21-декабрда кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев Орусияда өтүп жаткан «St.Petersburg Open-2013» Эл аралык мелдешинин жарым финалында утулуп, 3-орунду ээледи. Маалыматка ылайык, Каныбек Сагынбаев жарым финалда украиналык Павел Радионов менен кез келип, 1:7 эсебинде утулуп калды. Эске салсак, кыргызстандык бильярдчы жакында эле «Кремль Кубогу-2013» мелдешинде да 3-орунду ээлеген эле.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg