ЖАҢЫ ЖЫЛГА ДАЯРДЫК

Чыгыш жылнаамасына ылайык, кирип келе жаткан жыл – Жылкы жылы. Астрологдор ар бир жыл белгисинин өзүнө тиешелүү мүнөздөмөлөрү бар экенин белгилешет. Кирип келе жаткан Жаңы жылды кандай тосуп алуу керек? Бул жылы кайсы түскө басым жасап, кандай белектерди тартуулаган туура? Мына ушундай суроолорго жооп төмөнкү макалада.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАСАЛГАЛАР
Бул жылдын тумары деп жыгач жылкы эсептелет. Салтка айланып калган жаңы жылдык балатыны кооздоодо жылкыны же анын такасын элестеткен оюнчуктарды илиңиз. Жыгачтан, кийизден жасалган буюмдар менен үйдүн ичин жасалгаласаңыз болот. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, саманды да колдонуңуз. Бул ырымдын мааниси – жыл ичинде курсагыңыз ток болот деген ишенимди билдирет.

МАЙРАМДЫН ЭРТЕСИ
«Майрам болот, майрамдын эртеси да болот» демекчи, шампан же башка ичимдик ичкен адамдардын эртеси сөзсүз башы ооруйт. Бул учурда туздалган капустанын, бадыраңдын суусун, сүт азыктарын, өзгөчө сүзмө, айран же карагат кошулган чай ичүү сунушталат. Андан тышкары мончо, калемпир кошулган шорпо да организмди тазалоого жардам берет.

ЭСКИ МОДАГА КАЙРЫЛАБЫЗ
Бардык жаңы нерсе бул – убакыт унуттурган эски нерселер дегендей, улуу муундун эски сандыгын ачууга мезгил келди. Себеби келе жаткан 2014-жылы ретро-стиль модада болмокчу. 60-80-90-жылдардын модасы аралашып келе жаткан жылдын жаңылыгына айланмакчы. Айрыкча бүчүсү жок пальтолор, этеги коңгуроо сымал көйнөктөр, этеги кууш юбкалар, бели бийик, багелеги ичке шымдар сиздин саркечтигиңизди билдирет.
Бул жылды жашыл, көк, ачык кызыл жана сары түс аралашкан кийимдерди кийип тосуу сунушталат. Кездемелердин ичинен баркыт, жибек, каракүл, жүндөн жасалган жана аларга мех кошулуп, сайма түшүрүлгөн кийимдер жана жынсылар, швейцар чакмагы, табигаттын сүрөтү түшүрүлгөн кездемелердин да актуалдуу болушу күтүлүүдө.

БЕЛЕКТЕР
Жылкы табиятынан эркиндикти, ылдамдыкты, тазалыкты жана сулуулукту жактырат. Андыктан тушоону, арканды элестеткен буулуучу буюмдарды белекке берүүдөн баш тартыңыз.

АЙЫМДАР ҮЧҮН БЕЛЕК
Сунушталат: Атыр, косметика, гүлдесте, кооз кийим, шиш така.
Сунушталбайт: Саат, шакек, билерик, чынжыр, моюн орогуч.

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН БЕЛЕК
Сунушталат: Темир тулпар, сапаттуу устара, атыр, техникалык жабдыктар же шаймандар.
Сунушталбайт: Саат, мом­посуй, кур.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан