«Супер-Инфо» гезити жыл сайын талыкпай иштеген өнөр адамдарына, кыргыз маданиятынын өсүүсүнө салым кошкон инсандарга сыйлык тапшырып келет. 13-14-декабрь күндөрү Улуттук филармонияда жылдын көптөн бери күттүргөн аземи – Супер концерт болуп өттү. Ал күтүлбөгөн сюрприздерге бай болуп, жогорку деңгээлде өттү.
Кыргыз сахнасында өзгөчө үнү жана ой-жоруму бар, «быссымылда» деп чыккандан бери талыкпай эмгектенип, миңдеген адамдардын жүрөгүнөн орун алган ырларды жаратып келе жаткан ырчы Каныкейге «Заманыбыздын супер ырчысы» деген наам ыйгарылды.
Учурда Кыргызстандагы маданий иш-чараларды алпаруучу Нурзат Токтосуновасыз элестетүү кыйын. Бир нече жылдан бери тынымсыз изденүүнүн үстүндө келе жаткан, ошондой эле «Тамашоу» долбоору аркылуу жаштар арасында эне тилибиздин баа-баркын көтөрүүгө салым кошуп жаткан бул айымга «Заманыбыздын супер алпаруучусу» наамы ыйгарылды.
Алпаруучулук өнөрдү бир нече жылдан бери аркалап келе жаткан, өз эне тилин жакшы өздөштүрбөй калган кыргыздын улан-кыздарын «Тамашоу» долбоору аркылуу кыргызча түш жоруткан Эрмек Нурбаевге да «Заманыбыздын супер алпаруучусу» аттуу наам ыйгарылды.
Мекенди сүйүүгө багытталган жалындуу ырлары аркылуу кыргыздын жаштарын мекенчилдикке тарбиялоого салым кошуп келе жаткан Добр «Заманыбыздын супер рэп ырчысы» деп табылды.
«ЖЫЛДЫН ЖАҢЫРЫГЫ»
Алтынай Нарбаева:
– Мени конок катары чакырып, мындай сыйлык бергениңер жан дүйнөмдө чоң майрам жаратты. 8ден 80 жашка чейин силердин гезитиңерди сүйүп окушат. Силерге чоң рахмат!
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАМАША ТОБУ»
«Aк-Өргө city» командасы:
– Мындай наамды биринчи жолу алып жатканыбызга кубанычтабыз. Командадагы кээ бир балдар азыр Сочиде жүрүшөт. Бирок бул баарыбыздын жеңишибиз. Биз иштей берсек, аны баалай тургандар ушинтип табыла берет.
«ЖЫЛДЫН ТВ ПЕРСОНАСЫ»
Элиза Кененбаева:
– Өзүм эл алдына көп эле чыгам, бирок силердин сыйлыктын сүрү башкача экен. Башында талапкерлер-
дин катарына киргенде өзүмө анча ишенбей жаткам, кийин добуш берүүдө алдыга озуп чыкканда катуу ишене баштадым.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ»
Айсулуу Тыныбекова:
– Чынында, мен бул сыйлыкты күткөм. Анткени бул жыл мен үчүн түшүмдүү болду. Ар бир барган турнирде медаль менен кайтып жаттым. Спорт менен машыгып жүргөнүмө 4 жыл болду. Мени колдогон элиме ыраазымын!
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ» – «САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК!»
Тасманын продюсери НУРБЕК АЙБАШОВ, режиссёру РУСЛАН АКУН:
– Өзүңүздөр билгендей, биздин тасма көп эл аралык сынактардан утуп келген. Негизи, фильмдин үстүнөн көп адам иштеди, демек, сыйлык да ошол адамдардыкы.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ»
Аида Тулебаева: («Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы Эриканын ролунда)
– Мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Өзүм профессионал актриса эмесмин. Дебюттук ролумду ушундай баалап жатышканына чексиз ыраазымын.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТЁРУ»
Бектемир Мамаюсупов: («Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы Баатырдын ролунда)
– Наамды эл алдында алсам сонун болмок, бирок чет өлкөдө жүргөндүктөн концертке кечигип калдым. Алгачкылардан Аида Тулебаева чалып куттуктады.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ»
«Садагам» («Салам, Нью-Йорк!»), КАНЫКЕЙ:
– Саундтректин ийгилиги Руслан Акундун тасмасында демекчимин. «Садагамды» бир жыл бою ар бир сөзүн талдап жазгам. Эмгектин артынан ийгилик келди.
«Два огня» («До+Фа»), ЧОЛПОНАЙ:
– Бул ырым атайын клубда бийлегенге ыңгайлашып жазылгандыктан, көп массага жетпей калды деп ойлойм. Бул наамга көп деле үмүт кылган эмесмин.
«Жашырасың» («Карт бойдок»), СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ:
– Мен Каныкей аларын билгем, андыктан капа болгон жокмун. «Садагам» татыктуу бул наамга. Буюрса, биз кийинки жылы да жакшы эмгектерди жаратып, ийгиликтерге жетели.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ»
Жоодарбешим:
– Ооруганыма карабай концертке кызуу даярданып жаттым. Мээнетимди баалаганыңыздарга чоң рахмат!
Асел Кадырбекова:
– Дебютту албай калдым деп капаланган жокмун. Мен үчүн талапкерлердин арасынан суурулуп үчилтикке киргеним эле чоң ийгилик болду.
Малика Дина:
– Быйыл көп иштегеним эле дебют болбосо, негизи мен 12 жылдан бери сахнада жүрөм, андыктан бул наамды албай калганыма капаланбайм.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ»
«Мен сенден кетейинчи», ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ:
– Силерге рахмат, ушинтип эмгегибизди баалап жатканыңыздарга. Мындай сыйлыктар биз үчүн чоң стимул болот.
«Мен сүйгөн менен пайда жок», НУРМАТ САДЫРОВ:
– Бул ыр чынында эл арасында популярдуу болгон. Негизи, эл чечет эмеспи баарын. Маанайым бир аз түшүп калды, ошентсе да жакшы ырларды жарата бермекчимин.
«Менин да сүйүүм ушундай», НУРЛАН НАСИП:
– Мен чынында өзүмдөн да Нурматтын ырына «болеть» этип жаткам. Досумдун мындан ары да хит ырларды жаратышына ишенем.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ»
«Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», ИЛЬЯЗ АНДАШ:
– Ичимден «клибим супер аталууга татыктуу» деген ишеним бар болчу. Клиптин жаратуучуларына рахмат айтам.
«Ай-ай-ай», АВАЗ АКИМОВ:
– Клибим эл тарабынан жакшы кабыл алынып жатканы мен үчүн чоң жетишкендик. Мындан да сонун клиптерди тартканга аракет кылам.
«Айрылуу», ДАНИЕЛЬ:
– Менимче, калыстык болбой калды. Азырынча комментарий бербей эле турайын.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ»
«Ойлорум сага», МАЛИКА ДИНА:
– Бул ыр апам экөөбүзгө тең ийгилик алып келген ак жолтой чыгарма болду. Жаздырып жатканда анча көңүл бурбаптырмын, бирок бир-эки ырдап көргөндөн кийин жакшы көрүп калдым.
«Кетпейм сага жолукмайынча», САГЫНЫЧ:
– Капачылык жок, буюрса, кийинки жылы мындан да мыкты иштегенге аракет кылам. Дагы 1-2 жыл иштесем, сыйлыкка жетишем. Жашасын «Супер-Инфо»!
«Атаман», Нурлан Насип, АВАЗ АКИМОВ:
– Нурлан экөөбүздүн дос болуп жүргөнүбүзгө 10 жыл болуп калды. Бекем достугубузду даңазалап «Атаман» деген ырды кайра жаңы вариантта ырдап чыкканбыз. Биздин жеңишибиз элге жеткиликтүү ырдап бере алганыбызда деп ойлойм.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ»
Чолпонай:
– Абдан толкундануудамын, «Жылдын супер актрисасы» наамын алам го деп ойлогом. Буюрса, «Супер ырчы айым» деген наамды жеке концертимде далилдейм.
Айжамал Кабылова:
– Бүгүн мен үчүн күтүлбөгөн сюрприз болду. Кезинде Рыспай Абдыкадыровдун деле эмгеги бааланбай кеткен. Менин канчалык эмгегим бар экенин эл билет, элим аман болсун, эл үчүн чачыбыздын кылы жерге түшкөнчө иштөөгө даярбыз.
Айнура Салахидинова:
– Концертке келип катышканым эле чоң ийгилик. Концертке чейин төрөп коёмбу деп чочулап жаткам, Кудай жалгап тынч эле өттү.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ»
Нурлан Насип:
– Менин эмгегимди баалаган «Супер-Инфо» гезитине, элиме, мени дүйнөгө жараткан ата-энеме ыраазычылык билдирем. Ар дайым ырларым сиздер үчүн гана жаңыра бермекчи.
Дайыр Исмадияров:
– Мен чечимге нааразы болгон жокмун. Нурландын утушун билгем жана ийгилик каалайм.
Гүлжигит Сатыбеков:
– Мен быйыл «Супер ырчы мырза» наамын алышым керек деп жаткам. Бул наамга жетиш үчүн дагы башка сыйлыктарга татыш керек окшойт да.
КАЛЫСТАР ТОБУ
Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы», калыстар тобунун төрайымы
Азамат Макешов, «Келдике» зергер компаниясынын башкы директору
Айзада Сабердинова, «Табылга» соода комплексинин администратору
Бакыт Дыйканов, ММКларды колдоо борборунун кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы
Бактияр Токторов, «Заманыбыздын супер тобу» болгон «Биз» тобунун жетекчиси, солисти
Динара Орозбаева, Борбор Азиядагы Америка университетинин коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча директору
Самат Гуронов, «Билайн» компаниясынын Бишкек шаардык аймактык жетекчиси
Улан Барпиев, «Мегаком» компаниясынын атайын иш-чаралар боюнча башкы адиси
Эркин Назаров, «Аю» компаниясынын аткаруучу директору
Концерттин кульминациясы! «Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алпаруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алпаруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берди.
Концерттин жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөктөшкөн алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Бакыт Байсариев, Нурсултан Майназаровго, «Kultaev Production» студиясына жана «We'll be» бий тобуна ыраазычылык билдиребиз!
Гүлжамал Бөрүкулова,
Лунара Бекиева,
Адилет Бектуров,
Жазгүл Мажитова,
Замир Жумабаев
star@super.kg