ЖАҢЫ ШАРТТАР: БААРЫ УТАТ!

Өкмөт коомчулук менен парламентке «Кумтөр» долбоорун кайра түзүү боюнча жаңы вариантын сунуштады.
КРнын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев маалымат жыйынында: «Биз 50гө 50 келишимин жакшыртууну чечтик. 2026-жылга чейин Кыргызстан пайыздарды сатып алуу жолу менен өзүнүн үлүшүн 67 пайызга жеткире алат. Көпчүлүк "2026-жылга чейин алтын калбай калат" деп тынчсызданууда. Бирок көп запастарыбыз бар деп ишендире алам. Ошондой эле эми биздин толук 50 пайызыбыз бар. Калган пайыздарды сатып албайбыз. «Центерранын» активдерин азайттык. Активдердин катарынан жүк ташуучу унаалар чыгарылды. Мындан сырткары мурда айтылган дивиденддердин эсебинен жаңы ишкананы түзүүгө жумшалсын деген кошумча
100 миллион доллар өлчөмүндөгү төлөм талап кылынбай турган болду»
,- деди.
Канадалыктар менен биргелешкен ишканадагы башкаруу түзүмү боюнча да макулдашууга жетишилди. Жантөрө Сатыбалдиев үч жыл аралыгында биргелешкен ишкананы башкаруунун бардык 4 баскычындагы менеджерлеринин 90 пайызын КРнын жарандары ээлей турганын маалымдап: «Бүгүн бул көрсөткүч 60 пайызды түзөт. Жогорку деңгээлде турган бир да адамыбыз жок. Биргелешкен ишкананы түзүү менен вице-президенттердин бири Кыргызстан тараптан болот. Үч жыл аралыгында дагы бир кыргызстандык вице-президенттик орунга барат»,- дейт.
Мындан сырткары ар жыл сайын Социалдык фондго төлөнүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү 25 миллион долларга көбөйүп жатканы айтылды. «Кумтөр» Кыргызстандын ичиндеги сатып алууларга буга чейин
50 миллион доллар жумшап келген болсо, жаңы долбоорго биргелешкен ишкана түзүлгөн соң бул сумманы дагы 10 миллион долларга көбөйтүү каралган. Өкмөт башчы: «Бул чек эмес. Алтындын баасы көтөрүлсө, 13 жылдын аралыгында бул сандык көрсөткүч 750 миллион долларга жетиши мүмкүн. Биргелешкен долбоорго ылайык, Соцпакеттин өлчөмү 2014-жылдан 2026-жылга чейин 100 миллион долларга чейин жетиши күтүлүүдө. Социалдык пакет деген бөлүмдө биргелешкен «Кумтөр» ишканасынын милдеттенмеси (бул эркин акча агымынын 2 пайызы) кийинки 12 жылда эң аз дегенде 26 миллион долларды түзөт»,- деп билдирди.
«Кыргызалтын» ААКсынын жетекчиси Дилгер Жапаров каржы-экономикалык модель алтындын 1 унциясы 1350 доллар болгон баанын негизинде иштелип чыкканын маалымдады. Анын айтымында, 13кө дагы 1 пайыз кошулса, ал 1,331 миллиард долларды түзөт. Түз чыгашаларды чегерүүнү эске алганда, жалпысынан өлкөгө 2,77 миллиард доллар түшмөкчү. Биргелешкен ишкананын жыйынтыгында Кыргызстан 2,856 миллиард доллар алат. «Кумтөр» долбоорун кайра түзүү иши оңунан чечилсе, «Центерра Голддун» акцияларынын баалары өсөт деп үмүт кылууда. Оптимисттик көз караш менен алсак, Кыргызстанга мындан 120 миллион долларга чейин пайда келет.
Ошондой эле жаңы биргелешкен ишкана 10 жылдык мөөнөт менен лизингге мобилдүү жабдууларды (техникалар) алат. Соңунда жабдуулардын баары базар баасынан төмөн баада Кыргызстандын менчигине өтөт. 2026-жылдан кийин «Центерра Голд» калдык сакталуучу жайдан алтынды бөлүп алууну кыргыз тарапка өз эрки менен өткөрүп берет. КРнын өкмөтүнүн маалыматына ылайык, калдык сактоочу жайда 73,8 тоннага чейинки алтын бар. Өкмөттүк серепчилер 2026-жылга чейин бул көлөм 125 тоннага жетиши мүмкүн дешүүдө. Алдын ала эң аз пайыздык көрсөткүчтөр боюнча эсептөөлөргө таянсак, аталган жайдан 75 тоннага чейин алтын бөлүп алууга болору көрсөтүлүүдө.
Жантөрө Сатыбалдиев журналисттерге маалымдагандай, келишимден бир тараптуу чыгып, «Кумтөрдү» улутташтырууну өкмөт мүчөлөрү колдогон жок. Ал: «Мына ушунун негизинде, биз парламентке келишимди жөнөттүк. Депутаттар келишимди карап чыгып, колдойт деген үмүттөмүн. Эгер алар артка кайтарса, анда биз сотто жеңилип калышыбыз мүмкүн. Бул турган иш. Эгер парламент биргелешкен ишкана түзүү боюнча сунушталган келишимдин вариантын кабыл албаса, анда улутташтыруу керек болот. Бирок бул эң жаман вариант",- деди.
Буга байланыштуу өкмөт башчы өз сөзүндө «Эгер Кыргызстан оюндун эрежесин улам өзгөртө берсе, өлкөгө бир дагы инвестор келбей калат. Эгер улутташтыруу боюнча дагы кимдир бирөө демилге көтөрсө, анда ал адам анын жыйынтыгына жооп бериши керек» деди. Учурда Кыргызстан улутташтырылган 12 объекттин иши боюнча соттошуп жатканын билдирген Сатыбалдиев: «Ак-Кеменин» иши боюнча утулуп, 13 миллион доллар төлөөгө мажбур болдук. Бул сумманы төлөө өкмөткө өтө оор. Биз бул төлөмдү төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Эгер чыгымдар миллиарддап саналса, анда биз үчүн көтөрө алгыс жүк болот»,- деп билдирди.
Эми аталган документ 26-декабрга белгиленген Жогорку Кеңештеги талкуулоону күтүүдө. Эгер экономикалык маанидеги бул маселе саясий багыттагы маселеге карабай жеңип чыкса, анда Кыргызстан үчүн эң оптималдуу вариант «Кумтөрдөн» түшкөн акчага тоо-кен өндүрүшү боюнча өзүнүн кадрларын даярдоо турат. Акча каражатынын бир бөлүгүн сырттан техникаларды жана технологияларды сатып алууга жумшоо зарыл. Көп убакыт бою эгемендүүлүктү сактоо керектиги айтылып келет. Бирок иш жүзүндө көрүнүктүү иш жасалган жок. Эгер Кыргызстандын негизги тармагы тоо-кен тармагы деп аныкталса, анда бардыгы ошондой болууга күч жумшашы керек. Чындыгында, «Кумтөрдөн» түшкөн кирешени туура бөлүштүрүү «бюджетти кемирүү» адатынан «бюджетти түзүү» адатына жетүүгө жардамын берет.

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mir1979
2013-12-30 13:28:14
Алтын жок болсо елди кандай багат еленер Силер соодагерсинер алтынды канадага сатып ал акчага пенсия берип жатасынар завод фабрика курайын деген ойунар барбы же алтын тугонсо курасынарбы?
0
isana
2014-01-06 00:46:59
Айланайын туугандар, жогору жакта олтурган чондорубуз, Алтын казып Кыргызстандын жаратылышын талкалабай, Кыргызстандын экономикасын башка жол менен которсо болбойбу?
0
isana
2014-01-06 00:56:34
Ата-Бабабыз нечен жылдан бери сактап келген, Бейиштей болгон Кыргызстанды, Алтын казабыз деп талкалап жатасынар туугандар! Канадалыктарга болсо баары бир, бугун бар-эртен жок...
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан