«Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол» деген макал орустардын алтын үнү атыккан Николай Басковго куп жарашчудай. Анткени ал көптөн бери швейцариялык миллиардер айымдын башын айлантып жүрөт. Же тескерисинче, ал ырчыныкынбы?.. Кыскасы, Николай Жаңы жылды ошол калың капчыктуу Атанасия аттуу айым менен тосуп, Кариб аралдарында эс алып келерин жар салууда. Буга чейин ал ырчы мырзага 600 миң евролук Роллс-Ройс белек кылганы маалым. Чынында, Басков акыркы кезде чыгармачылыгынан да аялдар темасында өтө популярдуу болуп кетти. «Аалам периси-2002» Оксана Фёдорова, белгилүү балерина Анастасия Волочкова менен да катуу сүйүшүп-күйүшүп жүргөн. Ал эми өзүнөн бир топ улуу бул айым анын кезектеги жеңил романыбы же чын эле сүйүү келгенби, аны Басков өзү гана билбесе...
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg