ТОЙЛОРДУ, КУБАНЫЧТЫ ТАРТУУЛАГАН ЖЫЛАН ЖЫЛЫ

Жыл аяктап баратканда көп нерсеге жыйынтык чыгарат эмеспизби. Биз дагы «Шоу, маданият чөйрөсүндө бир жыл бою кандай окуялар болду? Ким кандай ийгиликке жетишти? Ким менен ким табышты?» деген суроолорго жооп издеп, жылдын жыйынтыгын чыгардык.

ТҮГӨЙҮН ТАПКАНДАР КӨП БОЛДУ
Бул жыл кыргыз сахнасындагы алдыңкы бойдок кыз-жигиттердин үй-бүлө күтүүсү менен эсте калды окшойт. Жылан жылынын башталышында актёр, режиссёр Азамат Арыков Бегайым аттуу бийкечке баш кошуп, кесиптештерине жол ачып берген. Артынан «тамашоучу» Бакыт Осмонканов 9 жыл арзышып жүргөн классташына баш байлады. Ошентип, үлпөт той өткөрүү эстафетасын актёр Нурдөөлөт Копоев улантып, «Дельмар» тобунун ырчысы Азат Раимбердиев, КВНчи Саламат Алиев, тележурналист Али Токтакунов, ди-джей Акыл Ирсалиев, ырчылар KG Эльмурат, Сапар Эркебаев, Ильяз Андаш, Фархат Кеңешбек уулу, «тамашоучулар» Санжар Мыкыев, Азим Кунеев, Эмил Токтошев, футболчу Азамат Байматовго чейин жетти.
Мырзалар гана эмес, селкилер да түгөйлөрүн таап, эне статусуна ээ болушту. Алсак, кыргыз шоу-бизнесиндеги чырайлуу айымдардын сап башында турган Бактыгүл Бадыева былтыр турмушка чыкканын ушул жылы ачыкка чыгарып, элге той берди. Андан сырткары «Версус» бий тобунун жетекчиси, бийчи, дизайнер Айпери Обозова казак жигитине баш кошту. Эки айым тең учурда ширин кыздарды эркелетип өстүрүп жатышат. Ошондой эле актриса Роза Азимбаева, «Береке» бий тобунун жетекчиси Айнура Кыдыралиева, ырчы Гүлмира Рыспаева да Жылан жылында багын тапкан айымдардын катарында. Ди-джейлер Гүлназ Бакир кызы менен Алтын Мырзанын да ушул жылы үй-бүлө курганын кошо кетпесек болбос.
Кыргыз эстрадасынын көз күйдүргөн бойдок мырзаларынын бири Мирбек Атабеков жаңы жылга жалгыз кирбейин деп максат койгон окшойт. Жайдан бери мына үйлөнөт, ана үйлөнөт деген ырчы декабрдын ортосунда ак өргөөсүнө сүйгөн кызы Мээримди киргизди. Ушинтип чыгармачыл чөйрөдөгү бойдок жаштардын катары суюлууда.

БАЛА ЖЫТЫН ИСКЕГЕНДЕР
Эми кезек перзент күтүп, наристе жытына мас болгон жылдыздарда. Жылдын башында клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы, актриса Кымбат Асизова менен тун уулдуу болушкан. Алардын катарын улай ди-джей Расул Мырзатегин, телеалпаруучу Жанар Акаев, ырчы Мирлан Баеков, Чыңгыз Мырзаев биринчи жолу ата статусун алышты.
Жазында Султан Садыралиевге жубайы кыз белек кылса, айымдардан Айпери Кулбаева, Айнура Салахидинова, Мээри Шакулина, дикторлор Кыял Шаршеева, Гүлжан Кулманбетова перзенттүү болушту. Бир күндө Съездбек Искеналиев кыздуу, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу уулдуу болушса, артынан эле Максат Бегалиевдин 3-уулу жарыкка келди. Ырчылардан сырткары таланттуу режиссёр Сүйүн Откеев, тамада, ырчы Жеңиш Айтиевдин үйүндө да наристе үнү жаңырып, сүйүнүчтөрү коюнга батпай жүрүшөт. Анан да жаш актриса Нуриза Бурханова эл өкүлү Турсунбай Бакир уулуна турмушка чыгып, кыз төрөп бергени жылдын сенсациясы болду.

ЫЗЫ-ЧУУСУЗ БОЛМОК БЕЛЕ?
Жазында Айгерим Расул кызынын МАИчинин мурдун кан жалата урганы тууралуу видео интернетке тарап, чоң талкууну жаратты. Андан кийинки «тема» Майрамбек Осмоновдун үй-бүлөлүк чыр маселеси болду. Гезиттер аркылуу бири-бирине болгон нааразычылыктарын айтып отуруп, акыры сотто ырчы мырзанын жубайы утуп чыкканы айтылууда. Бир жыл мурун үйлөнгөн Алихандын да оту көпкө тутанбай, быйыл жубайы менен эки ажырымга түшүшкөн эле. Бирок учурда ырчы мырза мурунку сүйлөшкөн кызына баш кошуп, бактылуу жашап жатканын билдирген.

АЖАЛ АЙТЫП КЕЛБЕЙТ...
Тилекке каршы, Жылан жылы жоготууларсыз өткөн жок. Быйыл элге эмгеги сиңген инсандардан композитор Тарас Асанакунов, «Чиркин өмүр» телесериалында Зикинтайдын ролун ойногон актриса Зарылкан Бообекова, акын, обончу, журналист Жалил Сыдыков, белгилүү обончу, КРнын Эл артисти Апаз Жайнаковдон ажырадык. Жакшы-жаман, жаш-кары деп тандабайт экен, шум ажал бир мезгилде «Тагдыр» телеберүүсүнүн жаратуучусу, журналист Болот Макетаев жана «Азия Микс» командасынын оюнчусу Ренат Тентимишовду алып, экөө тең 22-август күнү жерге берилди.
Ноябрь айында уккан адамдын жүрөгүн титиреткен окуя болду. «Элибизге шоумен, тамада катары таанымал Бакыт Букаевди аёосуз кыйнап өлтүрүшүптүр» деген кеп желдей тарап, үрөйдү учурду эле. Көп өтпөй 44 жаштагы шоуменди өлтүргөнгө шектелип эки адам кармалды.

ИЙГИЛИК КУШУН КАРМАГАНДАР
2013-жылдагы ийгиликтердин башын Ильяз Абдыразаков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алып баштап берген эле. Андан кийин ырчылар Нурзат Садыкова менен Кайрат Салмакеев Башкортостанда өткөн «Дуслык моно» аттуу фестивалга барып, Нурзат 2-орунду багындырып, Кайрат «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы» аталып кайтышкан.
Бул жылы ийгилик кушу бир гана ырчылардын «көчөсүндө» эмес, бийчилер жакка да өттү. Дегенибиз, «We`ll be» бий тобу Астана шаарында өткөн «Көчө бийинин мезгили» аттуу Эл аралык фестивалда баш байгени өңөрүп келишкен. Султан Садыралиев жазында Казакстандын Тараз шаарында казак композитору Алтынбек Коразбаевдин ырларын аткаруу боюнча эл аралык сынакта биринчиликти багындырып, «Мыкты аткаруучу» деген дипломго жана акчалай сыйлыкка ээ болду.
Кыргыз юмору мамлекет чегинде эле өнүкпөй, коңшу өлкөлөргө да тамыр жайып жатканы кубандырат. Быйыл Москва шаарында өткөн Эл аралык КВН оюндарынын Жогорку Лигасында чейрек финалга чейин жеткен «Азия Микс» командасы жана Премьер Лиганын чейрек финалында ойногон «Тамашоу» курама командасынын эмгеги сыймыкка татыды.
Ал эми жаш балдардын кумирине айланган дагы бир кыргыздын сыймыгы Атай Өмүрзаковдун өзү тарбиялаган «Тумар КР» тобу менен биргеликте орусиялык «Даңк мүнөтү» долбоорунун жарым финалына чейин жетип, андан ары катышуудан баш тартканын баары эрдик катары көрүштү. Атактуу долбоордо жеңишке бир тепкич калганда баш тартып койгонунун себебин билбегендер болсо, айта кетели. Атайдын айтымында, долбоордун жеңүүчүлөрү алдын ала чечилип коюлган.
«Даңк мүнөтү» биз үчүн чек эмес» деген бийчи көп өтпөй Кытайда жыл сайын берилчү «Бүткүл элдик Оскар-2013» сыйлыгынын лауреаты болуп, «Кубаныч жаңырыгы» наамын багындырды.
Андан сырткары «Супер-Инфо» гезити тарабынан Алтынай Нарбаева «Жылдын жаңырыгы», Нурзат Токтосунова, Эрмек Нурбаев «Заманыбыздын супер алып баруучусу», Добр «Заманыбыздын супер рэп ырчысы», Каныкей «Заманыбыздын супер ырчысы» наамдарын алып, дагы бир топ атактуулар сыйлыкка татышты.
Ал эми материалдык жактан өзүнө упай топтогон ырчылар да бар. Шоу чөйрөдө түгөйлөр деп атыгып келаткан Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова, ошондой эле Ильяз Андаш быйыл эки бөлмөлүү батирге ээ болушту. «Мен сүйгөн менен пайда жок» деп сыздаган Нурмат Садыров Nissan Cefiro, «тамашоучу» Эмил Эсеналиев Mazda Xedos 9, Айгерим Расул кызы Mercedes үлгүсүндөгү унааларды тээп жүрүшөт.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Begai_kg
2013-12-30 13:37:00
бул жылы жаман да жакшы да нерселер коп болду
0
Gulirka
2013-12-30 16:19:16
Ренат =(
+1
Sonun90
2013-12-30 16:28:45
Да, эмнеси болсо жаман жыл болгон жок. Эми жылкы жылы жалан жакшылыктардын жылы болсун деп тилек кылалычы туугандар.
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан