2013-ЖЫЛ КАЙСЫ ОКУЯЛАР МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

Жыйынтыкталып жаткан жыл бир катар резонанстуу окуялар менен коштолду. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу, «Кумтөр» кенине байланыштуу митингдер айрым чиновниктерди кызматсыз калтырды.

ЖЫЛДЫН ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫРЛАРЫ

  • Быйылкы жыл Баткен облусундагы чек ара чуусу менен башталды. 5-январда Өзбекстандын Сох анклавынын жашоочулары Кыргызстандын Чарбак айылындагы чек ара постуна электр жарыгын киргизүү үчүн тургузулган электр мамыларын жыгып, Чарбактын 34 тургунун барымтага алып, кыргыз жарандарына тиешелүү болгон унааларды өрттөштү.
  • Дагы бир кейиштүү окуя Баткен облусунун Кадамжай районунун Сарыбай айылында 20-июнь күнү катталды. Анда Өзбекстандын чек арачылары 38 жаштагы Бакыт Тагаевди Кыргызстандын аймагына кууп кирип, 3 жолу атып өлтүрүштү.
  • 23-июнда Аксынын «Жетизагара» чек ара бекетинде мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек чек арачысына кыргыз чек арачылары ок чыгарып жарадар кылышты. Коңшу өлкөнүн чек арачысы ошол күнү каза тапты.
  • 21-сентябрда Кадамжай районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын 1 чек арачысын кыргыз мекен сакчылары жарадар кылышты.
  • 22-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун борбору Кербен шаарынын жанындагы Унгар-Тоодо чыр чыкты. Анын чокусунда жайгашкан Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станцияга өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, анын такталбаган аймакта жайгашканын айтып, кайтарууга ала башташты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагынан 2-октябрда чыгып кетишти.

ЖЫЛДЫН РЕЗОНАНСТУУ ОТСТАВКАЛАРЫ

  • Быйылкы жылы жаңы муундагы саясатчы экенин көрсөтүү менен кызматын таштап кетүүгө батынгандардын алгачкысы социалдык өнүктүрүү боюнча министр Кылычбек Султанов болду. Ушул жылдын 12-апрелинде социалдык блоктун куратору, вице-премьер Камила Талиева жыйын өткөрүп, карамагындагы министрлерди жана алардын орун басарларын сынга алып, өз жоопкерчилигин аларга түртө салуунун амалын кылган эле.
    Кылычбек Султанов мамлекеттик жооптуу кызматкердин мындай жоопкерсиздигине каршы үн катып, «Камила Талиева өзү жоопкер болгон блоктун баарын жөнү жок айыптоо менен социалдык блокту башкара албастыгын көрсөттү жана өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына ушундай баа берип койду» деген билдирүү таратты. Андан улам КПССтин тартиби менен чоңойгон «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов «мен премьер-министр болсом, кызматта туруп каяша айткандарды дароо иштен алмакмын» деп чыкты. Эски көз караштагы Кулов жетекчилер теңирден тескери жакка айдаса деле кол алдындагылары кың дебей ээрчип кете берүүсүн, «катачылык кылып жатасыңар» деп сын айтпоосун туура көрөрүн баса көрсөттү. Ошентип, Кылычбек Султанов өз каалоосу менен 16-апрелде арыз жазды.
    Кезинде, 2006-жылы 21-апрелде жарым жыл бою өнөр жай, соода жана туризм министри болуп турган Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыгуу менен бул кызматынан кеткен болчу. Ошондой эле 2009-жылдын декабрь айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турган Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Данияр Үсөновдун жүргүзгөн саясатына каршылык билдирип, Ак үйдө өтүп жаткан жыйындар залынын эшигин тарс жаап чыгып кеткен. Кылычбек Султановдун отствавкасы жогорудагы окуяларды эске салды.
  • Апрель айында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошоп, өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсүн иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер баштаган комиссия түзүлдү. Анын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев 17-апрелде «Батукаев чет өлкөгө учуп кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген» деп айтып чыкты. Ушул эле күнү кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазган вице-премьер 13-май күнү кайра кызматына кайтып келди.
    27-майда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары «Кумтөр» ишканасына талаптарды коюп, кенге барчу жолду тосушуп, заводду жарык менен камсыздаган көмөк чордонду өчүрүштү. Бул митингге байланыштуу «абалды жөндөй албады» деген сындардан улам 6-июнда коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер Шамиль Атаханов өз каалоосу менен кызматтан кетти.
  • 2-декабрь күнү Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органы тараткан маалымат боюнча, 2011-жылдын 3-октябрында Иса Өмүркулов жетектеп турган Бишкек мэриясы тарабынан «Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багынын чек арасын бекитүү жөнүндө» токтом чыгарылып, ага ылайык, сейил бактын аянты 14,22 гектарга (анын ичинде жеке адамдардын убактылуу колдонуусуна 3,0144 гектары бөлүнүп берилген) кичирейип кеткен. Жыйынтыгында сейил бакка тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү жалпы зонадан мыйзамсыз чыгарылган.
    4-декабрда Иса Өмүркулов арыз жазып, ишин тапшырды.

ЖЫЛДЫН СОТТУК ПРОЦЕССТЕРИ

  • 12-февралда Бишкек гарнизондук Аскер соту экс-президент Курманбек Бакиевди 24 жылга сыртынан соттоду. Ал эми Жаныш Бакиевдин мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылды жана генерал-лейтенант аскер наамы алынды. Ага-ини Бакиевдер 2009-жылы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш жообуна тартылышты. Көп өтпөй 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратып, мүлкү конфискациялансын деген өкүм чыгарды. Аны «2007-жылы Ысык-Көл облусундагы «Витязь» пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган, мындан мамлекетке 124 миллион сомдук зыян келтирилген», «Түндүк электр» ишканасын 136 миллион долларга сатууга аракет кылган» деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табышты.
    2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь окуяларындагы баш аламандыктар боюнча күнөөлөнүп 7 жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев ден соолугуна байланыштуу жатак абакка чыгып, ал жерден 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен эле. Абактан мөөнөтүн толук аткарбай качып кеткендиги үчүн ал 12-июнда 5 жылга сырттан кесилди.
  • «Мыйзамда­гы ууру» макамы бар Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарын шаардык соту Улуттук гематология борборунун кызматкерлери койгон «курч лейкоз» диагнозуна таянып мөөнөтүнөн мурда бошотту. Бул окуя өлкөнү бир топ чууга салды.
  • 2010-жылдагы талап-тоноо иштери боюнча ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-июнда 9 жылга кести. Райондук соттун чечимине макул болбогон Элдар Мадылбеков шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.
  • Коррупция боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 9-июль күнү өкүм окуду. Ага ылайык, борбор калаанын экс-мэри 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланмак болду.
  • Бул жылы соттук чечимдердин арасында актоолор да болуп жатты. Эске салсак, 2012-жылы 3-октябрда «Кумтөр» кенин улутташтыруу максатында тынч митинг өткөрүлүп, андагы аракеттери үчүн «мамлекеттик бийликти басып алууну көздөдү» деп Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов абакка алынган эле. Биринчи Май райондук соту 29-мартта Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга кескени менен, 17-июнда апелляциялык арызды кароодо Бишкек шаардык сотунун судьялары айыпталуучуларды сот залынан бошотту. Бул актоону көп узабай Жогорку Сот жокко чыгарды. Акыркы инстанциядагы соттук чечим 6-августта угузулуп, анда Биринчи Май райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылды. Ошентип, үч депутат 20-августта БШК тарабынан мандатынан ажыратылды.
  • Бул жылы соттолгондордун катарында социалдык өнүктүрүү боюнча экс-министр Равшан Сабиров да бар. Бишкек шаардык соту 7-мартта «Эл аралык бала асырап алуу боюнча чет жердик уюмдун өкүлүнөн пара алган» деп айыпталган Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыратты. 23-майда Жогорку Сот апелляциялык ишти карап, шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
  • Былтыр жыл аягында «Манас» аэропортунан кармалган кримчөйрөнүн дагы бир чоң «кити» Камчы Көлбаевге кылмыш иши козголгон эле. Ага «адам уурдоо», «бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү», «мыйзамсыз баңгизат сактоо» сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айып тагылып жаткан. Соттук отурумга чыкыя, стилдүү кийинип келип жаткан Көлбаевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-октябрда 5 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Чечимге макул болбогон прокуратура шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган эле, 24-декабрда экинчи инстанциядагы сот Көлбаевдин жазасын дагы 2 жыл 6 айга кыскартып, 3 жылга эркинен ажыратты.


  • Жыл башынан бери айтылып келе жаткан имиш чынга айланып, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибековго «коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынды. Аны колдоп Бишкекте, Ошто, Алайда бир катар чоң митингдер өттү. Бишкектин Октябрь райондук соту депутатты 19-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

(Уландысы кийинки санда)

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
fanatkg
2013-12-30 13:28:20
А неге М. Мырзакматовду жазбадынар?
0
Shekerbek
2013-12-30 15:16:29
fanatkg, жазгысы келбептир да же жазыштан коркушту!
0
Beka90
2013-12-30 15:34:26
Тушунсонор уландысы кийинки санда деп жазып туратко!
0
turatbek-92
2013-12-30 19:39:21
Хехе хей алсыз бийлик Ташиевди камай албай койду го.
0
belosnejka1
2013-12-31 22:45:53
turatbek-92, Ташиев кимге жамандык кылыптыр?
0
turatbek-92
2014-01-01 17:39:29
belosnejka1, Эч кимге жамандык кылган жок , бийликти сындап жатам.
0
turatbek-92
2013-12-30 19:40:13
Келдибековду да ошентип чыгарып жиберет болсо керек.
0
nora_lelka
2014-01-01 18:25:02
эмне учун жалан гана жаман жактарды жазышкан же жакшы эске калаарлык окуялар болбодубу!?
0
Ermek_sher
2014-01-04 01:06:45
Чек ара маселесин батыраак чечишсе жакшы болмок! Мындайлар коп катталууда чондор кайдигер карабагыла!!!
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан