Жылкы – энергиялуу, ыкчам, чыдамдуу жаныбар. Ал иштермандарды сүйүп, эркиндикти баалайт. Акыйкатсыздыкты, алдоону жана кара мүртөздүктү жан дүйнөсү кабыл албайт. Андыктан бул жылы анын талаптарындай иштеп, жашаган адам ийгилик ачкычына ээ болот.
ЧЫЧКАН
(1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008)
Каржы. Тырышып иштегендердин гана каржылык абалы бир калыпта сакталат. Күтүлбөгөн жерден кирешелүү же олжолуу болуп калуу деген болбойт. Ал эми сыйлыкты, айлыктын көтөрүлүшүн күтө бериңиз. Кыйын абалда калган жакыныңызга акчаңыздан бөлүшүүгө туура келет.
Карьера. Июлга чейин иштер сизден акылгөйлүктү, туура иш алып барууну талап кылып, бир орунда отургуза койбойт. Августта карьерадан өсүү күтүлүүдө.
Жеке жашоо. Үй-бүлөлүүлөрдө жайга чейин түйшүк көп чыгат. Түгөйүнүн иш менен жүрүп үйдө көп болбогону мамилени салкындатат. Сентябрда гана баары ордуна келет. Жазында болгон таанышуулар жалгыз бойлордун келечек тагдырын чечип, сүйүктүүсүн табат. Чычкандар сентябрга чейин иштеп да, эс алып да жетишишет.
УЙ
(1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009)
Каржы. Май-август аралыгында чоң мүлк, мисалы, турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Октябрь-ноябрда күтүлбөгөн чыгашалар көп чыгып, каражат топтоо кыйын. Жыл аягында жеке бизнес ачууга шарт түзүлөт.
Карьера. Февраль-мартта кызматтык тепкичтен жогорулоо мүмкүн. Бирок күздө иштен кете турган кырдаал түзүлөт. Иштен бошоп калсаңыз, сизди келечектүү жаңы иш оруну күтөт.
Жеке жашоо. Кээ бир бойдоктор өздөрүн жеңил алып жүрүп, көпчүлүк убактыларын пайдасыз көңүл ачууларга арнайт. Андыктан анын мамилесин сүйлөшкөн адамы олуттуу кабыл албай, баш кошууга жетишпейт. Мамилелери көп жылга созулгандарга гана нике шакегин тагынуу буюрат. Айта кетчү нерсе, тымпыйып баарын ичке катып жүрө берүү менен стресске, неврозго кабылуу коркунучу бар.
ЖОЛБОРС
(1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010)
Каржы. Жыл ичинде жетиштүү акча иштеп таба аласыз. Бирок апрель-май – ийгиликсиз айлар. Пайда табуу максатында акчаны чоң ишке салуу коркунучтуу. Андыктан андай планды артка жылдырыңыз. Күздө киреше көп болот.
Карьера. Иште лидерликти алдырып жибербейин деп сактанып, ашыкча иштөөнүн кажети жок. Андан көрө билимди жогорулатуу үчүн курстан өтүп койсоңуз, жаңыча иштеп, кызмат ордуңузду бекемдеп аласыз. Жаз айларында чет жерге чыгууңуз мүмкүн.
Жеке жашоо. Жыл ичинде майда чырлар, мамилени жөнү жок териштирүүлөр көп чыгат. Эмоцияга алдыра бергендер сүйүктүүсү менен ажырашууга дейре жетет. Иштеги жаман маанайды үйгө ала келбей, урушту ырбатпай өчүрүп кала алгандар гана бактылуу болот.
КОЁН
(1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011)
Каржы. Күмөндүү келишимдерди түзүүнү, акчаны баалуу кагаздарга алмаштырууну сунуштагандар чыгат. Макул болбоо керек. Ноябрь акчаны иштетип пайда табууга ылайыктуу. Көп акчалуу болуу үчүн пайдалуу маалыматтан куру калбоо зарыл.
Карьера. Көпчүлүк коёндор жаңы иш издөөлөрү жана ылайыктуу мезгилде которулуп кетүүлөрү мүмкүн. Чыгармачыл адамдар жайында чоң иштерди бүтүрүшсө, күздө кызматынан жогорулашат.
Жеке жашоо. Үй-бүлөлүүлөр үй-жайдын жайлуулугу, чогуу эс алуу, жакындардын талаптарын аткарууга көп көңүл буруулары кажет. Болбосо мамилени сактап калуу кыйын. Бойдокторго баш кошуу сунушун киргизүүгө жай мезгили ылайыктуу.
БАЛЫК
(1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012)
Каржы. Жаз айы карыз чогултууну, топтолгон акчаны иштетип, пайда табууну талап кылат. Июлдан кийин киреше көбөйө баштайт. Жыл ичинде достор жана жакындар акчалай жардам көрсөтүп, колдошот.
Карьера. Сентябрга чейин иш өз нугу менен жүрмөкчү. Бирок жаңы пландардын арты менен кызматтан көтөрүлүүгө мүмкүн. Болгону иште кас адамдын бут тосууларына жол бербөө кажет.
Жеке жашоо. Башы бошторго көңүл буруп, сөз айттыргандар көп чыгат. Бирок тандоого келгенде туура чечим кабыл албаса, баш кошкондон кийин өкүнүп калуулары мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр эски жараларын чукубай, таарынычтарын унутушпаса мамилелер салкындап, аягы жакшылыкка алып барбайт.
ЖЫЛАН
(1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)
Каржы. Өзүңүздү жана үй-бүлөнү камсыздоо үчүн акча жетиштүү болот. Кайсы бир ишке акча салуу жаатында сунуш түшөт. Келишимге кылдат баам салуу кажет. Мүмкүн, алар сизди алдагылары келип жатат. Кымбат нерсени нак акчага алуу сунушталат. Насыя акчага алуунун арты чыр менен аяктайт.
Карьера. Алгачкы 5-6 айда сиз канчалык жакшы иштегениңиз менен, жетекчилик туура баалай албаса, эмгегиңиз текке кетет. Августта жогорку деңгээлге көтөрүлүп, жакшы орунга жылууңузга шарт түзүлөт.
Жеке жашоо. Жалгыз бойлор мамилени узакка түзө албай баштары катат. Үй-бүлөлүүлөр жашоосун тозоктой сезе башташат. Бирок ошол абалдан чыгып кетүүгө күч үрөп, шериктерине жакшылап көңүл буруп, убактыларын арнашса эле баары ойдогудай болот. Жыл аягы толук бактылуулукту тартуулайт.
ЖЫЛКЫ
(1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002)
Каржы. Чогуу иштешүүгө өнөктөштөрдү туура тандабагандар банкротко учурайт. Жылдын ортосуна чейин айлык көбөйөт. Жазында турак жай сатып алууга же үйдү оңдоп-түзөөгө көп акча коротууңуз күтүлүүдө.
Карьера. Жооптуу кызматта иштегендерди жана чыгармачыл адамдарды ийгиликтер коштойт. Калгандар өз милдеттерин башкаларга жүктөп салбай, оор кырдаалда жамаатка тирек боло алса гана жогорку тепкичке көтөрүлүшөт.
Жеке жашоо. Башы боштор жаккан адамына жакындоого болгон күчүн жумшашат. Бирок ийгилик күздө гана жылмаят. Үй-бүлөсү барлар жеңил ойлуулугунун арты менен мамилеге доо кетирип алышып, жыл этегинде гана калыпка келтиришет.
КОЙ
(1931, 1943, 1955, 1967,1979, 1991, 2003)
Каржы. Жыл ичинде күнүмдүк керектүүлөрдөн тышкары кошумча акча алып жүргүдөй каражат таап тура алышат. Бирок акчаны туура бөлүштүрө алышса гана. Июнь айы чоң буюм сатып алууга жол ачып берет. Октябрь айында чакан ишкана ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Карьера. Профессионалдык чөйрөдө көп өзгөрүүлөр жүрөт. Иштөө шартынын алымсындырбаганы, жетекчилик менен келишпөө – башка ишке кетүүгө жеткирүүсү мүмкүн. Бирок жаңы иш оруну көңүлдөгүдөй болуп, жакшы маяна ала алышат.
Жеке жашоо. Бойдоктор мамилесине муздак жооп бергендердин ордун жаңылары менен алмаштырып убара тартышат. Бактыларын кеч күздө табышы күтүлөт. Үй-бүлөсү барлардын жашоосу өз нугунда агып, ток пейил жашоо кечиришет.
Эскерте кетчү нерсе, өнөкөт оорулар ашыкча салмактан арылууга, жаман адаттарды таштоого айласыз түртөт.
МАЙМЫЛ
(1932, 1944, 1956, 1968,1980, 1992, 2004)
Каржы. Алгачкы 5-6 айда эле болгон акчаларын коротуп отуруп калышат. Анан арга жок күчтөнүп иштөөгө өтүшүп, иши үчүн сыйлыктарга илинишет. Күздүн башында бир топ кирешелер түшөт. Жыл этегине таяп материалдык абалын оңдоп, кыялындагы кыймылсыз мүлк сатып алуулары мүмкүн.
Карьера. Иши жок жүргөндөр май айында жумушка орношо алышат. Иштеп жүргөндөр жаңы досунун арты менен дүйнөгө, жашоого башкача карап, карьерадан көтөрүлүүгө күч жумшашат. Жыл ичиндеги командировкалар пайда гана алып келет.
Жеке жашоо. Жылдын башында кээ бир бойдоктор сүйүктүүсүнө салкын болуп чыга келишсе, айрымдары чырдашат. Сүйүү көпүрөсүн бузуу же бузбоо өздөрүнөн көз каранды. Үй-бүлөсү барлар карьера да, акча да жакындарынан ашык турбасын сезишет. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнө камкор болуп, алардын талаптарын көбүрөөк эске алууга алып келет.
ТООК
(1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005)
Каржы. Жылкы жылы сизди акчага көмүлтүүнү пландабайт. Каражатты үнөмдөө зарыл. Ал тургай бир нерсени сатып алып жатып «бул мага чындап керек беле?» дегенге чейин ойлонушуңуз мүмкүн. Бизнеси барлар да көп киреше таба беришпейт. Финансылык иштер жакшы кеңешчинин арты менен ноябрдан баштап гана жакшы түшүм берет.
Карьера. Жыл башында жамаат менен тил табышуу кыйындайт. Июлда таптакыр туюкка камалуу күтүлөт. Жетекчилик менен айтышуу кызматтан төмөндөөгө жеткириши ыктымал. Октябрда баары калыпка келип, ноябрда жаңы жетекчилик менен иштейсиз.
Жеке жашоо. Жалгыз бойлор идеалдуу адамды табам деп убакыт өткөргүчө, өздөрүн турган турушу менен кабыл алып, барктай турган адам менен кол кармашкандары оң. Үй-бүлөсү менен жашап жаткандар жыл ортосунда бир мүдүрүлүшүп, анан жашоолорун жакшы алып кетишет.
ИТ
(1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006)
Каржы. Акча жетишерлик болуп, улам жаңы буюм сатып алуу, жакындарга белек тартуулоо пландары жаралат. Бирок жайында акча көп сарпталып, августта каржылык тартыштыгы сезилет. Кирешени үйдө сактоонун ордуна ишенимдүү банкта сактоо сунушталат.
Карьера. Лидерлик позицияга ээ болуу үчүн жаңы идеяларды киргизип, жамааттын ишенимине кирүү кажет. Аракет кылсаңыз сиздин колдон келет. Май-июнда башка бөлүмгө которулуу же кирешелүү башка ишке өтүү сунушталат.
Жеке жашоо. Кээ бир бойдоктор жаңы сүйүктүүсү менен толук кандуу мамиле кура албай же эски романдарын жыйыштыра албай эки анжы абалда калышат. Августта гана кимиси менен калууну чечишет. Үй-бүлөсү менен күн кечиргендерде убак-убагы менен кызгануудан чыр чыгып турат.
ДОҢУЗ
(1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007)
Каржы. Жазында жана күзүндө материалдык кыйынчылыктар чыгат. Андыктан акчаны үнөмдөө, ашыкча буюм сатып албоо керектелет. Декабрда лотереядан утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Карьера. Өз дареметтери жетпеген ишке жулунуп, өтө акылдуусунбашы керек. Бул абройду түшүрүп, карьерадан өстүрбөйт. Андан көрө ишти жеңилдетүүнүн жаңы ыкмаларын караштырып, сунуштасаңыз жетекчилик баалайт. Күздө жаңы ийгиликтер күтөт.
Жеке жашоо. Жылкы жылында мээримдүү, камкор, жапакеч болуп чыга келишет. Муну, албетте, жан шериктер баалайт. Кыскасы, жыл гармонияда өтөт. Жалгыз бойлор кемчиликтеринен кутулууга аракеттенип, сүйүктүүсүн никеге каттатууга шашышат.
КЫРГЫЗСТАНДА
Бишкектеги көзү ачыктардын 2014-Жылкы жылына карата божомолдору:
ДҮЙНӨДӨ
Белгилүү орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу:
Ванганын алдын ала айтуусу:
ДАЛ КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР
2013-жылы эмнелер күтүлөрү тууралуу биз жазган божомолдордун көпчүлүгү туура келиптир. Өзүңүз күбө болуңуз.
КЫРГЫЗСТАНДА
Божомол: Майдын 15инен тартып июнь ичинде коомдо толкундоолор, масштабдуу акциялар, аскерий кагылышуулар болушу мүмкүн.
Тактасак: Ысык-Көлдө «Кумтөр» маселесине байланыштуу митинг 27-май күнү башталып, 70 киши жаракат алды.
Божомол: Июндун этеги, июлдун башында суу каптоо, жер титирөө болот.
Тактасак: 29-июнда Майлы-Суу шаарында катуу жамгыр жаап, сел жүргөн. 1-июлда Аксы районундагы Дерес айылында катуу жааган жамгырдан улам жүргөн сел 4 турак үйдү каптаган.
Божомол: Дин башкармалыгында орун алмашуулар жүрөт.
Тактасак: 17-июлда муфтий Чубак ажы Жалилов кызматтан кетти. Ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Рахматулла Эгембердиев шайланды.
Божомол: 20-августтан тартып сентябрдын аягына чейин саясатта өзгөрүүлөр жүрөт.
Тактасак: Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августта соттолгон «ата журтчу» депутаттарды (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) мандатынан ажыратты.
ДҮЙНӨДӨ
Божомол: Японияда, АКШда, Улуу Британияда цунами, суу каптоолор болот. Экономикалык чыгымдар өсөт.
Тактасак: 2013-жылы дүйнөдө табигый жана техногендик кырсыктардан улам экономикалык чыгымдар 130 миллиард долларды түздү жана башка.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg