Иса Өмүркулов жер тилкелерине байланыштуу Бишкек мэрлигинен кеткенден кийин дагы бир тобу «креслосуз» калары түшүнүктүү болчу. Ошентип, 20-декабрь күнү Өмүркуловдун артынан Каныбек Нарбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугунан бошотулду.
Иса Өмүркуловго каршы бир топ мыйзамсыз иштердин башын кылтыйткан Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиевдин «кара тизмесинде» Каныбек Нарбаев да бар эле. «Ататүрк» сейил багынан мыйзамга каршы жер тилкесин алган мындай киши (ред. К.Нарбаев) кантип коррупция менен күрөшмөк эле?» деп суроо салганы да бар Тербишалиевдин. Нарбаев «Ататүрк» сейил багында кызына тиешелүү жер тилкеси бар экенин моюнга алган.
Эльвира Караева
politika@super.kg