«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча быйыл «Заманыбыздын супер алып баруучусу» наамын Эрмек Нурбаев алган. Ал эле эмес, наам менен бирге ысык өлкөлөрдүн бирине жолдомо да буюрган. Сыйлык тапшыруу учурунда Эрмек Сочиде Эл аралык КВН союзунда «Тамашоу» курама командасы менен жүргөн эле. Бул жактагы достору наам менен жолдомону сүйүнчүлөп сүйүнчү алууну да унутушпаган экен. «Бул жаңылыкты досторум Бакыт Байсариев менен Улан Барпиев Сочиде жүргөнүмдө кабарлашкан. Аябай кубандым. Азыр «сүйүнчүнү мага бересиң» деп экөө тамаша-чынга салып талашып жүрүшөт»,- дейт Эрмек. Жыйынтыгында Эрмекти биз гана кубантпай, ал да бизге жагымдуу кабар ала келди. Себеби «Тамашоу» 1-лигага өттү. 1-лига жаңырган жылдын алгачкы айларында болмокчу.