Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов шаардагы бардык мекеме- ишканалардын жетекчилери менен 2014-жылды тосуп алууга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасына ылайык, бардык мекеме-ишканалар учурда күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Мындан сырткары майрам күндөрү электр жарыгы үзгүлтүксүз берилери маалым болду.
«Майрам күндөрү эч кандай жарык үзгүлтүккө учурабашы шарт. Эгерде авариялык өчүү учурлары катталса, тез арада калыбына келтириңиздер. Майрам күндөрү шаардыктар жарыксыз отурбасын», - дейт бул тууралуу Ильяс Ражапов. Ошондой эле вице-мэр 31-декабрда Ош шаарында коомдук унаалар түнкү саат 2ге чейин шаардыктарды тейлешет. Ал эми күч органдары коомдук тартипти сактоодо күчөтүлгөн режимде иш алып барышарын айтты. Учурда Ош шаарынын борбордук аянтына балатынын каркасы орнотула баштады. Балатынын узундугу канча болору азырынча маалымдала элек.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg