Айрым адамдар менен канча сүйлөшсөң да жаңы сырлар ачыла берет эмеспи. Менин бүгүнкү маектешим Гүлжигит Сатыбеков да ачылбаган сандык сыяктуу туюлду. Ырчы мырза муңдуу көздөрүнүн артындагы сырлары менен бөлүштү.
– Саламатсызбы, Гүлжигит мырза? Концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алдыңызбы?
– Саламатчылык, рахмат, концерт жакшы өттү. Бирок аягында элдин маанайын көтөрүп, энергия берейин деген маалда аппаратуралар өчүп, бир аз маанай түшүп калды.
– «Жылдын супер ыры» наамын алганыңызды жакындарыңызга «жууп» бердиңизби?
– «Качан бизге майлап бересиң?» дегендер эле көп. Концертти өткөрүп алдык, эми сурагандарга чекеден «майлап» баштайм го.
– Чыгармачылыкка катуу киришип, жеке жашоо унутта калган жокпу?
– Чынында, чыгармачылыкты биринчи орунга коюп, үй-бүлө экинчи планда калып кетти. Азырынча эргүү келип, ушунча күйөрман топтогон учурда чыгармачылыгымды таштабай, ырларды жарата берем. Бирок «качан, кимге үйлөнөм?» деген суроо да көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келет. Насип деп коёт эмеспи. Качан Кудай маңдайга жазып койгон болсо, ошондо болот. Акыркы убакта эң тажаткан суроо да ушул болуп жатат. Апам менен сүйлөшсөм дагы качан ушул суроону айтат экен деп телефонду өчүргөнчө шашам.
– «Лейлектик кызга» деген клибиңизде башкы ролду жараткан бийкеч менен мамилеңиздер бар деп уктук эле?..
– Экөөбүз кез-кезде телефон чалышып, абалыбызды сурашып турабыз. «Супер концертке» ал кызды алып келем деп жакшы эле сурандым. Эгер экөөбүз кыз-жигит болсок, алып келмекмин да. Алып келе алган жокмун, демек, эл ойлогондой мамилебиз жок.
– Биринчи никеңизден уулуңуз канчага чыгып калды? Кабар алып турасызбы?
– Балам быйыл 8ге чыкты. Дайыма кабар алып, колумдан келген жардамымды берип турам. Апасы менен деле жакшы сүйлөшөбүз. Буюрса, Жаңы жылга жакшы белек берейин деп жатам. Жазында балам «Алиппе майрамында «Исфананы» ырдадым. Дагы ырдап бер деп суранышты эле, ырдабай койдум» деп жатпайбы. Анан да кечээ жакында айылга барып келатып уулума жолуга келгем. «Сага жаңы апа алып келем, ээ?» деп тамашалап койсом, таарынып калгандай сезилди. Кийин ушуну айтпай эле койсом болмок экен деп калдым.
– Эгер сыр болбосо, эмне себептен ажырашып кеттиңиздер эле?
– Ал убакта экөөбүз тең жаш элек. Чоң деле себеп болгон жок. Мен аны күнөөлөйм, ал мени күнөөлөйт. Балким, кайын журт тараптан кийлигишүүлөр болгондур... Азыр бул жөнүндө эч нерсе айта албайм.
– Сүйлөшүп баш коштуңуздар беле?
– Ооба, сүйүшүп үйлөнгөнбүз. Ал менден 20 чакырым алыстыкта жашачу. Түнкү саат эки болобу, бирби, үчпү, жамгыр жааса да жөө каттаган күндөр өттү. Бардык нерсе өз убагы менен экен да. Ал сезимдер азыр жок, убакыт баарын дарылады. Жаңы жашоо башталды, жаңы барактар ачылды дегендей. Бир акылмандын сөзү бар экен, «өзүңдүн сүйүүңдү, өзүңдүн жашооңду сактап кала албасаң, өзүң гана күнөөлүүсүң. Сен өзүңдүн жашооң үчүн эч качан бирөөнү күнөөлөбө» деген. Анын сыңары канча карама-каршылык, келишпестиктер болгон күндө да мен бир жол таап тоскоолдукту жоюп, үй-бүлөмдү сактап калышым керек эле... Эми бардык нерсе болушунча болду, өткөн нерсени кайрып ала албайт экенбиз.
– Келиңиз эми, кайра чыгармачылыкка кайталы. Артка кылчайсаңыз, ырчы болуп таанылуу үчүн кандай жолдорду басып өткөнсүз?
– Менчелик ырчылар көп кыйналышпаса керек. Биз 2006-жылдан баштап бул ишке кириштик. 7 жыл аралыгындагы кыйынчылыктар дагы деле көз алдымда турат. «Коштошуу» деген ыр элдин жүрөгүнө жетип, популярдуу болуп турган маалда мен көчөдө таш төшөлгө (брусчатка) төшөп, элдин үйүнө канализация орноштуруп, чоң-чоң имараттарга ысык-муздак суу киргизип иштечүмүн. Көчөдө таш төшөлгө төшөп отурсак жаштар, улуулар соткада менин ырымды угуп өтүп кетишер эле. Аны укканда аябай жаман болгонумду айтпа. Алар ырымды билишет, мени таанышпайт эле.
Чыгармачылыкка аралашкандан бери канча ызы-чуу, интригалар болду. Мен тууралуу канча жаман ушактар айтылбасын, бардык нерсени убакыт таразалайт деп эмгектенип келатам.
– «Айдын 15 күнү караңгы, 15 күнү жарык» демекчи, качан анан кубанычка батып, көзүңүзгө жаш алдыңыз?
– Кечээ концертимде сахнага чыгып, «Таенем» деген ырымды аткарып жатып көзүмө жаш алдым. Таенемди ушул кылган нерселеримди көрсө болбойт беле деп (көпкө сүйлөй албай, мукактанып, көзүнө жаш алды)... Ал кишинин ырчы болушума өтө чоң эмгеги бар... Ишенесиңби, үйгө барып алып да ушунчалык буулугуп ыйладым.
– Түшүнүп турам. Бул деген мыйзам ченемдүүлүк экен да...
– Туура айтасың. Кайдан эле «Канча жолу ыйлабаймын десем да, Тагдыр мени сынаганын койбоду...» деген ыр саптары чыга берет десем, кусалык, сагыныч ичимде бар экен.
– Мурун «менин ырларымды айрым радиолор албайт» деп жүрчү элеңиз. Абал өзгөрдүбү?
– Азыр деле кабыл алышпайт. Мен айрымдардай болуп ырымды чыгарып кой деп бирөөгө чай берип, ортого тааныш салдырып чуркабайм. Ырларымды элдин сынына коём. Кечээ концертте бирөө «элитадан аябай аз болду» деп жатпайбы... Кыргызстанда негизи карапайым калк жашайт. Өткөндө эле «ырчылар фирмачы жана колхоз ырчылар деп экиге бөлүнөт» дегенди угуп шок болдум. «Мен кайсынысына кирет экем?» десем, «колхоз ырчыга» дейт. Мейли, колхозуна киребизби, совхозунабы, негизгиси эл баалап-угуп жатат, ошол мага маанилүү.
– Майрам астынан эсиңизде калган Жаңы жылды эскерип бериңизчи?
– 1998 же 1999-жыл болсо керек. Студент кезде чөнтөгүмдө бир сом акча жок, ачка, Ошто батирде жалгыз Жаңы жылды тоском. Ошондо ырчы болсом деп аябай ниет кылчумун. Аккордеонду жаңы колго алгам, бирок ойногонду үйрөнө элек элем. Ар баскычтарды баскылап обондорду издеп коём улам. Катып калган нанды сууга жибитип, жумшарып калганда вилка менен сайып көрүп, көктөрүн тазалап жегем. Сааттын жебеси 12ни какканда балконго чыгып шаарды карасам, ар жактан тарс-турс деп салюттар атылып жатат. Ошондо кандай бактылуу адамдар салют атат экен деп аябай суктанган элем.
– Кызык экен. Эми Жаңы жыл астында элге каалоо-тилегиңизди айтып кетпесеңиз болбос...
– Кыргызстандын ар бир жашоочусу бирден алтын балык кармап алса, ошол жетмек баарына.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg