ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-декабрдан 5-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн иштер тууралуу чындыктар калкып чыгат. Кызуу кандуулукка алдырбаңыз. Мыйзамга туура келбеген иш же документ жасоонун аягы жаза же айып тартууга алып келерин жылдыздар эскертет. Сүйүктүүңүз менен түйүндүү маселени чечүү кыйынга турат. Аптанын аягында тааныштар үйүңүздү шаңга толтурушат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйнө таанымды өстүрүүгө, сырдашып сүйлөшүүлөргө ыңгайлуу апта. Кандай кырдаал болбосун, жактырган адамыңызга жакшы таасир калтырууга жетишсеңиз болот. Майрамдан соң ден соолукка көңүл буруп, ашыкча тамактанбоо талап кылынат. Мындан тышкары жаракатка кабылуу коркунучу бар, андыктан абайлап жүрүңүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада адамдарды кандай болсо ошондой кабыл алуу керектигин эскерткен окуяга кабыласыз. Колдоо көрсөтүүчүлөрдүн жардамынан ашыкча колдонбоңуз. Сүйүүдө алдоого кабылууңуз мүмкүн. Апта соңунда кечеге баруудан баш тартыңыз, анткени жыйынтыгы сиз каалагандай болбойт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ден соолук да, жакшы көргөн адамыңыз менен мамиле да жайында боло бербейт. Ачык чырдашууга барбай, мамиленин андан ары кандай өнүгөрүн күтүү кажет. Апта ортосунда сиз кабыл алган чечимге үйдөгүлөр каршы чыгат. Кол шилтөөдөн мурун алардын оюн угуу туура. Дем алышта жакын адамыңыздын чөйрөсүндө убакыт өткөрөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Учурдагы турмушуңуздун абалын таразалап, эмнелерге жетишүү керектиги тууралуу план түзүүңүз керек. Бул алдыга жылууга көмөктөшөт. Бир топ себептер баалаган адамыңыздан жадатып, убактылуу алыстай турууга жеткириши мүмкүн. Апта ортосунда майда иштер көп чыгып, чарчатат. Апта аягында өзүмчүлдүктүн айынан бирөөлөр менен чырдашууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эс алып, жашоодон рахат алууга кезек келди. Сизди баалаган адамдар менен чер жазыша сүйлөшүңүз. Болгону сөзгө калбайын десеңиз, бирөөлөрдүн аброюна шек келтирбеңиз. Алыстан кабар келиши күтүлүүдө. Электр шаймандарын колдонууда сак болууну жылдыздар эскертет. Үй жандыгын сатуу же сатып алуу маселеси апта аягында чыгат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптага план түзүп койгон болсоңуз, аны унута бериңиз. Жылдыздар сизге сюрприздерди даярдап койгон жана кубантууга даяр. Сизден ак дил болуу жана алдоолорго барбоо талап кылынат. Апта ортосунда эски достор бир чоң көйгөйүңүздү чечүүгө жардамдашат. Жактырган адамыңыз сөзүндө туруп, жагымдуу кеч тартуулайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Маселени жардамчыларсыз эле тажрыйбаңызга таянып чече аласыз. Башкалардан өзгөчөлөнүп туруу үчүн чач жасалгаңызды, гардеробуңузду өзгөртүүңүз мүмкүн. Сүйүктүүңүз кечигип болсо да белегин берет. Суукта сыртта көп жумуш жасоодон сактанбасаңыз, ооруп каласыз. Эс алуу күндөрү үй-бүлө менен чакан жакшылыкка күбө болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жакшы тааныштардын ой-сунуштарына моюн толгобоңуз. Алар сизди баалайт жана жакшылык каалайт. Суукта күтүлүүчү оорулардын (мисалы, сасык тумоо, бронхит, пневмония) алдын алып, жылуу кийинүү кажет. Алыш-бериштерди эсептешүүгө мажбур болосуз. Апта аягында жаңы китеп окуп же жаңы тасма көрүп жан дүйнөңүз сергийт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Баарына реалдуу карап, кырдаалдан туура чыгып кетүүгө аракеттенүү зарыл. Жылдыздар кошумча акча табуунун жаңы жолун ачып берет, колдонуп калыңыз. Активдүү жеке жашоону же карьераны тандоо маселеси да чыгат. Ошондой эле туура эмес тамактануу жана уйкудан калуу ден соолукка залакасын тийгизет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кайсы жол менен барсаңыз ийгиликтерге жетишериңизди ачык билесиз. Балдар билбеген нерселерин үйрөтүүгө убакыт табууга аргасыз кылышат. Иштешүү жаатында сунуш түшөт. Алгач ал сунушту анализдеп, анан чечим кабыл алыңыз. Чөйрөдөгүлөрдүн көңүлүн бурдурбоо үчүн сүйүктүүңүз менен мамилени жашыруун кармай турганыңыз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Пландалбаган сатып алуулар же сапарга чыгуу күтүлүүдө. Майда маселелер өзүнөн өзү чечилет. Талашып-тартышуудан чындык айкын болорун эске алып, керектүү жерден өз оюңузду айтууга жетишиңиз. Жеке жашоого келсек, аны кооздоо өзүңүздөн, жакшы көргөн адамыңызды жер көрүүгө чакырыңыз, сейилдетиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан