2012-жылдын аягына карата өлкөдө 10207 БАҢГИЗАТЫН КОЛДОНУУЧУ каттоодо турган. Анын эң көбү Бишкек шаарына туура келет.
Бишкек шаардык кеңеши КСДП фракциясынан жаңы депутат ДАМИРБЕК ЖУМАШЕВ менен толукталды. Ал өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалган Аманбай Кайыповдун ордуна келди.
2012-2013-окуу жылдарында 120 ОКУУЧУ өз жанына кол салганын билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева айтты.
Кыргызстанда 836 ТОКОЙЧУ иштейт, алардын айлык акысы орточо 1825 сомду түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Ариповдун айтымында, жыл башынан бери чек арага жакын жайгашкан аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жашоочуларынын ортосунда 47 КОНФЛИКТ орун алган.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымдоосу боюнча, 2014-жылы 40КА ЖАКЫН ЮБИЛЕЙ ӨТКӨРҮЛӨТ. Анын ичинен Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы биринчи болуп белгиленет.
Коргоо министрлиги буйрук берүү менен кайрылууларды МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ которуу чечимин кабыл алды. Мисалы, «смирно» буйругунун ордуна «түз тур» буйругун пайдалануу сунушталат.
2014-жылдын 8-11-ЯНВАРЬ күндөрүнүн аралыгында Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүшөт.
Бишкек шаарындагы жаш балдардын ооруканасында ПСИХОЛОГ жардам көрсөтүүчү бөлүм ачылат.
26-декабрь күнү коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер ТОКОН МАМЫТОВ чек ара боюнча өзбек бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Ташкентке учуп кетти.
Бишкек шаарында 26-декабрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда президенттик балаты болуп өтүп, ага өлкө аймактарынан 800ДӨЙ жаш бала чакырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылдын 11 айынын ичинде билим берүү мекемелеринен 43 ӨРТ чыккан. Ал өткөн жылга караганда 21 өрт чыгуу окуясына көптүк кылат.
Бишкек жана Ош шаарларында Казакстандын каражатына тургузулуучу ЭКИ МЕКТЕПТИН курулушу тууралуу макулдашууну коңшу өлкөнүн парламенти ратификациялады.
УКМКнын кызматкерлери тарабынан 16-декабрда СИРИЯДА согушкан террордук уюмдун мүчөсү, Кыргызстандын жараны Алишер Абдукахаров кармалып, ага карата «жалданмачылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
diamond901512
2013-12-30 11:22:02
ДАМИРБЕК ЖУМАШЕВ ухунбаева мн душанбинка кесилишиндеги салынып жаткан 9 этаж элитный дом ушул кишиники депутатттын айлыгы уй салганга жэтеби)))))
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.