БАЛА БАКЧА ЖАНА МЕКТЕПТЕР МЕНЧИКТЕШТИРИЛБЕЙТ

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, мектептердин имараттарын менчиктештирүүгө жана сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Совет учурунда ачылган бала бакчалардын көбү эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары сатылып, жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда мектепке чейинки курактагы балдардын 13 гана пайызы бала бакчага барат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 503 бала бакчада 64 миң бала тарбияланууда.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2014-01-02 23:30:28
13 гана% деген кандай окунучтуу!
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан