ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛИП МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ

16-декабрда Ош ОИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери пара алганга шектүүнү колго түшүрүштү. Өзгөн райондор аралык автоунаа каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо, сыноо бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну З.К. өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө
5 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалган. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 1956-жылы туулган М.Ж. аттуу жаран УАЗ 31512 үлгүсүндөгү автоунааны өзүнүн наамына өткөрүү үчүн аталган мекемеге барганда З.К. 5 миң сом акча талап кылган.
Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Tynchy28
2013-12-24 14:55:37
антикоррупциянын адамдары эле таза бекен?тим эле 6мин сом кармап алышып...оздорун деле коруп журом...
0
ainabaz82
2013-12-24 16:14:06
Менин бир коллегамды 5000 сом менен ОБЭП тер кармашкан. Анда айтылуу Бакиевдин убагы эле. Ошол кишини машинеге салып кетишти, анан уч сааттан кийин келип калды тиги киши. Корсо ОБЭП тин кызматкерлерине 3000 АКШ долларын бериптир. Мына тууган кой кайтарган карышкырлар.
+1
aza9191
2013-12-24 18:11:04
Аз эле алыптырго
0
o.aza
2013-12-25 01:10:57

5мин сом экен.биринчи 5миллион алгандарды кармап.камап элге ущинтип жарыяласа анан мо 5миндик параколорлор озу эле жоголуп кетет.биринчи 5миллионду кармагыла кармагыла
0
Boss77
2013-12-25 18:56:35
Миллиондорду алгандарды кармагылачы алгач.. 6 минге тошунорду какпай! Адилет бийлик жок демек адилетсиздик улана берет..
0
Boss77
2013-12-25 18:57:21
Миллиондорду алгандарды кармагылачы алгач.. 6 минге тошунорду какпай! Адилет бийлик жок демек адилетсиздик улана берет..
0
sardaralay
2013-12-26 18:27:41
Казынадан чонг акчаларды уурдагандарды кармаганга духтары жетпейт, ошого иштеп атабыз деш учун эптеп кичине болсо да кармаш керек.
0
altysha.kg
2013-12-26 21:20:32
Мумкун бул атайын пландаштырылган болсо керек .Кудайым баарыбызга ыйман,ынсап берсинчи ИншАллах!
0
kurguz...
2013-12-27 08:16:09
Пара алгандар журот пышкырып ен бечарани кармадыда башкасн кармай албайт.наоборот пара алган адамдан,корупцияга курошкон адамдар пара алат.ошол 5мин сом 5доллар болгондо кармалмак емес!
0
kurguz...
2013-12-27 08:17:40
5мим доллар болгондо
0
sezim1111
2013-12-27 13:17:24
Мына сага жанылык 5000 сом пара алган кызматкерди кармашыптыр. 5000 доллорду кармаганда не болмок?
0
mirlan.tulanbaev
2013-12-27 15:24:16
бул эч кандай жанылык деле эмесго.мындай нерселер конумуш эле адат болуп калбадыбы.буга окшогондор тоолтура кыргыз элимде.5000сом м.н кармалыптыр хммм.пок курсак депутаттар миллиондогон параларды алып жатышат
0
kgnur90
2013-12-28 11:30:20
сенсация болгон го!
0
kyzylbeles
2013-12-28 15:30:40
Арам акча м.н уй булосун баккычакты ачка олтурса болм ок.
0
Tak
2013-12-29 12:25:48
Бийликтегилер качан тойот.Кедейлердин жаман чокоюн алганда тойот.
0
Japan
2013-12-29 14:24:31
Бата менен эр когорот, пара менен чиновник осот((
+1
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан