Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы»:«БАЛАЛЫГЫМ ӨТКӨН АЙЫЛ СУУ АСТЫНДА КАЛДЫ»

Кыргызда Бек Борбиев деген ысымды тааныбаган адам болбосо керек. Бул ырчы дайыма жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө күйөрмандарын Жаңы жылы менен куттуктап концерт берип келет. Концерттин алдынан жолугуп, ырчынын артта калган балалыгы тууралуу кенен маек курдук.

– Бек мырза, бактылуу балалыктын каалгасын ачып, маек куралы деп келдик...
– Эгер менин армандарым бар болсо, ошонун бирөө балалыгым өткөн жерди көрө албаганым. Кээ бирөөлөр балалыгын сагынганда туулуп-өскөн, ойногон жерине барып бир аз эс алып калат го. Менин туулган жерим – Токтогул суу сактагычынын алдында калган «Ленин» колхозу. Айылыбыз токойлуу, тыт көп өскөн, кооз жер болчу. Кошуналар «тигине, көл келатат» деп айта беришчү. Үйдүн тепкичине чыгып карап чын эле көлдү көрчүмүн.
Эсимде, айылга үй куруучу топ келген. Жалаң орустар болчу. Тентек кылган баланы «орус келатат» деп коркутушчу. Башында мен да коркуп тыпыйып калчумун, кийин орустар менен аралашып, айдоочулар менен сүйлөшүп калганда ойлонор элем, «булар деле бизге окшогон адам турбайбы» деп. Кийин апам «орус келатат» десе коркмок түгүл «пыш» дебей да калгам.
Мектепке барарга аз калганда Терек-Суу деген айылдын өкмөт салган жаңы үйлөрүнүн бирине көчүп кирдик. Атам агроном болуп иштечү. Бир жолу эски жол менен машинада баратып атам биздин мурунку үйдү көрсөттү. «Тээтиги сен чоңойгон үйдү көрүп жатасыңбы, жакшылап карап ал» деди. Карасам көл биздин үйгө 100 метрдей калыптыр. Ошондо гана эмне үчүн башка айылга көчкөнүбүздү түшүнүп, бала болсом да ичим ачышты.

– Мектепке барарда сизге тамга үйрөтүп, даярдаган ким болду?
– Мен өзүм эле үйрөндүм. Көзү өтүп кетти, менден төрт жаш улуу эжем бар эле. Анын сабак окуп жатканын карап отуруп эле өздөштүрүп кеткем. Анын үстүнө апам мугалим болуп иштечү. Кээде мени таштаарга киши таппай, мектепке ээрчитип алчу. Ал сабак өтө берчү, мен артта отура берчүмүн. Ошонун да таасири тийсе керек.

– Ошентип мектеп босогосун Терек-Суу айылынан аттаптырсыз да...
– Ооба, ошондой болду. Эң жакшы баага, жалаң «5ке» окуй баштадым. Бирок дайыма бир нерсе мени кыжалат кыла берчү. Биздин класстын атаманы Чынара деген кыз болчу. Өзү аябай карылуу, чымыр денелүү эле. Колумду кайрып туруп жон талаштыра койгондо дем ала албай калчумун. 3-4 жолу мушташып, таяк жеп калгам. Мектепке тизилип кирчүбүз. Атамандар башында турушат. Бардык класстын атамандары эркек балдар, биздики эле кыз. Чынарадан кийин 2-атаман болуп тизилем. Аябай уялчумун. Бир жолу байкелер «Класста канчанчы атамансың?» деп сурай беришет. Экинчи экенимди айтсам, «Биринчи ким?» дешет, «Чынара» десем каткырып жатып калышты. Аябай намыстандым...
2-класска көчкөндө Чынара менен согушам деп каникулда катуу даярдандым. Чынара мага көп тийишчү эмес, 3-4-атамандарды, атамандыкка жарабагандарды баса калып эле сабай берчү. Тазалык сектору да болчу, тырмагы кир, өсүп кеткендердин да сазайын берчү. Бир жолу экөөбүз согуша кетип, сабап койдум. Балдардын баары «Чынараны уруп койду, уруп койду» деп жатып калышты. Ошентип анан 1-атамандыкты алгам.

– Канчанчы класска чейин 1-атаман болдуңуз?
– 4-классты аяктагыча 1-атаман болдум. 5-класстан тарта атамдын жумушуна байланыштуу Токтогулга көчүп, ошол жактан окуп калдым. Барып эле «Силерде 1-атаман ким?» дедим, «Атаман деген эмне?» деп кайра менден сурашты, унчукпай кала бердим.
Ал жерде «дружить этем» деген сөз мода экен. Тегеректи карап, бирөө менен «дружить этиш» керек турбайбы деп биринчи жолу менден бир жаш кичүү кызга «дружить этпейлиби» деп кат жаздым. Андан жооп келгенин-келбегенин эстей албай жатам, кыскасы, «дружить эткен» жокмун. 6-класстан Торкен айылына көчүп кеттик.
Терек-Суудан балдар бири-бирибизге «Мага алың жетеби?» деп сүйлөйт элек, торкендиктер «Менден коркосуңбу?» дешет экен. Мектепке барган биринчи күнү эле бирөө келип «Менден коркосуңбу?» деди. «Жок» десем экинчиси, анан үчүнчүсү келип сурап кетти. Бир баласы лагерге барчу экен, мен да барчу элем. Ал мени таанып, «бул эч кимден коркпойт, барбарис, кыйын күрөшөт» деди. «Эмнеге мени барбарис деди?» деп ойлонуп калдым. «Анда текшерип көрөлү» дешип сабакка кирип кетишти. 15 мүнөттүк танаписте мектептен алысыраак жерге бардык. Мен күрөшөм дегендердин баарын жыктым. Ошондо анан тиги бала мени «борец» деп айтам деп «барбарис» дегенин түшүндүм.

– Жок дегенде өзүңүздөн улуулардан коркчу белеңиз?
– Классташтарды кой, улууларды да жеңбедимби. Мектепти менден бир жаш улуу Талант деген бала кармайт экен. Ал өзү деле кыйын күрөшсө керек, анын үстүнө байкесинен бүт айыл коркот экен. Талант менен мушташып, аны уруп койдум. Окуучулардын баары мени сыйлай башташты.
7-класстан тарта аккордеон менен ырдап жүрдүм. Мектептин дубал гезитин чыгарганда сүрөт тартчумун, анча-мынча ыр жазчумун. Баскетболду, волейболду жакшы ойночумун. Бардык жагынан жакшы жыйынтык көрсөткөн активистти ким жаман көрсүн, кыздардын да сүймөнчүгүнө айландым.

– Отуруштарды канчанчы класстан уюштура баштадыңар?
– Мен үйгө отуруш уюштурган жокмун. Апам мугалим болсо, кайдан... Биринчи жолу 7-класста отуруш кылдык. Кыздар тамак жасашты, 2 бөтөлкө шарап, консервадагы балык алдык. Күн батканда эле кыздарыбыз кетип калышты. 5-6 бала калып шарапты ичип, мас болумуш болуп үйүбүзгө тарадык.

– Алгачкы сүйүүлөр ошол учурда башталса керек...
– 8-класста окуп жүргөндө менден бир жаш улуу кыз менен сүйлөштүм. Үч бурчтук кылып каттарды жазчумун да, кичинекей балдардан берип жиберчүмүн. Кечкисин үйүнө барып бир топко сүйлөшүп турабыз, кучакташымыш болобуз.
Бейбаш болгонума карабай жакшы окучумун. Класском болдум, мектепте ар кандай иш-чара болгондо жакшы окуган активисттер туу көтөрүп чыгышат го, тууну мен алып чыкчумун. Бирок ошол учурда көп мушташып, ата-энелер арыздана беришип, атамдын көзөмөлүнө түшүп калгам. Башка айылдан балдар келип аялдамага туруп калды дегиче башы-көзү шишип токмок жеп кетишет. Атам жумуштан колу бошобосун деди окшойт, үйгө жандыктын, канаттуунун түрүн алып келип бактырып койду. Ат бактым, 2-3 уй, сөзсүз 20дай кой, 30 тоок, 20 үндүк, 10 чакты каз-өрдөк, ошонун баарын мен карачумун. Эшиктин алды, короо чоң болчу, короону шыпырып, малды жайлап, анан ат минип алып көчөгө кетчүмүн.

– Борбордо да окуп кеттиңиз беле?
– Жаман балдар менен дос болуп, үйгө түн ортосунда келип, отуруш уюштуруп мугалимдерге кармала бергендигим үчүн атам мени борбордон окусун деп №5-интернатка жөнөткөн. «Интернатка барып, ошол жактан маңкаң агып, анан жакшы бала болуп келесиң» деди.
Ар кайсы жакта окуп көнүп калган окшоймун, борборго деле тез эле көнүп кеттим. Шаардык балдар келип салык салып, акча чогултуп кетишет экен. Торкенде акча жыйнап көнгөн жаным балекетти салык төлөймүнбү, салык бербейм деп мушташа берип 2 ай көзүмдөн көк кеткен жок. Алар ай-буйга келбей көзгө чаап жиберишет экен. Анан бокс менен машыга баштадым. Мугалимим «бирөөнү урганды үйрөнбөсөң да, бирөө урганда буйтаганды үйрөн, көзүң көгөрбөйт» деп тамашалай берчү.
Интернатта жакшы эле окуп баштагам, баары бир тентекмин да, өзүмө окшогондор менен дос болуп, окуумду да кыйратпадым. Мени көзөмөлдөтүп койгон туугандар ата-энеме «бул бияктан токтолбой эле күчөдү, силердин эле кашыңарда болсун» деп жатышып 9-классты аяктаганда кайра ата-энеме кетиришти. 10-классты Токтогулдан, мурунку окуп кеткен жеримден аяктадым.

– Инилериңизди бирөө таарынтып койгондо болушчу белеңиз?
– Үйдөгү эркек балдардын улуусумун да. «Сен барып тийишпесең да, сага барып бирөө тийишиши мүмкүн, эркектин бели бекем болуш керек» деп тарбияладым. Эч качан болушкан жокмун. Бизде айылда мындай көрүнүш бааланчу эмес. Балдар «бул байкесин ээрчитип келет» деп жаман көрүшчү. Ошондуктан ар ким өзүбүзгө жооп берчүбүз. Бала кезде ошондой көп кызыктар өттү.

– Кызыктуу маегиңизге рахмат, бар болуңуз.

«7-класстан тарта волейбол ойноп, аккордеон менен ырдай жүрдүм».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
zhyky
2014-01-01 14:32:35
Тузук Тузук
0
Destro
2014-01-03 03:00:40
Бул жердегилер жумурткадан кыр таапай турушат 5 адам жакшы жагын айтса 2 адам жамандап биз кыргыздар онолбодук онолбойбуз, колдободук колдобойбуз,
-1
Destro
2014-01-03 03:02:28
Taalaibek. Сабаган сенин айылын окшойт мактанып калдын. Маданиятсыз экенин айтып керкейесинго ....
+1
mirrow
2014-01-03 22:43:23
Aiabai kyzyktuu eken. Airykcha 2-ataman bolup jurgon kezi)))))))
0
N.Bakazova
2014-01-04 01:04:03
jakwy maek boluptur. Men da okup alyp kuldum.
0
janaz
2014-01-04 13:26:43
maga baarynan da barbaris degeni jakty
0
ttatt
2014-01-04 19:11:07
Taalaibek силeрдин aйылдa уйдо бaaтыр жоодо жок дeгeндeр жaшaйт ко. Бироо кeлсe коптоп уруп коюшуп, ошонусунa курсaнт болушкaн. Билeм aндaйлaрды, чeткээрeк чыгышсa элe мышык болуп кaлышaт. Мeн Бeктин кошунa aйылынaн болом. Анын aйткaндaрын элдeр дeлe aйтып журушот. Айткaнындaй элe бaр
0
Asulbek
2014-01-04 21:10:10
мен 6 класска чейин атаман болчум
0
Talant-Bek
2014-01-05 09:01:33
Бек ырчы катары бираз ырдаганы болбосо, ырларынын создорунун мааниси отоо эле ТУФФТА!!! Сен мага тийсен анда не болмок, сенин чачын сары меникн чачым кара blya budu ушундай да ыр болобу??? сен мага тийсен вообще PIZDES болмок. Былжыраган ырлар....
0
Talant-Bek
2014-01-05 09:02:29
Бек ырчы катары бираз ырдаганы болбосо, ырларынын создорунун мааниси отоо эле ТУФФТА!!! Сен мага тийсен анда не болмок, сенин чачын сары меникн чачым кара blya budu ушундай да ыр болобу??? сен мага тийсен вообще PIZDES болмок. Былжыраган ырлар....
0
ttatt
2014-01-05 15:46:38
Жaкшы шрлaрын уккaн эмeссин го
0
mikatagaev
2014-01-05 17:05:13
Okup alyp ozuncho bir kinonun scenaryiyi bolup kettigo 1 ataman urchumun, borecmin uwunun baaryn Emgek sinirgen artist aityp jatsa
0
mikatagaev
2014-01-05 17:06:51
A tak Buryatiya emes Kysgyzstandyn kebir jerlerinda kop ele KIDAt etip ketet
0
admin_superstan
2014-01-06 10:14:12
Talant-Bek,
5 күнгө БАНга!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
0
Nepa
2014-01-06 18:17:26
Bek baike bala shalman okwoisuz
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан