«КЕЧИРГИМ КЕЛЕТ, БИРОК...»

«Кантип эле ушундай болсун, болсо да эркек кишинин моминтип коомго айтып отурушу жигитчиликпи?» дебеңиз, окурман. Жигиттерде да жүрөк, сезим, арман болот. Тагдыр оюндарын көрүп отуруп жашоого бир жактуу баа берүүдөн да коркосуң. Атын жашыруун калтыргысы келген алайлык жигиттин арманына гезитибизден орун бердик.

«КЕЛИНЧЕГИМ БАШКАЛАРГА КӨҢҮЛДӨШ БОЛУП КЕТИПТИР»
– Жашоодо ойго келбеген окуялар көп болот экен. Өзүң менен бирге жатып, бирге турган адамың да көзүңө чөп салып кетиши оңой болуп калыптыр. Аялдардын жеңил ойлуулукка берилип кеткендерин көрүп, кулагым менен угуп жүрсөм да, менин аялым ушундай жолго түшүп кетет деген нерсе үч уктасам түшүмө кирбеген.
Келинчегим менен турмуш курганыма 10 жылдан ашты. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Тун уулубуз 5-класста окуйт, кенже кызыбыз 2 жашта. Үй-бүлө багуу – эркек кишинин милдети, эрте кетип, кеч келем. Акыркы күндөрү аялымдын мага болгон мамилеси өзгөрө баштады. Мени көргүсү келбей, кичинекей нерседен күндө жаңжал чыгарат. «Машинаңды берип тур, бир жакка барып келейин» дейт, териштирип отурбай берип коём. Бир күнү концертке кетти, телефону үйдө калыптыр. Алып агент деген балекетине кирсем, бир адам менен сүйлөшкөндөрү бар экен. Жазышпаган нерсеси калбаптыр, экөө кантип жолуккан, машинадагы окуялары, үйдөгү мамилелери, уруша кеткендери, ортосундагы сырларынын баарын жазышыптыр. Көрсө, аялым мурун башка эркектер менен көңүлдөш болуп жүргөн экен.
Сүйлөшкөндөрүн кагазга чыгарып келинчегим келгенде колуна карматсам эч нерсе болбогондой «Ооба, мен башка менен жүрөм. Бул биринчиси эмес» деди. Көрсө, унаамды келинчегиме ойношторуна жолукканы барганга берип жүрүптүрмүн.

«БАЛДАРЫМ АПАМ КАЧАН КЕЛЕТ ДЕШЕТ»
– Нес болуп калдым, ишенгим келбеди. Урушубуз күчөп, үйүбүз жаңжалдан арылбады. «Сени көргүм келбейт. Кудай жолунда жүргөн адаммын, сени Кудай жазаласын. Балдарыбыз үчүн жашашыбыз мүмкүн. Мен өзүмө келгенче көзүмө көрүнбө» дедим. Апамдарга, туугандардын эч кимисине айткан жокмун.
Бир айдан ашып калды, аялым учурда Бишкекте жүрөт. Эки балам менде, кызымды кайненем карап жатат. Кээде телефон чалып калганда бузулган аял көзүмө элестейт да, жийиркенип, ачуум келип уруша кетебиз. Балдарым «Апам качан келет?» дешет. Аларга да сыр бербей «жакында келет» деп коём. Кайын журтум, ата-энемдер да билишпейт, аларга «Бишкекке иштегени кетти» деп койгом.
Мындан ары кандай кадамдарга барарымды билбейм. Балдарым үчүн аялымды кечиргим келет, бирок...

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (79)
Stern
2013-12-25 20:46:38
"Жакшы эрге аял жармашып жашайт" дейт го.... Аялыныздын кылыгын эч ким колдобойт, бирок озунуз да ойлонунуз, эмнеликтен бул жолго тушуруп алдым деп
+1
admin_media
2013-12-26 10:10:44
beka-0570,
Биринчиден, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Экинчиден, "алайлык", "нарындык", "кыргызстандык", бул сөздөрдүн баары кичине тамга менен жазылат.
0
sobr_89kG
2013-12-26 14:57:16
жэрдеш экенс братан...Алайлыктар намыстуу келет оз эринин козуно чоп салган аял эчкачан катын боло албайт...балдарынызга куйумдуу аял табын аны кечирсениз деле ошол ишин кайталайт эртен еле...
0
Umut.94.13.11
2013-12-26 15:38:55
Кайтар дуйно.Бир куну окунуп кайтып келет.
0
chinara88
2013-12-26 21:06:08
Эркек деген эркектей болуш керек аял дегенди башынан катуу кармаш керек уч баланын атасы экенсиз озунуздо куноо жок болсо кайын журтунузга айтышыныз керек озунуздо куно болгон учун барынан жашырып бишкекке жибердиниз,не кыласыз кичинекей баланызды алдап апан эртен келет деп же сиз билбейсизби бала кандай энеге кусаа болгонун.
+1
ROUSE
2013-12-26 23:55:42
мындай аялдын барынан жогу жакшы. туура кылгансыз
-1
SALTANAT76
2013-12-27 13:58:32

эч убакта бир жактан кетпейт карабаса катын кетет бакпаса мал олот
0
kyzylbeles
2013-12-28 15:56:49
братан жарашпаныз ал аялыныз болбойт жараша турган болсонуз бир омур жер карап каласыз башка аял алыныз уйронгон адатын таштабайт ал акмак муздап салыш керек андайларды.
0
kamo
2013-12-29 01:06:05
Кудай сактасын. Менинда уй булоом бар. Ошол кичинекей мамлекетимди буза корбо,балдарымдан ,суйуктуу жолдошумдан ажырата корбо деп АЛЛАХТАН мин мертебе дуа кылам.
0
Akil8484
2013-12-30 11:58:54
Алайда да бир келин бар куйусунун машинесин минип алып анча мынча эс алып калчу деп угуп калчат элем бунун тагдыры да ушундай болуптур... Биринчиден аялынды кандыра албасан башкага кетиши мумкун суротуно караганда Контракт менен иштеген инсанга окшоп коруносун бала багуу атанын милдети болсо жана дагы эсинде болсун жубайын менен жашайсынбы же башка катын аласынбы аны да кандырыш керек болбосо бул корунуш кайталана берет "ОЗГОРУНУ ОЗУНДОН БАШТА"... Балдарына кыйын болуптур иним Алайлык болсон ат
+1
jashakyn
2014-01-04 02:17:09
Эне-"Нур",Эне-"Бакыт"."Аруулуктун баары аялзатында".-деген создордун баарын булгаптырго чиркин.ушул жолго алпарган акылын менен кара жерге кир.Аялдар эркектерге караганда сабырдуу дешет эле 10 муноттук оюн-кумарга бут сабырынды алдырган турбайсынбы...мейли,Кудай кечирсин.Байке колунуздан келсе балдарынызды жакшылап багып чонойтунуз.мындай аялды кулчулукка алсан да ал коомду булгайт.андан коро ыйманы бекем аял алууга камыныныз,убакыт озу дарылайт.балдарыныздын апасын унутасыз.бакыт каалайм!
0
akisha777
2014-01-14 15:06:14
шумдук а мумкун кемчилик озунуздо аялынызды канаттандыра албаганынызда?бирок аял киши озун тыйыш керек эле эми ошол аялдан кандай эне чыгат кандай бала тарбиялайт кудай билет.жашоонузду башынан баштаныз деп кенеш бермекмин баарибир ал аял мн жашоонузду улай албайс
0
siezd
2014-04-15 18:06:42
тобоо не деген шумдук аял кулагы менен суйот дейт балким озунуз аялыныз каалаган нерсени жасай албагандырсыз аял киши жон жерден андай жолго барбайт эгер ушул эле окуяда эркек жургон болгондо сразу эле аялын кунооломоксунор озу жакшы мамиле кылбаса керек деп ошон учун эмне себептен мындай жолго барганын билиш керек деп ойлойм
0
ali1975
2014-06-06 07:59:39
андайлар айбандан айырмасы жок жандык катары эсеп телинет
-1
Almazbek-1987
2015-03-16 12:02:31
билбейм башка аял ал деген кундо да азыркы аялын менен ажырашуу кыйын дос же замандаш жети олчоп бир кес биз корбогондон кийин бир нерсе деп айтуу кыйын
+1
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан