Былтыркы жылдан бери ОшМУда таланттуу, мыкты окуган, шарты начар 5 студентке атуулдук стипендиялар тапшырылып келет. Бул стипендияны аталган университеттин аты-жөнү жашыруун болуусун каалаган профессору өзүнүн жеке капчыгынан берет. Студенттер карточка аркылуу ай сайын банктан 100 доллардан алышат. Атуулдук стипендия берип жаткан профессор бул саамалыкты 50 жылга чейин улантарын айткан.
«Бул стипендияны алыш үчүн 24 студент документ тапшырган. Ар кандай шарттар менен 5 студент тандалып алынды»,- дейт аталган окуу жайдын маалымат катчысы Керимбек Калыкулов.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg