Кайрат Нуртас деген ысымды кыргыз журтчулугу өтө жакшы тааныйт. Боордош элдин таланттуу жигити менен биздин шоу-бизнес өкүлдөрү Нурлан Насип, Ильяз Абдыразаков трио жаздырууну пландашкан. Бул идея Нурландын продюсери Канат Кадыржанга таандык. Жаңы жылдык иш-чаралардан колу бошобой жаткан ырчылар, буюрса, триону күйөрмандарына жаңырган жаңы жылда сунуштамакчы.