АЛТЫН АЗГЫРЫГЫ ЖЕ БЕЙКҮНӨӨ ӨЛҮМ

КАРЫП
Каалгыган сур булут алда кандай жамандыктан кабар бергенсип өзгөчө сүрдүү. Таң жаңы гана атып келе жаткан кез эле. Өлүк камы менен ары- бери жүгүргөн кишилер Капарды гана издеп жатышты. Эч жакыны жок, бир жак капталы араң эпке келген майып Капар жалгыз тамда күн өткөрчү. Аны бул айылдын кишилери тойдо, анан кимдир-бирөө каза болгондо гана сөзгө алып издеп калышаар эле. Чөптөн башка эч кимге зыяны жок бул кургурдун болгон-бүткөн кызматы айылдагы жамандык-жакшылыкка бирдей катышып, тикесинен тик туруп берүү болчу. Соопчулукка деп көр казып, жакшылыкта казанын кайнатып, элдин кубаныч- кайгысына ортоктош болуу анын кызматы эле. Жалгыздыктан жапа чеккен бечара элге кереги тийгенге сүйүнүп, ошого канааттанып жашачу.
– Ай, баягы Капарды издеткиле.
– Көр казгандардын башына ошону койгула.
– Ооба, ансыз иш өтмөк беле?
Бирок, ал издеттирбей эле «Каныбектин жалгыз баласы каза болуптур» дегенди уккандан бул жакка келе жаткан. Жаңыдан чуу башталганда керектүү курал-жарагын алып, таң бүрүлдө көрүс­төндү көздөй кетип бара жаткан жалгыз караан ошонуку эле.

КҮТҮҮСҮЗ ТАБЫЛГА
«Эми биртке калдым.» Ушинтип ойлогон Капар маңдайындагы чыпылдаган терин аарчып эс алып туруп калды. Майып бутунун кичине сыздап оорутканына да кайыл болуп казган чуңкурду карап турду. «Буюрса, кенен эле болду. Тирүүдө үйүң, өл­гөндө жайың кенен болсун дейт тура. Биртке эле...»
Эңкейип күрөктү алганы кам урган Капардын кулак учуна «шуу» эткен үн чыгып, эс-акылын пештеп алганча бут алдында кайдан-жайдан жылан пайда болду. Үрөйү уча түшкөн Капар селдейе туруп калды.
– Ой, ой, бул эмне?
Кайда качаарын билбей дени өлүп, көкүрөгүндө кептелген коркунучтан тили күрмөөгө келбей турду. Негедир жылан ага тийген жок. Болгону башын көтөрө соймоңдоп жатты. «Бул эмнеси? Бул жерде жылан аттууну көргөн жок элем го.» Аң-таң калган Капар «быссымылданы» кайрып айтып, качканга да алы жок катты да калды. Жылан негедир уйгу-туйгу боло соймоңдой, кандай капыстан пайда болсо, так ошондой ирмемде көздөн кайым болду.
– Кызыгың түшкүр, бул эмнеси? Жараткан, бул эмне деген сырың?
Ушинтип күбүрөп алган Капар күрөгүн колуна алып, ишине киришти. Аңгыча күрөгүнүн учу кандайдыр бир катуу нерсеге уруна түшкөндөй болду. Сыягы, таш окшойт.
– Таш! Алда катыгүн, ай. Муну менен дагы канча убараланам?..
Кейиштүү күрсүнүп алып, куду момолой чычкан ийин казып жаткандай баш көтөрбөй иштеп кирди. Жок, жанагы урунган нерсе таш эмес көрү­нөт. «Айылдан дагы жардамчыларды чакырып келсем туура болчудай. Өзүмдүн алым келчүдөй эмес го» дейт бир ою. «Кой, сенден башка деле иштери бар. Анын үстүнө уят эмеспи» дейт кайра. Ушинтип ою менен алышып жатып көп убакыт өтүп кетти.
Аңгыча жылт этип топурактын арасынан бир нерсе көрүнө түштү. Жакшылап караса, эски кумгандын капкагы болуп чыкты.

АЛТЫНДЫН АЗГЫРЫГЫ
Жаналакетке түшүп жатып, казып алган кумганын чуңкурдан алып чыгып, кечке карап отурду. Кадимки эле жез кумган. Бирок, ичине таш салып койгонсуп оор эле. «Муну эмне кылам? Илгери айтылып калчу казына деген нерсе ушул го дейм. Болбосо мынчалык тереңдикке муну ким катат эле?» деп ойлонуп турду. Эмне кылаарын билбей айланта карап көпкө отурду. «Бул дүйнө­нүн азгырылма байлыгынан кечип койгон кезимде эмне кылмакчымын? Кой, андан көрө кайрадан башка жерге көөмп салайын» деп ойлоп жатты. Ушул учурда жардам кылганга айылдашы Токтобек келип калды.
– Ой, абышка, эмне, чарчадыңбы? Шалдырап отуруп калыпсың,- деп бакылдап келе жаткан өзү­нүн айылдашы Токтобек Капардын купкуу өңүн көрүп жетпей токтоду.
– Эмне болду?
– Чарчадым,- деди Капар басмырт гана. Анан кумган тарапка «муну карачы» дегендей ээк какты.
– Эмне экен?
– Жакын келсең...
Жетип келген Токтобектин көздөрү алая түштү.
– Бул эмне, ыя?
– Билбейм, илгери ушинтип казынаны көмүп кете беришчү дешет. Балким, казынадыр...
– Кайдагы казына?
– Жердеги казына да, менин жети атамдан калды дейсиңби? Көр казып атып таап алдым.
Токтобек турган жеринен атып Капардын маңдайына келди да, кумганды сылап-сыйпап жиберди. Ач көздүгү ашынган бул жигитти башынан эле жактырчу эмес Капар. Азыр да кумгандын ар жак, бер жагына чыгып, арам көздөрү кубанычтуу кымыңдаган Токтобекти жактырбай карап турду.
– Болду эми, чарк көпөлөк айланбай, кел, андан көрө мага жардам бер. Тамак алып келгениң жакшы болду. Азыр тамактана салып, экөөбүз тез эле бүтөбүз,- деди Капар.
– А мунучу?.. Муну эмне кылабыз?
– Эч нерсе. Эсине жакшылык алып келбеген мүлк бизге жакшылык алып келмек беле? Кайра башка жакка көөмп салам. Чоң энем айтчу эле мындай нерсе кишиге жакшылык алып келбейт деп...
Токтобектин көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп туруп укту бул сөздөрдү.
– Алжыган чал десе. Бул деген байлык да. Кайра көөмп салам дегениң эмнең?
– Эмне?
– Дөөрүбө сен. Сага кереги жок болсо, мага керек. Алып кетем.
– Сары ооз балапан, байлык керекпи сага? Алдагы куркуйган бойду, колу-бутту сага Кудай неге берди? Эч кимдин эч нерсесине көз артпай эле өз оокатыңды тың кылсаң болбойбу?
Капардын кырс мүнөзүн билген Токтобек унчукпай калды. «Бул эмнени билет дейсиң? Бакыт байлыкта экенин түшүнбөгөн шордуу. Кудай муну ушун үчүн мунжу кылып койду да, болбосо...»
Ач көздүгү ашынган Токтобек көзүн жез кумгандан ала албай турду. Мындан кийинки планды ойлоп жатты. Дилинде арам ой жатканын асманда айланып жүргөн сур булуттан башка эч ким билбеди. Кайрадан кайгынын очорулган оордугу басып калчудай асман түнөрөт.

ӨЛҮМ
Түн ичи. Жалгыз, кичинекей бөлмөдө жаткан Капардын жүрөгү опкоолжуй берди. Көпкө чейин ооналактап уктай албай жатып сак кулагы шырп эткен үндү иле калды. Ордунан обдула кетти.
– Ким бул?
Каргылданган өз үнү ээн үйдү жаңыртып барып токтоду. Кайрадан тынчтык. «Кой, эмне, жаш бала болуп турасыңбы? Качантан бери өз үйүңдөн коркуп?..» Өзүнө-өзү ушинтип кайрат бергени менен эч эле тынч алып уктай албай жатып көзү илине түштү. Ал эми сыртта кичинекей терезенин түбүндө аңдыган эки караан турган эле. Түн ичинде бөлмөнү шектене караган экөөнүн көздөрү шектүү жылтырап, азыр кан ичкенден кайра тартчу түрү көрүнбөйт.
– Мындай кишилердин уйкусу да сак,- деди бири кыжына.
– Кире берсекпи, өлөсөлүү чал эмне кылмак?..
– Андан көрө айтчы. Тиги сен айткан... Тиги казынаны үйгө алып келгени чынбы?
– Чын, өз көзүм менен көрдүм.
Экөө ушинтип шыбырашып турду. Токтобек баягы кумганды көргөндөн кийин казынаны уурдоо үчүн түн ичинде досу Жаныбек менен келген эле.
– Жүрү.
– Акырын...
Эшик шарт ачылып, жалаңдап кирип келген экөө уктап жаткан Капарды басып жыгылышты. Капар жан айласы кылып кыйкыргыча бетин карылуу кол жаздык менен басып калды. Алсыз денеси тыбырады, жулкунду. Бирок, карылуу колдон жулкунуп чыгып кете алган жок. Тынчый түшкөндө үстүнөн жаз­дык менен басып турган Токтобек кырылдай үн катты.
– Бүттү!
– Эмне турасың, анда жанагыны издейли?
Экөө бөлмөнүн чаңын сапырып, кумгандагы казынаны издеп киришти. Чарчаганча издешти. Бирок, табышкан жок. Акыры бирин-бири жалдырай карап отуруп калышты.
– Эй, сенин көзүңө көрүнсө керек.
– Жок, жок өзүм көргөм мен.
Жанын жеп актанган Токтобек бул окуяга түшүнбөй турду.
– Энеңди, эми эмне болобуз билесиңби?- деп баштап келген Токтобекти бет талаштыра бир уруп калды Жаныбек.
Бири жанталаша актанып, экинчиси ага ээ-жаа бербей уруп, айтор, чакан бөлмө чаңызгып эле жатып калды. Ал эми Капар экөөнү шылдыңдап мыйыгынан күлгөндөй жансыз суналып жатты.
Көрүстөндөн табылган бул казынаны (а балким, казына деле эместир) оозун ачып да отурбай, ошол эле күнү жерге көөмп салганын бул экөө кайдан билсин? «Кереги жок. Менин ырыскымды элге чачып коюптур Кудайым. Мага мындай нерсе жакпайт. Өлүп калсам элим көөмп коёр» деди ичинен күбүрөгөн Капар. Кумганды көөмп бүткөндөн кийин күндүн табына жылынып көпкө отурган эле. Өзүнүн өмүрү ушул батып бараткан күнгө окшоп батып кетээрин, ага ушул кумган себепчи болоорун сезе бербеген.

ххх
Айылга Капардын өлүмү дуу тарады. Эл Капар каалагандай тикесинен тик туруп көмүштү. Ал эми эки күн өткөн соң эки зөөкүр кармалды. Милициялардын жетегинде эки колун артына алган Токтобек менен Жаныбек кетип бара жатты. Бейкүнөө Капардын жансыз денеси ошол күнү эски көрүс­төнгө көмүлдү. Ал эми асманда айланган сур булут дагы эле түнөрө берди...

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан