Декабрдын башында «Дискотека Авария» тобунун мүчөсү жана ырларынын автору Алексей Рыжов топтун экс-солисти Николай Тимофеевди сотко берип, моралдык компенсация катары 2,7 миллион рубль төлөп берүүсүн талап кылган эле. Буга Николайдын автордук укукту бузуп, кечелерде топтун ырларын аткарып жүргөндүгү себеп болгон. Бирок экөө тең юридикалык жактан автор катары катталгандыктан, сот ишин токтотуп койгон. Андан көп өтпөй «автордук укугумду тебелеп жаткандыгы үчүн 5 миллион рубль компенсация төлөшү керек» деп Николай сотко тосмо доо арыз менен кайрылды. Бул иш боюнча азырынча качан сот болору белгисиз.
Эске салсак, «Дискотека Авария» тобу 1990-жылы Николай менен Алексей тарабынан негизделип, 2012-жылы Николай жеке ырчы болгусу келгенин айтып, топтон чыгып кеткен. Анын ордуна Анна Хохлова аттуу ырчы айым кошулган.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg