Жаңы жылдык дасторконду жаярдан мурда чыгыш гороскобуна көз салуу керек. Буга ылайык, быйыл жылкынын сүйүктүү тамактарын эстеп көрөлү. Албетте, беде же жемден тамак даярдабайбыз. Бирок жашылча-жемиштен, сулудан дайындалган даамдар жана алма майрамдык дасторконуңузда сөзсүз болушу керек. Ал эми жылкынын этинен тамак жасоо келе жаткан жылды сыйлабагандыкка жатат.
«БАКЫТ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ТАКА» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 100 грамм (жарым стакан)
Краб таякчалары – 230 грамм
Жумуртка – 3 даана
Баш пияз – 1 даана
Консерваланган жүгөрү – 1 банка (425 миллилитр)
Майонез – 2 аш кашык
Катуу сыр – 150-200 грамм
Татымына жараша туз, кооздоо үчүн зайтун, ашкөк
Даярдоо ыкмасы:
1. Алдын ала сууга өз-өзүнчө күрүчтү жана жумуртканы бышырып алуу керек.
2. Кабыгынан тазаланган жумуртканы, краб таякчаларын, пиязды жана сырды майдалап туурап алабыз.
3. Эми күрүч, жүгөрүнүн жарымын, туз жана майонез кошуп аралаштырып, аралашманы тарелкага аттын такасындай формага келтиребиз.
4. Үстүнө жүгөрүнүн калганы тегиз тизилет да, зайтун менен кооздолот.
СУЛУ ЖАНА КЫЯМДАН ПИРОГ
Керектелүүчү азыктар:
Сулу үлпүлдөгү – 1 стакан
Айран – 1 стакан
Ун – 150 грамм
Кумшекер – 3-4 аш кашык
Көптүргүч – 1 чай кашык
Кыям (сүрөттө карагаттыкы пайдаланылган) – 1 стакан
Каймак май (же маргарин) – 50 грамм
Жасоо ыкмасы:
1. Каймак майды эритип, ага сулу үлпүлдөгүн, кумшекер, ун жана көптүргүчтү кошуп аралаштырабыз.
2. Эми анын үстүнө айранды кошуп чалып алыңыз.
3. Соңунда кыям кошуп дагы бир ирет аралаштырыңыз.
4. Алдын ала майланган көмөч казанга куюңуз.
5. Кооздук үчүн үстүнө сулу үлпүлдөгүнөн сээп коюңуз.
6. Электр мешинде 180 градус температурада 35-40 мүнөт кармаган соң даяр болот. Мындай пирогду ысык сүт же чай менен дасторконго берүү сунушталат.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg