КУТ БОЛСУН ЖАҢЫ ЖЫЛЫБЫЗ!

Маданияты аркылуу ар бир улуттун руханий байлыгын, салтын, тарыхын билсек болот. Кайсы элдин маданияты өнүп-өссө, ошол элдин мамлекеттик туткасы бекем болот. Биздин өлкө туткасынын бекемделишине салым кошуп келе жаткан маданият өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда экени талашсыз. Учурда филармонияда эмгектенүү менен элибиздин жан дүйнөсүнө азык берип келген атактуу инсандарыбыз кыргыз элин Жаңы жылы менен куттукташат.

КРнын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов:«ЭЛИБИЗДЕ БЕКЕМ ТЫНЧТЫК БОЛСУН»
– Филармониянын жамааты үчүн өтүп бара жаткан жыл жаман болгон жок. Эң башкысы баарыбыз түгөл Жылкы жылынын босогосун аттаганы турабыз. Филармонияда эл жүрөгүнөн түнөк тапкан, эл сүйгөн атактуу топтор бар. Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «Ак марал» мамлекеттик бий ансамбли, камералык оркестр, Эстебес Турсуналиев жана Алыкул Үсөнбаев атындагы фольклордук топтор жана белгилүү ырчылар эмгектенишет.
Таланты менен аты таанымал болгон маданият өкүлдөрүсүз майрамды, айрыкча Жаңы жылды тосуу эч мүмкүн эмес. Дайыма үйүңөрдө шаңдуу ыр жаңырсын деп кыргыз журтчулугун Жылкы жылы менен филармониянын жалпы жамаатынын атынан куттуктайм! Ар бир адам Жаңы жылды жакшы үмүт менен тосот. Ошол үмүттөр аткарылсын. Элибизде бекем тынчтык, бакубат жашоо, токчулук болсун.

КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкова:«КЫРГЫЗ ЭЛИ ЖЫЛКЫНЫ ЫЙЫК ТУТАТ»
– 2014-жыл – Жылкы жыл экен. Кыргыз эли илгертеден эле жылкыны кастарлап, ыйык тутуп келген. Демек, Жаңы жылда ниети ак, эмгекчил, иштерман адамдарга сөзсүз жылдын кожоюну колдоо көрсөтүп, бийиктиктерге жеткирет деп ишенем.
Келе жаткан жыл бардык адам­дарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк ынтымак, көөнөрбөс сүйүү, бакубат жашоо алып келсин. Жергебизде бейпилдик, өсүп-өнүгүү өкүм сүрсүн. Кыргыз эли экономикасы гүлдөгөн, улуттук идеологиясы мыкты, руханий-маданий жашообуз жогорку деңгээлдеги эң алдыңкы мамлекеттерден бололу!

 

КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, башкы балетмейстер Мелис Асылбашев:«БИЗ БАГЫНТЧУ БИЙИКТИКТЕР ДАГЫ АЛДЫДА»
– Келе жаткан 2014-жыл менен жалпы кыргыз элин куттуктайм! Келе жаткан жыл­да «Ак марал» бий ансамбли ачык, даңгыр жолдун алдында турат. Учурдан пайдаланып биздин ансамблдин курамын түзгөн таланттуу кыздар-балдарды Жаңы жылы менен куттуктайм! Биз багынтчу бийиктиктер дагы алдыда. Биздин ар бир бийибизге, концертибизге күбө болуп, алакан чаап тосуп алган элимди дагы «Ак марал» бий ансамблинин атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Элибиз концертибизге тынбай келип турушсун. Биз элибиз үчүн иштейбиз, алардын кол чабууларынан ырахат алабыз.

 

КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Анарбек Ибраев:«ЖЫЛКЫ ЖЫЛЫНДА ЖЫЛКЫДАЙ ТЕБИШПЕЙЛИ»
– Адатка айланып калгандай эле, Жаңы жылда элибиз жакшылыкты, сүйүнүчтү тилек кылат, күтөт. Буюрса, Жылкы жылына баш бакканы турабыз. «Ат – адамдын канаты» деп кыргыз илгертен жылкыны жакын досу катары эсептеп келген. Жылкы жылында тебишпеген, көтөрүлүштөргө чыга бербеген, социалдык суроолордун баары чечилген жыл болсо экен дейм. Мындай жылдардан болуш үчүн маданият кызматкерлери да салым кошушу керек. Жанга жагымдуу, адамга азык болчу, Ата Мекенди, эли-жерибизди, ата-энени сүйүүгө үндөгөн ырларды жаратсак, жакшы жылдардан болушуна кошкон биздин салымыбыз ушул болор эле.

 

КРнын Эл артисти, Чыңгыз Айтматов, Жумамүдүн Шералиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Гүлсүн Мамашева:«БИЗ МАМЛЕКЕТ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ, АЛАР ЭЛГЕ ИШЕНСИН»
– Келе жаткан жылыбыз өсүп-өнүгүүнүн, жакшылыктардын жылы болоруна көзүм жетип турат. Анткени жакшы иштердин башы кылтыйып көрүнүп калды. Жаңы башталыштар 2014-жылы алга жылат, бутактанат, жакшы жыйынтык берет деп ишенем. Элибиз жакшы деп айтканга көнбөй, жаман дегенге көнүп алды. Ошондуктан жакшыны жакшы дегенге үйрөнөлү. Ушул жылыбыз ишенимдин жылы болсун. Биз мамлекет жетекчилерине, алар элине ишенсин.

 


КРнын Эл артисти, Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру Сагынбек Акматалиев:«ЖАН ДҮЙНӨ АЗЫГЫН ТОЛТУРАЛЫ»
– Жаңы жылда жаркын максаттарыбыздын баары орундалсын. Кыргыз эли алдыңкы, өнүккөн мамлекеттин ээси болсо дейм. Ушу тапта эл өз иштеринен четтеп митинг, саясат деп кыйкырып калгандай элес калтырат. Кыргызымда баалуулуктар көп го, жан дүйнө азыгын ошолор менен толтуралы.

 



КРнын Эмгек сиңирген артисти, «Даңк» медалынын ээси Майрам Дүйшекеева:«ЭЛ БАР ҮЧҮН БИЗ БАРБЫЗ»
– Өнөр адамдарынын пейили абдан жакшы болот. Элибиздин маанайы жарык болсо, биздин маанай да жаркырайт. Мен башынан эле айтам, эл бар үчүн биз барбыз. Артка кылчайсак, эмне деген гана залкарларыбыздын көзү өтүп кетти. Алардын атын өчүрбөй келе жаткан бул – элибиз. Элим бар экенине сүйүнөм, сыймыктанам. Кирип келген Жаңы жылда элиме бардык жакшылыктарды каалайм. Ак жолтой жылдардан болсун, ар бир үй-бүлөгө бакыт тилейм.

Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан