Эсиңерде болсо, «оо, менин биринчи сүйүүм, оо, менин биринчи махабатым» деп Клара Алибекова менен Байыш Момунов жетелешип ырдап чыккан. Түгөйлөрдүн ортосуна кеткен жарака менен бул ыр дагы ырдалбай калбадыбы. Ырга жаңы өмүр тартуулашып, Клара Алибекова менен Данияр Эрматов кайрадан ырдап чыгышты. Албетте, чыгарманы аткарып чыгардан мурун обонун жазган Байыш Момуновдон уруксат алышканын Данияр Эрматовдун продюсери Канат Кадыржан кабарлады.