Бишкек шаардык сотунун отуруму Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтүн кыскартуу менен 3 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Ал Жамал Жусупованын башчылыгында 24-декабрь күнү жабык эшик артында өттү. Шаардык сот бул ишти прокурорлордун апелляциясынан кийин карап жаткан. Буга чейин Биринчи Май райондук соту К.Көлбаевди опузалоонун эки эпизоду боюнча айыптуу деп таап, 5 жыл 6 айга соттогон болчу. «Кылмыш тобун уюштуруу», «баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо», «бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү», «адам уурдоо» беренелери боюнча актаган.
Эскерте кетсек, Камчы Көлбаев 2012-жылдын 8-декабрында Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстанга учуп келери менен аэропорттон кармалган. Ошондой эле К.Көлбаев АКШнын бийлиги тарабынан дүйнөдөгү эң кооптуу наркобарондор тизмесине да киргизилген.
Эльвира Караева
politika@super.kg