ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ТОВАР – ПИРОТЕХНИКА

Жаңы жылды тосуп алууга өзгөчө даярдык көрүлүп, көчө, үйдүн ичи, айтор, баары кооздуктарга толот. Дасторконго тамак-аштын түрүн жайнатып, жакшы маанай менен тилектерди айтабыз. Ал эми Жаңы жылдын кирип келишин фейерверксиз элестете албайбыз. Бүгүнкү темабыздын өзөгүн пиротехникалык каражаттар быйылкы сезондо кандай сатылып жатканы жана анын коопсуздук эрежелери түзмөкчү.

КЕП УЧУГУ БАЗАРДАН...
Майрамга карата даярдык кандай жүрүп жатканына кызыгып, кеп учугун «Дордой» базарындагы пиротехникалык каражаттарды сатуу менен алектенген соодагерлерден баштадык. Төрт жылдан бери сезон учурунда жардыргыч заттарды сатып иштеген Мирлан Абдылдаев чакан маек куруп берди:

«БААРЫ КЫТАЙДАН КЕЛЕТ»
– Пиротехникалык каражаттардын баары Кытайдан келет. Жаңы жылдын алдында, декабрь айында көп өтөт. Башка убактарда туулган күн, үйлөнүү үлпөт тойлоруна деп анча-мынча алышат. Ошондуктан пиротехниканы сезон учурунда, ноябрдын аягынан баштап сатам. Калган убакта башка товар менен иштейм.

«БЫЙЫЛ СООДА НАЧАР»
– Түрлөрүнөн баш адашат. Эл көбүнчө арзанына качырышат. Сезон учурунда мурдагы жылдары жакшы болчу. Жакшы дегенде Жаңы жылдын алдында 5-10 миң долларга чейин пайда тапчубуз. Кээ бир жылдары товарыңдын баасын чыгарып, андан анча-мынча эле пайда түшүп калат. Эми базар болгондон кийин ар кандай болот да. Быйыл эмнегедир соода жакшы болбой жатат. Жыл өткөн сайын кардарлардын саны азайып бараткансыйт. Мурда баары эле ала беришчү. Азыр жадакалса орустар дагы албай калды. «Жаңы жыл мусулманчылыкка каршы келген майрам» деп жатышабы же «муну алгандан көрө азык-түлүк алганым жакшы» деген ойдо болуп калышканбы, айтор, алуучулар аз.

БААЛАРЫ
– Эң арзаны – 1 сом болсо, эң кымбаты – 10 миң сом. Эң кымбаттары жакшы өтөт. Майрамдарга карата иш-чара өткөрүүгө деп чоң-чоң мекеме, ишканалар алышат. Анан кээ бир кыларга иши жок байлар дагы бар. «Былтыр кошунам меникинен көп аттырган, быйыл мен андан көбүрөөк аттырышым керек» деп атаандашып, бир алганда 10-15 миң сомго чейинки акчасын аябайт.

«САКТОО МӨӨНӨТҮ БИР ЭЛЕ ЖЫЛ»
– Кургак жерде сакташ керек. Сактоо мөөнөтү бир эле жыл. Андан ашып кетсе жарылбай калат. Коопсуздук эрежелерин туура сактоо боюнча кардарларга айтпайбыз деле. Анткени пиротехникалык каражаттын сыртында баары так, даана орус тилинде жазылган. Сатуу үчүн тиешелүү органдардан атайын уруксат кагаздарын алабыз. Ал болбосо текшерип келгендер иштетпейт.

КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ
Пиротехникалык каражаттын курамындагы күйүүчү заттардын температурасы 3000 градуска чейин жетет. Андыктан коопсуздук эрежесин сактоо зарыл.

1. Сатып алууда... Пиротехникалык каражаттын бүтүндүгүнө, сактоо мөөнөтүнө жана кутусундагы жазуу сизге түшүнүктүү тилде болуусуна көңүл буруңуз. Ошондой эле сатуучунун уруксат кагазы бар экендигин тактаңыз.

2. Сактоо жана ташуу... Тийиштүү жерге жеткирүүдө силкилдөөгө, ары-бери урунууга жана кулап кетүүсүнө жол бербөө керек. Ал эми сактоодо кургак, 30 градуска чейинки температурадагы жылуу жана жаш балдар жетпеген жайга коюңуз.

3. Колдонууда... Кутунун сыртындагы көрсөтмөнү толук окуп чыгыңыз жана аны так аткарыңыз. Үйдөн, чөп-чардан, электр зымдарынан алыс, асманды түз каратып жардырыңыз.

4. Жерге жайгаштырылуучу түрүнүн билигин жандырган соң колго кармоого болбойт. Тутандыргандан кийин дароо алыс качыңыз.

5. Эгер жарылбай калса... Билиги күйүп бүтүп, бирок жарылбай калган учурда 15 мүнөт күтүңүз. Андан соң гана жакындап барып, сууга салып жок кылыңыз.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Жаңы жылды тосуу салты биздин заманга чейинки 3 миң жылдыкта Месопотамияда болгондугу маалым. Ал эми биздин заманга чейинки 46-жылы Рим империясынын башчысы Юлий Цезарь 1-январды жаңы жылдын башталышы катары белгилеген. Байыркы Римде бул күн тандоолордун, каалгалардын жана бардык башталыштардын Кудайы Януска арналган. Январь айынын аталышы да ушул Кудайдын ысымынан келип чыккан.
  • Ал эми Кыргызстанга бул майрам XIX кылымдын башында Орусия империясы менен кошо келген. Орусия империясында Жаңы жылды 1-январда тосууга 1700-жылы Пётр Iнин буйругу чыккан.
  • Фейерверкти ХII кылымда кытайлар ойлоп тапкан. Анын дүйнөгө жайылышына белгилүү саякатчы Марко Поло чоң салым кошкон. Саякатчы Кытайга болгон сапарында күкүрттү Европага ала келип, аталган чөлкөмдө алгачкы фейерверк Италияда пайда болгон. XV кылымда Италия менен Германияда пиротехникалык мектептер да түзүлгөн.
  • Кытайдын императору Чжу Юсундун башкаруусу учурунда (1644-1645-жж.) Жаңы жылды жаңыча тосуу башталган. Ал учурда фейерверк катары бамбуктун сөңгөктөрүнө күкүрттү салып колдонушкан.
  • XIX кылымдан тартып фейерверктин түркүн түстөрү иштелип чыккан.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kuba82kg
2014-01-05 08:34:09
чын эле мусулмандардын майрамы эмес да.....
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан