Бишкекте сууктан 6 селсаяк каза болду. Бул жөнүндө укук коргоо органдары билдиришти. «Суук түшкөндө эле эң биринчи көчөдө оорукчан, үй-жайы жок адамдар сууктан тоңуп калышат. Жыл өткөн сайын селсаяктар көбөйүүдө, муниципалдык жатаканаларда да орун жетишпейт»,- дешет
тартип сакчылары.
Жыл сайын күз айында тартип сакчылары атайын операция жүргүзүшүп, үй-жайы жок адамдардын аты-жөндөрүн тактап турушат. Бирок алардын саны көбөйүп, жаңы кошулгандар билинбей калууда.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg