19-декабрь күнү Лондондун Букинг сарайында принц Чарльз өз колу менен англиялык ырчы Аделге Британ империясынын орденин тапшырды. Ырчы айымдын бул орденге татуусуна искусство чөйрөсүндө ийгиликтерди жаратып келгени себеп болгон. Бул орден Аделдин жалгыз сыйлыгы эмес. Ал 25 жаш курагында 9 ирет «Грэмми» жана «Оскар», «Алтын глобус» сыйлыктарын багындырууга жетишти.
Эске салсак, Аделге чейин Стелла Маккартни, Энтони Хопкинс, Кейт Уинслет жана Жонатан Айв да мындай сыйлуу орденге татышкан.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg