«Ош базарынын» жанындагы «ФинансКредитБанкынын» филиалын тоноп кетишти. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-декабрда саат 15:00 чамасында банкка бет кап кийген эки адам кирип, кассирди коркутуп акча алып кетишкен.
Учурда келтирилген чыгымдын суммасы аныкталууда жана ыкчам топ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg