баш тартат (бала экинчи никесинен болгону үчүн ушул чечимге келгени эми билинүүдө).
Эки жарым ай бою ооруканада жаткан Оксананы 1-июль күнү саат 09:50дө операцияга алып киришет. 7 мүнөттөн кийин 2 килограмм 200 грамм салмактагы ымыркай жарыкка келет. Бала аман төрөлгөнү менен, эне көп кан жоготуп, саат 12:30да кан басымы нөлгө түшүп, жүрөгү токтойт. Операция 3 саат 40 мүнөткө созулуп, Оксана 3,5 литр (3500 миллилитр) кан жоготкон.
Министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия Оксананын өлүмүн иликтөө бүткөндө “дарылоо туура эмес жүргөн, операция учурунда жетиштүү кан компоненттери болгон эмес” деген жыйынтык чыгарды.

3 литр кан жоготкон Гүлназ

Төрөт үйүндө каза тапкан аялдардын бири Гүлназ Бишкектин тургуну, 34 жашта болчу. Төрөт үйүнө 17-июлда келип түшкөн. №12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого алынган. Дарыгерлерге өз убагында кайрылып турган (буга чейин 6 жолу боюнда болуп, эки жолу аборт жасатканы маалым болду). Төрөт үйүнө ал 4-ирет балалуу болом деген кубанычтуу кыялда келген. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Гүлназга да жатындагы өзгөрүүлөрдөн улам боюнан алдыруу сунушталган экен. Бирок ал баш тарткан.
Ошентип, ал 17-июль күнү саат 20:58де операцияга киргизилет. Саат 01:40та биринчи операциядан кийин жатындан кан кетет. 10 мүнөттөн соң экинчи операция башталат. Бирок кан кетүү күчөгөн. Саат 05:20да 3 литр кан жоготкон 34 жаштагы Гүлназ жан берет.
Анын өлүмүн иликтөөгө алган комиссия “жатын толук дарыланган эмес. Тез арада керектүү жардам көрсөтүп, аялдын өмүрүн сактап калууга болмок” деп бүтүм чыгарды.

Биринчи перзентин күткөн Кенжегүл

Төрөттөн каза тапкан аялдардын бири Кенжегүл да Бишкектин тургуну, 34 жашта болчу. Ал №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна боюна бүткөнүнө 11 жума болгондо каттоого турган. Буга чейин бул айымдын 2 ирет боюна бүтүп, 1 жолу аборт жасаткан. Аман-эсен төрөп алса, тун балалуу болмок. Бирок ал тилегине жетпеди.
29-майда кан басымы жогорулаганы байкалып, 4-төрөт үйүнө жатып дарыланууга жөнөтүлөт. Бирок төрөт үйүндөгү адистер Кенжегүлдү ооруканага жаткырбай, амбулатордук дарылоого жөнөтүшөт. Абалы оңолбогон соң 8-июндан 18ине чейин ооруканага жатып дарыланат. 24-июнь күнү өзүн жаман сезип, кайрадан ооруканага жөнөтүлөт. Бирок Кенжегүл бул ирет дарылануудан баш тартып, Үй-бүлөлүк борборго да келбей калат. Аймактык гинекологго да жолукпай коёт.
Ошентип, ал 31-июль күнү “Тез жардам” менен төрөтканага түшөт. Курсактагы ымыркай каза болгону аныкталып, түйүлдүк операция жолу менен алынат. Саат­ 06:04тө операция башталып, 2 килограмм 169 грамм салмактагы өлүк ымыркай алынат. Эртеси Кенжегүлдүн абалы оорлошот.
2-август күнү саат 01:00до эсин жоготот. Ошол эле күнү саат 22:05те жасалма дем алдырууга карабай жүрөгү токтойт.
Кенжегүлдүн өлүмү боюнча комиссия “аял өз убагында төрөтүлгөн эмес.Кан басымды калыпка келтирүүчү жана анестезиологиялык иштер да өз нугунда жүрбөгөн” деген жыйынтык чыгарды.

Уйкудан ойгонбоду

Салтанат Бишкек шаарынын тургуну, 36 жашта эле. Бул айым боюна бүткөнүнө 19 жума болгондо, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого турган. 5 жолу доктурга көрүнгөн.
№4 төрөт үйүнө 17-август күнү 13:30да келген. Врачтар “түйүлдүктүн көлөмү чоң. Эне болсо анемиядан жабыр тартууда” деп жыйынтык чыгарып, аялды ооруканага жаткырышат. “Эгер ден соолугу тезинен начарлаганы байкалса, жасалма жол менен төрөтүү керек” деген чечим чыгат.
Ал 18-август күнү, саат 02:00дөгү тек­шерүү кезинде уктап жаткан болот. Саат 04:30да да уктап жатат. Саат 05:30да күтүүсүз кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготуп, оозунан көбүк чыгат. Саат 05:40та жүрөгү токтоп калат.
Комиссия Салтанаттын өлүмү боюнча “реанимациялык иш-чаралар туура жүргүзүлсө өлүмдөн алып калууга болмок. Оорулуу акушер-гинеколог жана мээрман айымдар тарабынан каралбай калган” деген жыйынтык чыгарды.
Биз Салтанаттын абысыны Саадаева Зуурага окуянын кандай болгонун сурап кайрылдык. Салтанаттын жолдошу жана башка жакындары айылда маркумдун кыркын өткөрүүгө кетишиптир.

– Айтсаңыз, Салтанат мурда ооручу беле?
– Мурда оорубай эле, баары жакшы болчу. Бул экинчи төрөтү эле. Убагында каттоого туруп, көрүнүп жүргөн. Төрөөрдүн астында жолдомо менен төрөтканага барган. Барса эле кан басымын ченеп, буттары кичине шишип калган экен, жаткырышыптыр. Ал күнү жакшынакай эле болчу. Бизди узатып калган. Анан эртеси эле каза болгонун угуп жатпайбызбы.
Доктурлардын айтуусунда, таңкы 4тө аябай кыйналыптыр. Анан алар анестезиологду чакырышыптыр. Анестезиолог: “Мени таңга маал чакырышты. Мен өз машинам менен келдим. Бирок кеч болуп калыптыр. Аял көз жумган экен”,- деп айтты.
Врачтар болсо бизге: “Кечирип койгула, силерден уруксат албай эле союп, денесин текшерүүдөн өткөрдүк”,- дешти. Маркумдун жакындарынын эч кандай уруксатысыз эле моргго алып барып союшуптур. Эмне үчүн? Демек, өздөрүнөн бир ката кеткенин сезишкен да. Илдет тарыхына эмне деп жазышты, ким билет?.. Денени союп көргөндөн кийин гана Салтанаттын каза тапканын бизге кабарлашты. “Жүрөктүн клапандары начар иштегенден улам каза тапты” деп айтышты. Андай болсо мурда билинет эле да. Министрликтин комиссиясынын текшерүүсү боюнча айып жүрөк клапандарында эмес эле врачтарда болуп чыкты. Ымыркай балпайган эркек бала экен. Аны энесинин курсагынан чыгарып коюшуптур.

Кочкордогу башаламан...

Баш калаадагы төрөт үйүндө болгон окуялар көпчүлүктүн талкуусуна коюлганда, бизге Кочкор районунан бир кат келип түштү. Чынында, бул каттын түп нускасы Саламаттыкты сактоо министрлигинде жатат. Анда 5 айдын ичинде Кочкор райондук төрөтканасынан 20 жаштар чамасындагы 3 эненин каза болгону айтылат. “Кум-Дөбө айылынын тургуну Рысгүл апрель айында төрөгөндөн кийин операция учурунда каза болсо, июнь айында Ак-Жар айылынан келген Кайыр аттуу жаш келин төрөттөн каза тапкан. Ал эми сентябрь айынын башында Исакеев атындагы айылдан келген Раиса аттуу келин да жакшы каралбай көз жумган” деп жазылган.

30 жыл бою акушер болуп иштеген Бегматова Сатиниса бул окуялар жөнүндө өз оюн мындайча билдирди:

– Мен өзүм совет кезинен тартып 30 жылдан ашуун төрөт үйүндө акушер болуп иштедим. Ошончо жыл ичинде мындай көрүнүшкө бир да жолу туш болгон эмесмин. Мурда мындай бир эле окуя катталса, ызы-чуу түшүп, министрликтен текшерүү келчү. Айып врачта болсо, азыркыдай кызматтан алып тим болбой, соттоп жиберишчү эле. Ал кезде медицина кызматкерлеринин иши аябай катуу көзөмөлдөнчү.

“Беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн”

“Эгер КЖКнын 119-беренеси боюнча коюлган айып далилденсе, врачтарга кандай жаза чектелиши мүмкүн?” деген суроо менен адвокат Кузиев Улукбекке кайрылдык.

– Аталган берененин 2-бөлүмү боюнча эгер жабырлануучу врачтын айыбы менен өлүмгө дуушар болсо, анда айыптуу медицина кызматкери 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мурда соттолбогон болсо, жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Же 5 жыл убакка чейин медицина тармагында эмгектенүүгө тыюу салынат.

Атайын комиссиянын жыйынтыгы боюнча алып караганда, мындай кайгылуу окуяларды болтурбай, алдын алууга мүмкүнчүлүк бар экен. Өз милдеттерин так аткаруу үчүн ак халатчандарга эмне тоскоолдук кылган? Кайдыгерликпи, шалаакылыкпы? Бул суроолорго жооп жок. Учурда каза тапкан энелердин өмүрүн артында калган жакындарына берсин дейбиз.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
janka
2009-09-28 11:11:44
Азыркы кезде чын дили менен иштеп жаткан медицина адистери аз. Көптөгөн дарыгерлер төрөй турган эне акча берсе, күнү-түнү жанында туруп кароого даяр. Ал эми акча бере албагандары каралбай калат.Ушундай кнтип болсун:( 5 жылга экиндигин ажыратыш керек врачтарды.
0
Aman
2009-09-29 15:34:26
Ээ кудай ушул кантип болсун, биздикилерге акча болсо эле болдубу..... кудай сактай кор, халатное отношение, ак халатты кийип кайсыл бетинер менен иштеп жатасынар.... адамдын омуру силер учун эч нерсе деле болбой калган тура....
0
makei
2009-10-01 11:21:53
баргандарды кадимкидей тоношот, козомол начар. ар кандай шылтоолор менен акча сурашат.
0
buk
2009-10-01 11:28:05
мамлекет керектуулору менен камсыз кылып, айлыктарын кобойтуп, жоопкерчиликти жогорулатыш керек. антпесе, мындай кайдыгерлик улана берет.
0
Bulat
2009-10-01 14:07:10
Баары акчага карап калган. Мындай окуяларга ким себепкер? Биринчиден Мамлекетибиз-коп маани беришпейт, айлык акысы аздыктан., экинчи кебир врачтар акча алмайынча жакшы карабайт., учунчудон сапаты жок врачтар акчанын кучу менен чон ишке турушуп мойнуна жоопкерчиликти албай башкаларга жуктошот. акча акча деп адамдарды олтурушуп жыргаткансып журушот. мындай врачтын котуно тебип, иштеп айдап керек болсо дипломун да алып салыш керек.
0
tentek
2009-10-03 02:42:03
жаман болуптур бирок жакшы аракет кылса болмок Доктурлар_Болтурсан боктон бомба жасайсын дейт жакшы караса деле болмок!!!
0
bemakg
2012-01-24 16:41:53
dokturlar okunu butup iwke kiriwkwnde emne dep ubada beret? owol ubadasyn atkarbait saktap kalyw kerek degendin orduna olturuw kwrek degen ubadany atkarywat bayaky ele ak4anyn aiy oooo adamdar oigongula biz ak4any tigi duinogo alparbaibyz bul duinodo biz konukpuz oz kulkundu oiloboi yimandy birinchi oiloguka ooo Kudaiym barybyzga yiman berekor.
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан