«ЭМИ МАГА ЖАШООНУН КЫЗЫГЫ ЖОК»

«Адамдын жакшысын адам бузат» деген чын белем. Анын мага кылган мамилелеринен улам ал менден эч кайда кетпейт деп толук ишенчүмүн. Сүйүктүүмдүн күтүүсүз кадамы жан дүйнөмө бүлүк түшүрүп, жаз дүйнөмө бороон салды». Маектешим оор үшкүрүп башынан өткөнүн баян кылды.

«БААРЫ ДОСТУКТАН БАШТАЛДЫ»
– Аны менен таанышканыма көп болду. «Бардыгы достуктан башталат» десе капарыма алчу эмесмин. Талгат экөөбүз досторубуз аркылуу таанышып, майрамдык кечелерде чогуу отуруп калчубуз. Менин үйүм алыс болгондуктан, мындай майрамдарда эрте кетчүмүн. Ал дайым мени ошол ызы-чуулуу дүйнөдөн сууруп кетип үйүмө жеткирип койчу. Мен мындай мамиленин бардыгын достук деп эсептеп, аны адамгерчиликтүү жан катары сезчүмүн.
Бир күнү арабыздан биринин туулган күнү болуп, жайдын толуп турган мезгили болгондуктан, табияттын коюнуна чыгып эс алып келмей болдук. Чөйрөмдө көбүнчөсү өзүмө окшогон бардар кишилердин балдар-кыздары. Кайда барбайлы акча деген көйгөй жок, кете берчүбүз.

«АЛ – БУЗУЛГАН КЫЗ»
– Шаардын четине чыгып, чакан дасторкон жая салып, кыздар тамак даярдап өзүнчө жүргөнбүз. Бир маалда карта ойноп отурушкан балдар тараптан ызы-чуу чыгып калды. Чуркап барсак, Талгатка бир бала жулунуп, урушуп жатышкан экен. Баарыбыздын маанайыбыз түшүп отуруп калдык. Тамагыбызды жеп алып, шаарды көздөй жөнөдүк. Адатынча Талгат баарын жеткирип, эң аягында мени машинасында жалгыз калтырды. Үйгө айдайбы десем, жолго токтоп сөз баштады.
– Улан экөөбүздүн урушуп кетишибизге ким себеп деп ойлойсуң?
– Билбейм, ким экен?- ийинимди куушуруп койдум.
– Сен да. Ал сен жөнүндө жаман сөздөрдү айтты. Сени «бузулган кыз, жүрбөгөн адамы калган жок» деп кыжырымды келтирди. Мен сен үчүн аны менен мушташа кеттим, себеби... себебин эмне деп түшүндүрсөм?.. Менин сага деген сезимдерим бар. Сага аны көптөн бери айта албай жүргөм. Дос кыздарыбыз менен мамиле түзбөйбүз, жөн гана дос болобуз дегенбиз. Бирок мен сени сүйүп калганымды айтсам, Улан мени менен уруша кетти.

«ТАЛГАТ ӨЗГӨРҮП КЕТТИ...»
– Мен унчукпай акырына чейин угуп отурдум. Кайсы басыгыман улам айланамдагылар ушуну ойлоп алышты экен, ак жеринен кепке калтырган кайсы күнөөм болду экен? Чаржайыт ойлор мээме толуп кетти. Башымда бул эле эмес, Талгаттын билгизген сезимдери да калкып турат. Ойлонуп көрүүмдү жана жооп күтөрүн айтты.
Ошентип, кыз-жигит болуп калдык. Бирок ал кийин өзгөрө баштады. Дайым баскан-турганымды тескейт, баягыдай көзүмдү карап турган мамилеси да жок. Мен болсо ансыз жашай албай калгам. Эчен ирет аны унутуп, башка жашоо баштоону ойлодум, бирок аракетимди таш каап, андан башка адам көзүмө көрүнбөйт. Баарынан жиндендиргени – ар кайсы кыз-келиндер менен мамиле түзгөнү болду. Айтсам, эч нерсе болбогондой «эркекчилик да» деп моюнуна алып койгонучу. Чыдамым жетпей, бир күнү баарына чекит коюуну чечтим. Анын мага болгон суз мамилесинин себебин түшүндүрүп бер дедим. Көрсө, баягы жаратылышка эс алганы чыкканда Улан айткандын баарын жүрөгүнө түйүп жүргөн экен. «Мен сени жакшы көрөм, бирок сага ишене албай калдым. Балдарымдын энеси катары элестете албайм»,- деди. Жашка толгон көзүмдү болгон аракетимди жумшап көрсөтпөдүм. «Ушунун баарын ичиңе катып жүрө бербей айтпайт белең? Эркексиңби? Эркектей болуп ачык айт да, ар кимдин айткан ушагына ишене бербей!» дедим.

«ЭРТЕҢ ҮЙЛӨНӨТ ЭКЕН»
– «Эркексиңби?» деген сөз анын талуу жерине тийди окшойт. Талгат ошол сүйлөшүүдөн кийин жок болду. Кийин уксам, досуна барып, экөө ичип отурганда мага аябай капа болгонун айтып ыйлаптыр. Ошол боюнча жолуккан жокпуз. Талгат мага ачыла элек сыр боюнча кала берди. Мен аны адам катары абдан баалаар элем. Ишенчээк, ак көңүл, бирөөгө жамандыгы жок болчу.
Бүгүн жумушта отурсам, курбу кызым келип калды. «Уктуңбу? Эртең Талгат үйлөнөт экен» деди. Жер астын-үстүн болуп, жан дүйнөмө кыямат салды бул кабар. Биздин мамиленин бузулушуна кимди күнөөлөштү билбей койдум. Жаманатты кыла турган деле басыгым жок, бирок ич күйдүлөр көп. Менин жашоомо баары кызыгышат. «Ата-энең бай, жашоо шартың жомоктогудай» дешкендерин көп угам. Балким, көрө албай, ич күйдүлүк кылып ортобузга от жаккандар болгондур. Эми мага жашоонун кызыгы деле жок...
Маектешимдин төгүлгөн кирпиктеринен жаш тамып турду. Чынында, ал абдан чырайлуу экен. Жакшынакай, бай, бирок бактысыз. «Сулуу болуп эмес, бактылуу болуп туулуш керек» деген орустардын кебин ойлоп отурдум...

Гүлжан Асанкожоева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (71)
Taifun
2013-12-26 21:00:54
Bir kam duino!!!!!!!
-1
allan
2013-12-26 23:12:13
Taifun, Бири кем дуйно!десенер))Кам деген эмнеси?
0
alga_kyrgyz
2013-12-27 03:53:22
ал сени таштаса келчи бери мен сени кандай кана бактылуу кылаткемин
0
Мэри
2013-12-27 09:53:25
"Эми мага жашоонун кызыгы жок" деп жашоодон үмүтүн үзүп салыптыр. Суранат элем, жалпы эле адамдардан, акылдуу, сабырдуу, күчтүү, эрктүү болгулачы! Ошого өзүңөрдү тарбиялагылачы!
Жакында ушундай акылсыз сүйүүдөн эң жакын адамым жабыркады, жөн эле жабыркаган жок, бул өмүрдөн өтүп кетти. Болгону 23 жашта болчу!!!
0
NurbekKG
2013-12-28 10:08:18
Сулуу болуш бул бир жараткандан берилет, ал эми бактылуу болуш өзүбүздүн ниетибизге жана аракетибизге жараша болот. Ошондуктан көп деле кайгыруунун кереги жок. Сүйүү дагы келет. Балким ал теңи эместир эле, чыныгы сүйүүсү менен бактысы алдыдадыр.
+1
kursik
2013-12-29 11:08:50
Эл оозунда элек жок деген ушул да.Эч кайгырбай эле коюнуз.Эми бактылуу болушту кутуп жашай бериш керек.Жашоо бул сыноо да.Ак болсонуз бакыт бир кун келет.Ал эми жигитиниз сизди чындап суйгон.Кыз келиндерге барып жургон болсо сиздин конулунузду калтырайын деп эле жургон экен.
0
kursik
2013-12-29 11:12:18
Чындап суйгон эмес деп айтайын дегем.
0
Kunnur
2013-12-29 18:24:29
Балким мен айткан создор сага оор тийиши мумкун.ар ким озуно озу кылат.жашоо ошонусу менен сыноо.эгер кыз болсон анда ошол убакта далилдешин керек эле биринчиден.экинчиден эгер ал сени чындап суйгондо сенин кызсынбы же кыз эмесинби ал учун интереси болбойт.силердин ортонордо жон гана мамиле болсон ал учун а сен суйуп калгансын.мындай жашоо коп адамда кездешет бирок жашаш учун жашоодо Эрк керек
0
algajawoo
2013-12-29 19:02:23
Унут дейсин унутуш суйуштон кыйын турат
0
Meliana
2013-12-29 20:41:42
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт беле?
0
Tynchy28
2013-12-29 20:55:20
болбогон создор да. Эркек эмес балага эрегишип,жашоо кызыксыз дегенин кандай?анан да баймын дейсин...бай болсон,ан сезимин да бай болуш керек.
0
Begai_kg
2013-12-30 01:02:45
Tynchy28, мен да кошулам
0
elka_manas_kg
2013-12-30 11:07:47
Мандайга эмнени жазса ошону коросун дейт Канчалык суйуп бактылуу болууга козунуз жетче да бирок сизге башка адамды жазган ал болсо башка бир адамдыкы ошондуктан эч кайгыруунун кереги жок жашоода позитив мн жашоо керек ар бир аткан кундун ар бир баткаткан кунго шугур кылып жашоо керек !!!
0
safari
2014-01-04 16:42:14
"Эми мага жашоонун кызыгы деле жок".-десе аябай эле оор абалда го деп ойлогом. Суйгонун олбоптур го, биз адамдар кайгыра турган нерсени да издеп табабызда.
Жашоонун кызыгы жакынын асабадай атан, мээримдуу энен, коколотчуу канаттарын болгон бир туугандарын кайтыш болсо кетет:-(:-(:-(
Кызга айтарым эрктуу бол!
0
ms.byityk
2014-01-12 23:36:31
А сиз капаланбаныз менин дагы башымдан откон, убакыт даарылайт анан эч нерсе болбогондой отуп кетет.
0
bogot
2014-01-18 04:48:25
Ozundun bawuna tuwmoiun4a bilbeisin myndai kyiyn4ylykty
0
rahatAlina
2014-02-08 13:50:47
коп кайгырба убакыт дарылайт
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан