Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан тартып Кыргызстанга кирген автоунаалардан миң сомдон алмакчы болууда. Мындай маалыматты экономика министри Темир Сариев парламенттик комитеттин чогулушунда жарыялады.
«Чет өлкөдөн келген унаалардын ээлери биздин өлкөбүзгө экологиялык зыян алып келишет, ошондуктан мындай суммадагы акчаны төлөшү зарыл. Бул долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөттүк»,- дейт Темир Сариев. Анын айтуусу боюнча, 2013-жылы Кыргызстанга 762 611, алардын ичинен КМШдан 708 000, башка мамлекеттерден 54 000 автоунаа кирген.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg