Бакыт издеп жүргөн коделекти алыстан достору:
– Коделе-ек,- деп чакырып калышат. Көрсө, улак менен козу артынан келе жатышкан экен. Бактын үстүндө алардын кебин угуп турган карга:
– Токойдун арасында карагайлар бар, ошол жактан бактыңарды табасыңар,- дейт.
Үчөө көпкө издеп, карга айткан карагайдын астынан эч нерсени таппай чарчап отуруп калышат. Бир маалда кичинекей кыздын ыйлаган үнү угулат. Аны көргөн коделек дароо:
– Сен бакытсыңбы?- деп сүйүнүп кетет.
– Жок, мен Мээриммин, мен ачка болдум, үшүдүм, үйгө баргым келип жатат,- деп ыйлап жиберет кыз.
Шашып кеткен улак чаканы ала коюп, чакага сүтүн толтуруп алып келет.
– Ичегой, даамдуу сүт,- дейт улак.
Үшүп калган Мээрим сүттү тамшана ичип алат.
– Эми сен жылып каласың,- деген козу дайым жанында алып жүргөн жүн жоолук менен кызды ороп коёт.
Ошентип Мээримди коделек үстүнө мингизип, достору менен үйүн издеп жөнөшөт.
– Карагылачы, тигине менин үйүм!- деп кубанган кыз коделектен секирип түшүп кол чаап жиберет.
Чынында эле карагайлардын жанында кооз үй турган эле. Сүйүнгөн Мээрим:
– Силер мага чоң жардам бердиңер. Рахмат силерге. Үйүмдү таптым, бул кандай гана бакыт?!- деп так секире досторуна ыраазычылыгын билдирет.
Ошентип, балдар, коделек достору менен бактысын табышкан экен.
(Аягы)
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg